Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:08

Москвадан Анталияга жетелеген азап


Түркиядагы ооруканага оор абалда түшкөн бейтааныш кыргыз кыздын жакындары табылды.

Анталиянын тоолуу аймагынан катуу токмоктолуп, эс-учун жоготуп табылган кыргызга түспөлдөш кыздын жакындары эки күндөн бери социалдык тармактар аркылуу изделип жаткан. Мунун натыйжасында жабыркаган кыз кыргызстандык экени такталды.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун өкүлү Руслан Молдакуновдун айтканына караганда, кыздын абалы оор:

- Моюну сынган, башынан операция болгон. Азыр комада жатат.

Ооруканадагы бул кыздын сүрөтү социалдык тармактарга 28-декабрда чыккан. Бирок жанында документ болбогондуктан дарыгерлер бейтаптын ким экенин аныктай алышкан эмес.

Анталиядагы мекендешибиз Гүлмира Исабекова бул окуя тууралуу мындай деди:

- Биз ооруканадагы кыздын сүрөтүн кокустан эле Фейсбуктан көрүп калдык. Түрк жараны сүрөтүн коюп "тааныгандар барбы?" деп издеп жаткан экен. 21-декабрда белгисиз адамдар полицияга бир кыздын жол жээгинде жатканын билдиришкен. Ушундан соң эс-учун жоготкон кыз ооруканага жеткирилген.

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Түркия: мигрант кыз-келиндер көргөн кордук

Акыркы жылдары Түркияга агылган кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгүн кыз-келиндер түзөт.

Анталиядагы дагы бир мекендешибиз Асия социалдык тармактан кыздын туугандарын, тааныштарын издеген. Ар түрдүү божомолдордун жыйынтыгында бейтапканадагы кыз кыргызстандык, 22 жаштагы Алтынай экени аныкталган. (Аты өзгөртүлдү - ред.)

- Интернеттен көргөндөн кийин Анталиядагы эжелер болуп бул кызды издей баштадык. Алгач Одноклассники социалдык тармагынан эжесин таптым. Ал сүрөтүнөн таанып мага чалды. "Чынында эле силердин кызыңарбы?" деп аябай сураштырдым. Анткени көп эле кишилер жаман комментарийлерди жазып жатышты.

Асия Алтынайдын ата-энесин жана туугандарын табууга жардам берди:

- Атасына "силердин кызыңарбы?" деп чалдым. Ал кызы экенин айтып кейиди. Анткени ал үйүндөгүлөргө Москвадамын деп айтыптыр, бирок Орусиядагы эжеси "Алтынайдын Түркияга кеткенин билчүмүн, бирок кайсыл шаарда, эмне кылып жүргөнүн билчү эмесмин" деп ыйлады.

Атасына "силердин кызыңарбы?" деп чалдым. Ал кызы экенин айтып кейиди.

Биз Алтынайдын Кыргызстандагы ата-энесине жана Орусиядагы эжесине байланышууга аракет кылдык, бирок жыйынтык чыкпады. Эс-учу жок жаткан Алтынайды Анталиядагы тоолуу аймактан табышкан. Аны ур-токмокко алып, машинадан ыргытып жиберишкен деген божомол бар.

Мекендешибиз Гүлмира Исабекова бул окуяны изилдөөдө түрк полициясына котормочулук кылып жардам берип жатат. Ал Алтынайдын жанында бир жигит болгонун божомолдоп жатышканын айтты:

- Орусиядагы эжеси бизге Алтынайдын Түркиядан бир тааныш жигит менен түшкөн сүрөтүн жиберди. Ал жигиттин ким экенин такташ үчүн полициялар издөө салды.

Айрым маалыматтарга караганда, учурда ата-энеси Түркияга учуп кетүүгө даярданууда.

Түркиянын Анталия аймагында кыргыз мигранттар негизинен мейманканаларда, дүкөндөрдө иштешет.

2016-жылдын маалыматына ылайык, Түркиянын аэропортторунан 82 миңдей кыргызстандык кирген. Алардын басымдуу бөлүгүн иштегени барган мигранттар түзөт. Негизинен кыргызстандык кыз-келиндер тейлөө кызматтарында жана туристтик гид катары да эмгектенишет.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG