Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:15

Тажикстан: 35 жаштан кичүүлөр ажыга барбайт


Мекеге барган тажик зыяратчылары. 2014-жыл.
Мекеге барган тажик зыяратчылары. 2014-жыл.

Тажикстандан ажыга барчулардын курагы 35 жаштан жогору болууга тийиш. Бул чечим мусулмандар үчүн ыйык жерлерге барууну узактан бери көксөп жүргөн башка курактагы адамдарды урматоо үчүн кабыл алынганын Дин иштери боюнча комитет кабарлады.

Быйыл дасмиялуу мусулмандар үчүн Сауд Арабиядагы ажы сезону сентябрда башталат. Бул ирет жашы 35тен төмөн курактагы тажикстандык динзарлар дасмиясы болсо дагы Мекеге бара алышпайт. Мындай чечим жөнүндө Тажикстандын Дин иштери, элдик салттар, үрп-адаттарды тескөө боюнча комитети 13-апрелде жалпы журтка шардана кылды. Мамлекеттик комитеттин ажылык иштер бөлүмүнүн башчысы Абдужабор Ализаденин “Азаттык” радиосуна билдиришинче, жаш боюнча чектөө улуу курактагы адамдардын ажылык парзын аткаруусуна мүмкүндүк түзүү максатында киргизилген:

- Ажыга барууну каалаган жашы улуу адамдар абдан көп болгондуктан биз ушундай чечим кабыл алдык. Жетимиш-сексен жаштагы адамдарга ажыга баруу үчүн жакында кезек тийбеши ыктымал. Атүгүл аларга кезек жетпей калат деген коркунуч бар.

Ажыга барууну каалагандарды жаш курагы боюнча чектөө келерки жылдары алынып салабы же жокпу, азырынча белгисиз.

Тажик мектептеринде жоолук салынып отурууга тыюу салынган.
Тажик мектептеринде жоолук салынып отурууга тыюу салынган.

Расмий Дүйшөмбүнүн кабарлаганына караганда, Меке шаарындагы Кааба ташы турган Харам мечитинин тегерегинде жүрүп жаткан курулуш иштерине байланыштуу Саудия падышалыгы 2015-жылы ажыга келчүлөрдүн санын 20% кыскарткан.

Борбор азиялык кээ бир серепчилер жаш муундагы тажикстандыктардын Сауд Арабияга зыяратка баруусуна тыюу салуу алардын радикалчыл идеяларга азгырылуусуна жана “Ислам мамлекети” өңдүү экстремисттик топторго кошулуу аракетине бөгөт коюу максатында жасалды деп жоромолдошот.

Бирок Дин иштери, элдик салттар жана үрп-адаттарды тескөө боюнча комитетинин жооптуу кызматкери Абдужабор Ализаденин түшүндүрүшүнчө, зыяратчыларды жашына жараша чектөөнүн өкмөттүн жаштар арасындагы диний фанатизмге каршы күрөштү күчөтүү жөнүндө чечимине эч кандай тиешеси жок.

19-мартта президент Эмомали Рахмон өлкө интеллигенциясына кайрылып, Тажикстанды өнүктүрүүнүн секуляризмге негизделген улуттук концепциясын иштеп чыгууга чакырган.

Зубайдула Розик
Зубайдула Розик

Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын алдындагы уламалар кеңешинин өкүлү Зубайдулло Розик ажыга барчу динзарларды жашы боюнча ылгоону жарандардын эркиндигине каршы жасалган кадам деп сыпаттады.

Ал эми Согди облусунун “Нури Ислом” мечитинин башкы имамы Ибадулло Калонзаде өкмөттүн берегидей чечимин жактады.

- Ажыга барууну ниет кылып, эчендеген жылдар кезек күтүп жүргөн улгайган адамдар бар. Балким узун кезекке байланыштуу алардын тилеги орундалбай калат. Ошон үчүн улгайган адамдар ажыга биринчи кезекте барышканын эл, анын ичинде жаштар түшүнөт.

Хожент шаарындагы Ибадулло Калонзаде башындагы “Нури Ислом” мечити Согди облусунун башкы мечити деп таанылган.

Анын айтышынча, Саудияга ажыга барчуларды жашына ылайык чектөө Түркия жана Иранда да колдонулат. Бирок Калонзаде улгайган курактагы ата-энелерин ажыга коштоп барчу жаштарга уруксат берилиши керек дейт.

Буга чейин тажик өкмөтү мектеп курагындагы кыздардын сабакта жоолукчан отурганына, жаш балдардын мечитке баруусуна тыюу салган. Көптөгөн жаштар Ирактагы жана Сириядагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулуп кеткенине байланыштуу Сауд Арабия, Египет, Пакистан жана башка өлкөлөрдүн диний окуу жайларында окуган миңдеген тажикстандык студенттер мекенине чакыртылган. Расмий маалыматтар боюнча, Ирак жана Сириядагы жихадчылардын катарында 300дөн ашык тажик жараны согушуп жүрөт.

XS
SM
MD
LG