Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:11

Түрк шайлоосу Эрдоганды сестентти


Режеп Тайип Эрдоган
Режеп Тайип Эрдоган

Түркиядагы парламенттик шайлоодо бийликтеги “Адилеттик жана өнүгүү” партиясы (АК) добуштардын басымдүү көпчүлүгүн алууга жетише алган жок. Ошентип эми саясий партиялар кайрадан коалиция түзүш керек.

Түркиялык бир катар аналитиктер менен талдоочулар Күрттөрдүн жумушчу партиясынын саясий канаты деп саналган Элдик демократиялык партиясынын (HDP) лидери Селахиддин Демирташты парламенттик шайлоонун жылдызы деп аташууда.

Түркия өзгөрүүлөрдү каалайт

12 жылдан бери Режеп Тайип Эрдоган улам бир шайлоодо жеңип келди. Байкоочулар муну биринчи кезекте экономика жана соодадагы жетишкендиктер менен түшүндүрүшүүдө. Барган сайын анын өзүнө бекем ишенүү, муну менен бирге авторитардык маанайы өсүп, партия басымдуу көпчүлүктү алып, коалиция түзүү же башка саясий күчтөр менен соодалашуу баш оорусунан алыс болуп келди.

Жада калса күрттөр байырлаган чөлкөмдөрдө АК партиясы күрт партиясынан көбүрөөк добуш алып жүрдү.

​Эми болсо Эрдоган бул шайлоодо алдына койгон эки максатка тең жете албай калды. Биринчиден, президент 550 орундуу парламентте 400 мандатка ээ болуп, конституциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү менен өлкөнү парламенттик башкаруу системасынан президенттик системага өткөрүүнү көздөгөн. Муну менен мамлекет башчынын жеке бийлиги да күчөтүлмөк. Бирок партия 258 добуш гана утуп, натыйжада басымдуу көпчүлүктөн да кол жууп калды. Эми Түркия коалициялык өкмөт дооруна кайтмакчы.

Негизги оппозицияны түзгөн Республикалык элдик партия (CHP) бир топ ийгиликке жетише алганы менен, мыкты алга жылуу болду деп айтуудан алыс.

Ал эми Улутчул кыймыл партиясы (MHP) жана күрттөрдүн Элдик демократиялык партиясына ар бирине 80 орундан тийди.

Түркиядагы шайлоодон бир көрүнүш
Түркиядагы шайлоодон бир көрүнүш

Ошентип АК партиясы парламентте эң күчтүү саясий топ бойдон калып, коалиция сүйлөшүүлөрүн баштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгону менен, бир партиянын үстөмдүгүнө чекит коюлду. Ал коалиция кандай болору, ким кимди тартып кетери азырынча белгисиз. Улутчул кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели коалиция идеясын четке кагарын кыйытты.

Эми Эрдоган мазактап, өткөн жумада “жакшы жигит” деп атаган Селахиддин Демирташ өкмөткө киреби? - деген суроо жаралууда.

Элдик демократиялык партия Демирташтын жетекчилигинде бир топ ийгиликке жетишти. Балким муну Күрттөрдүн жумушчу партиясы (РКК) менен Элдик демократиялык партиясынын Түркиядагы этникалык күрттөр менен гана чектелбей, башка элдерди өздөрүнө тартуу аракети менен чечмелесе болот. Өзгөчө үгүт кампаниясынын жүрүшүндө партия өзүн, Демирташ айткандай, “күрттөрдүн, түрктөрдүн, сунниттер менен алавилердин таламын талашкан” “Түркия партиясы” деп атап жүрдү.

Ал арада Абдулла Ожалан жетектеген Күрттөрдүн жумушчу партиясы ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашып, Анкара өкмөтү менен тынчтык жана жарашуу боюнча тикелей эмес сүйлөшүүлөрдү баштаган.

Диалог Батыш азыркыга чейин террорчул деп атаган күрттөрдүн партиясы менен түрк армиясынын 35 жылдан бери уланып келаткан куралдуу тирешүүсүнүн аякташына алып келиши ыктымал.

Сүйлөшүүлөр ошондой эле улуттар аралык жек көрүүгө жана күрттөрдүн партиясы, Түндүк Ирактагы, ирандык жана сириялык күрттөр менен бирге Түркиядан көз карандысыздык жарыялап, өлкө бөлүнүп-жарылышы мүмкүн деген коркунучту жоймокчу.

Шайлоонун сабактары

Күрттөрдүн кызыкчылыктарын коргогон Элдик демократиялык партиясы бир улутка багытталган саясатын артта калтырып, улутуна же динине карабай Түркиянын бардык жарандарынын партиясы болууга умтуларын көргөзүп келди. Алсак, өткөн жумада Демирташтын айдоочусу өлкөнүн түштүк-чыгышында тынч демонстрация учурунда атып өлтүрүлгөндө, ал кызуу кандуулукка алдырбоого, кылмышты жакшылап иликтөөгө чакырган. Саясатчы ал киши өлтүрүүнү өкмөттү же түрктөрдү айыптоо үчүн платформа катары пайдалануу азгырыгына моюн сунган жок.

Селахиддин Демирташ
Селахиддин Демирташ

Эрдогандын авторитаризми, “Путин стилиндеги” жүрүм-туруму жана башкаруу ыкмасы, экономикалык маселелерди көңүл сыртында калтырышы, түрктөрдүн улутчул жана сунниттердин диний риторикасынын өсүшү бир топ күрттөр менен түрктөрдү иренжитти.

Түркиянын күрттөр байырлаган түштүк-чыгыш чөлкөмдөрүндө Элдик демократиялык партиясына ыктагандар көбөйдү. Түрктөрдүн бир тобу күрттөрдүн максаттарын бөлүшпөсө да, Эрдогандын чексиз бийлик орнотушун алдын алууну каалап, Элдик демократиялык партияга добуш беришти.

Өлкө бул жол менен кете берсе, ар кыл улуттардын жана диндердин диалогуна багытталган саясат бекемдемекчи. Өзгөчө бир нече жылдан бери Түркияда мындай көрүнүш байкалбай калган.

Түркиянын ашынган улутчулдары саясий тирешүү, зордук-зомбулуктан эбак эле баш тартышкан. Күрттөрдүн демократиялык партиясы да бул багытты тандады. Эми бардыгы алардын бейпилдик, диалог, демократиялык шайлоону канчалык карманышарына көз каранды болмокчу.

Балким ошондо Түркия өзү өнүгүп-өсүп, региондогу башка өлкөлөргө үлгү болуп бере алат.

Ал эми Анкарада жашаган саясат таануучу Абдрасул Исаков кабарчыбыз Гүлайым Ашакеевага курган маегинде бул парламенттик шайлоо Түркиянын саясатын кандай өзгөрүүлөргө жетелеши мүмкүн экендигине токтолду.

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:16 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG