Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:59

БУУ: Сирия жарандык согушка кирди


Хомс шаарында өкмөттүк күчтөр менен козголоңчул топтордун кагылышынан кийин чыккан кара түтүн. 13-июнь, 2012-жыл.
Хомс шаарында өкмөттүк күчтөр менен козголоңчул топтордун кагылышынан кийин чыккан кара түтүн. 13-июнь, 2012-жыл.

Сирияда бийликтеги режимге каршы козголоң башталган он беш айдан бери мындай баа алгачкы жолу берилүүдө.

Өлкөдө бийликтеги режимге каршы козголоң башталган он беш айдан бери мындай баа алгач ирет берилүүдө. Бул аралыкта Эл аралык Кызыл Чырым уюму уруштардын күчөөсү менен катар Сириянын бир катар аймактарында кырдаал курчуганын айтып чыкса, Кошмо Штаттар Орусияны Сирияга тик учак сатып жатканы үчүн айыптады.

БУУнун Башкатчысынын бейпилдик операциялар боюнча орун басары Херв Ладсустун айтымында, кыянатчылыктардын кескин көбөйүшү Сириядагы жаңжалдын табияты өзгөргөнүн ишара кылууда. Ал белгилегендей, азыр Сирия өкмөтү өлкө аймагынын чоң бөлүгүн, бир нече шаарды оппозицияга алдырып жиберди жана учурда аларга өз көзөмөлүн кайра орнотууну көздөөдө.

Ладсус - БУУнун Сирия жарандык согуштун очогунда калгандыгын эл аралык коомчулукка ачык жарыялаган алгачкы жогорку даражалуу өкүлү.

БУУнун Башкатчысы Пан Ги Мун өткөн аптада Сирия жарандык согуштан кача албай турганын айткан эле.

Шаршембиде Сирия тышкы иштер министрлиги өлкө жарандык согуш абалында деген ырастоолорду четке какты. Расмий Дамасктын пикиринде, өлкө террорчулуктун тамырын кыркууга багытталган куралдуу жаңжалга кептелди.

Байкоочулар кире албаган ал-Хаффа

Ушул шейшемби күнү Улуттар уюмунун байкоочулар тобу ал-Хаффа деген шаарчага кире албай, артка кайтууга аргасыз болгон.

БУУнун басма сөз өкүлү Сьюзен Гоше шаршембиде Дамасктан кабарчыларга буларды билдири:

- БУУнун байкоочулары ал-Хаффага жетүүгө аракеттеништи. Бирок кыжырланган, биздин унааларыбыздын жолун тороп, курчаган адамдардын тобуна туш келишти. Мунун артынан алар биздин унааларыбызга таш жана темир-тезек ыргытышты. БУУнун байкоочулары аталган аймактан артка кайтып, Идлиб шаарын көздөй бара жаткан кезде аткылоого туш болушту. Окту кимдер чыгарганы белгисиз.

БУУнун байкоочулары кире албай койгон ал-Хаффа президент Башар Асаддын кичи мекени – Кардаха шаарына жакын жайгашкан.

Козголоңчулардын ал жердеги турумдары акыркы бир аптадан бери өкмөттүк күчтөрдүн аткылоосунда болчу. Оппозиция активисттери бул аймакта БУУнун байкоочуларына жасалган кол салууну режимге тарткан күчтөрдөн көрүштү.

Байкоочулар ал-Хаффадагы кыянатчылыктарды иликтөөгө 7-июндан бери аракеттенип жаткан.

Орусиянын тик учактары

Бул аралыкта уруштардын күчөөсү менен Сириянын бир катар аймактарында кырдаал курчуп кеткенин Эл аралык Кызыл Чырым уюму да айтып чыкты.

Ал эми Вашингтондон АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Орусияны ал Сирия режимине согуштук тик учактарды сатуу менен “жаңжалды курчутуп жатат” деп айыптады:

- Сирияга курал жөнөтүүнү токтотуу маселеси боюнча биз орустар менен каршылашканбыз. Алар мезгил-мезгил менен биз тынчызданбообуз керектигин, алар жөнөтүп жаткандардын өлкөдөгү ички аракеттерге эч тиешеси жоктугун айтып келишкен. Бул чындыкка дал келбегендиги анык.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Виктория Нуланд Клинтондун маалыматынын булагын ачыктоодон баш тартты. Бирок Мамлекеттик катчы Сириянын учурдагы авиациясы эмес, жаңы тик учактар жөнүндө айтканын кошумчалады.

Орусия Вашингтондон айтылган дооматка өз реакциясын азырынча билдире элек. Бирок президент Владимир Путин ушул айдын башында Германияга барган кезинде Москва Сирияга жарандык конфликттерде колдонгудай курал жөнөтпөгөрүн белгилеген.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун маалыматына караганда, шейшембиде өлкө аймагынан 72 кишинин өмүрү кыйылды. Алардын көпчүлүгү жөн-жай тургундар.

Аталган уюмдун эсебинде, Дамаск козголоңчуларды күч менен баса баштаган 15 айдын ичинде 14100 кишинин өмүрү кыйылды. Бирок бул маалыматты башка көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн эмес.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG