Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Малика сурак бүткүчө Түркияда болот


Малика Ноотиева
Малика Ноотиева

Эки айдан бери Анталиянын "Акдеңиз" ооруканасында жаткан мекендешибиз Малика Ноотиева догдурдан чыкты.

Анын дарыланууга кеткен 58 күндүк чыгымын оорукана кечти. Мындай чечим Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды.

Малика өзүнүн сабалганына байланыштуу кылмыш иши тергелип бүткүчө Түркияда кала берет, бирок, анын дарыланууга кетчү чыгымдарына каражат табыла элек.

Катуу токмоктолуп, ооруканага түшкөн кыргызстандык Малика догдурдан чыкканын “Азаттыкка” атасы Раимбек Ноотиев билдирди:

- Он беш күндө бир келип каратып турасыңар дешти. Бир колу менен бир буту жакшы иштебей жатат. Ал укалоо (массаж) менен жакшы болот деп айтышты. Башынын операциясы да бүткөн, жипти алышкан. Кызымдын жалпы абалы дурус.

Малика Ноотиева
Малика Ноотиева

Маликанын үй-бүлөсүн анталиялык Хамди Кутлуай өз үйүнө кабыл алды. Буга чейин атасы Раимбек ушул үйдө туруп жаткан. Эми Маликаны да алып барышты:

- Маликаны ооруканадан чыгардык. Буга чейин атасы Раим менин үйүмдө жашаган. Кыргызстанга кеткенге чейин меникинде болгула дедим. Макул болушту. Анткени өзүм деле жалгыз жашачумун, үйүм да ооруканага жакын. Барып келип турганына жеңил болсун дедик.

Эми Маликанын саламаттыгын каржылоо маселеси чыкты. Ыктыярчылардын бири Халит Мерит мындай деди:

- Мындан кийинки төлөмдөрдүн баарын өздөрү төлөйт. Бүгүн мисалы бир ийне сайдырышты 160 лира, 43 доллар болот экен. 15 күндө мындай ийнеден онду сайдырат. Кымбат. Бирок биз Анталиядан тааныш дарыканалар, догдурлар менен сүйлөшүп, арзанын тапканга аракет кылабыз.

Маликанын ооруканада дарылануусу бекер болду. Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун аракети менен Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги Ноотиевдерди оорукананын 58 күндүк чыгымын төлөөдөн бошоткон.

Москвадан Анталияга жетелеген азап

Москвадан Анталияга жетелеген азап

Түркиядагы ооруканага оор абалда түшкөн бейтааныш кыргыз кыздын жакындары табылды.

Малика болсо сабалганына байланышкан кылмыш иши аягына чыкмайынча Кыргызстанга кете албайт. Прокуратура болсо бейтаптын сакайып, көрсөтмө бергидей акыбалга келишин күтүп жатканын кыздын атасы Раимбек Ноотиев айтып берди:

- Сүйлөйт, бирок анча жакшы эмес. Кээде жакшы сүйлөп калат, кээде сүйлөп келе жатып туура эмес айтып алдымбы деп чочуп кетет. Адвокатыбыздын айтымында, Малика суралышы керек экен. Прокурор Кыргызстанга азыр кете албайсыңар дептир.

23 жаштагы Малика 21-декабрда сабалып, эс-учун жоготкон абалда Анталиянын “Акдеңиз” ооруканасына түшкөн. Буга чейин башына үч жолу оор операция жасалып, баш сөөгүнө пластик коюлган. Ал эми аны сабады деген шек менен эки түрк жараны кармалган. Ишти Анталиянын прокуратурасы тергеп жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG