Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Кайсы өлкөнүн депутаты көп маяна алат?


Европарламент депутаттары
Европарламент депутаттары

Дүйнөдө кайсы өлкөнүн депутаттары эң көп маяна алат? Элдин атынан шайлангандарды багууга шайлоочулардын чөнтөгүнөн канча акча коройт?

Батыш өлкөлөрүнүн ичинен айлыгы эң жогору Италиянын депутаттары экен. Британияда болсо май айында шайланган парламент мүчөлөрүнүн айлыгы көбөйгөнү турат. Алсак, 7 миң фунт стерлинг кошулмакчы. Бирок аларды Британиядагы эң бай катмарга киргизүү мүмкүн эмес деп жазат The Telegraph басылмасы.

Британ парламентинин мүчөсү Микки Морган маянасы көтөрүлүп жатканы менен, кайрымдуулукка тыйын ашыра албастыгын айтып чыкты.

Британ депутаттарынын бир жылдык эмгек акысы 74 миң фунт стерлингге жетип, 10 пайызга көбөйсө да оппозициячыл партиянын өкүлдөрү ага нааразы. Бул өлкөнүн эли депутаттарын багыш үчүн мамлекет казынасына жылына 1 фунт-стерлингден (болжол менен 80 сом) салык төлөйт. Бул салыкты эми өкмөт айына 20 пенниге көтөрүүнү караштырууда.

Бирок Европа өлкөлөрүнүн ичинен чындыгында британ депутаттары кедейирээк десе болот. Биримдиктеги өлкөлөр ичинен эң жогорку маянаны Италиянын конгрессмендери алат - орто эсеп менен жылына 184 миң доллар. Экинчи орунда Австралиянын эл өкүлдөрү турат, алардын айлыгы 180 миң долларды түзөт. Ал эми АКШнын конгрессчилери бир жылдык кирешеси 175 миң доллар. Европада эң эле аз айлык алган депутаттар Испанияныкы. Алардын бир жылдык айлыгы 44 миң долларга араң жетет.

Депутат Айнуру Алтыбаева
Депутат Айнуру Алтыбаева

Кыргызстанда депутаттардын минималдуу бир айда алган айлыгы 25 миң сом. Бирок мурда мамлекеттик кызматтарда иштеген эмгек жылдарына, наамдарына карай айрымдары мындан алда канча көп сумма алат. Деген менен бул алардын бир айлык тиричилигине жетпеси белгилүү.

Маселен, аймактарды кыдырганда, же кошумча кайрымдуулук иштерин кылууда кысталып калган учурлары болот. Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева:

- Азыр Жогорку Кеңештин депутаты канча айлык аларын коомчулук жакшы билет. Бул мурда сыр болчу, азыр эч кимге деле сыр болбой калды. Биз өз чечимибиз менен аны коомчулукка ачыкка чыгарганбыз. Туруктуу айлык - 25 миң сом. Бирок буга мамлекеттик кызматтарда мурда иштеген жылдары кошулат. Мисалы, менин айлыгым, албетте, жетпейт. Жолдошум да иштейт. Кээде кайрымдуулук иштерин кылалы десек, же кабинетке жардам сурап келгендер болсо, кысылып калган учурлар болот.

Европа биримдигинин өзүнүн парламентарийлеринин жылдык маянасы 96 миң 240 евро. Эми Британиянын депутаттары алардын бул айлыгына көз артып, эмнеге Шотландия, Англия жана Уэлсте депутаттын иш акысы төмөн болушу керек деген суроону коюшууда. Бирок аналитиктер бул маселеде Европадагы шайлоочулардын саны менен Британияны салыштырышууда. Маселен, Британияда 45 миллион шайлоочу болсо, Европа биримдигиндеги шайлоочулардын саны 300 миллион. Шайлоочулардын санына жана элдин экономикалык абалына карай да депутаттардын айлыгы көбөйүп, азайып турат дешет аналитиктер.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG