Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Крым Украинадан ажыроодо


Днепропетровск. 8-март, 2014-жыл.
Днепропетровск. 8-март, 2014-жыл.

Украинада бийликтер өлкөнүн коргонуу жөндөмүн чыңдоону максат кылган чараларды жактырышса, Крым автоном республикасынын парламенти кечээ көз карандысыздык декларациясын кабыл алып жиберди.

Украин парламентинин шейшемби күнкү отурумунда белгилүү болгондой, Киевдеги бийлик өлкөдө Улуттук гвардия түзүүнү сунуш кылды.

Президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчинов парламенттеги сөзүндө украин аскерлери орус тараптын Абхазияда сыналган чагымдарына алдырган жок деп ырастап, Улуттук гвардия уюштуруунун зарылчылыгын өлкө жарандарын “ички жана тышкы агрессиядан коргоо” деп түшүндүрдү.

Турчиновдун айтымында, Улуттук гвардия өлкөнүн ички аскерлеринин базасында түзүлөт. Президенттин милдетин аткаруучу белгилегендей, өлкөдө жөө аскерлердин номиналдык саны 41 миң деп эсептелгени менен алардын ичинен 6 миңинин гана күжүрмөн даярдыгы бар.

Александр Турчинов
Александр Турчинов
Украин бийлиги учурда армияны резервисттерди жана ыктыярчыларды мобилизациялоо аркылуу да чыңдоону көздөөдө. Коргоо министри Игорь Тенюх парламенттеги сөзүндө куралдуу күчтөрдүн абалын коңшу Орусияныкына салыштыруу менен мындайча баалады:

- Орусия Федерациясынын Украинанын чыгыш чек араларында машыгуу өткөрүп жаткан жана жайгаштырылган аскерлеринин саны 220 миңге жетет. 1800 танкы, 400дөн ашуун тик учагы, 150дөй учагы, 60тай аскерий кемеси бар. Бул цифралар Украинаныкынан бир нече эсе көптүк кылат. Украин аскерлери эки гана нерсеге, тактикага жана аскерий кайратка ээ.

Расмий Киевдин өлкөнүн коргонуу жөндөмүн чыңдоо чаралары Крым автоном республикасынын бийликтери Орусия курамына кошулууга багытталган кадамдарды биринин артынан экинчисин жасап жаткан учурга туш келүүдө.

Кечээ алар көз карандысыздык декларациясын кабыл алып жиберишти. Автономия парламентинин төрагасы Владимир Константинов чечимдин маңызын минтип чечмеледи:

- Бул процедуралык иш. Биз республика макамыбыз бар экенин билдирип жатабыз. Андан кийин мына ушул макамда Орусия федерациясына субъект катары кошулабыз.

Крымдагы баскынчылыкка каршылардын акциясы
Крымдагы баскынчылыкка каршылардын акциясы
Орус тышкы иштер министрлиги Крым парламентинин чечимин дароо эле легитимдүү деп атап, Көз карандысыздык декларациясында бул кадамдын эл аралык укуктук негиздемеси көргөзүлгөнүн баса белгиледи жана окуяны Косово Сербиядан күнкорсуздугун бир тараптуу жарыялаган учур менен салыштырды.

Украин премьери Арсений Яценюк бүгүн Вашингтондо АКШ президенти Барак Обама менен сүйлөшүү өткөргөнү жатат. Яценюк Крым боюнча кечээ парламентте сүйлөгөн учурунда:

- Крым боюнча бүткүл украиналык диалог баштообуз абзел. Өкмөт буга даяр. Бирок бул диалог Орусиянын замбиректери менен танктары астында мүмкүн эмес. Жума күнү биз Венеция комиссиясынын ( Европа кеңешинин Конституция маселелери боюнча консультативдик органы) токтомун күтүп жатабыз. Анда Крымда референдум өткөрүү, Орусия Мамлекеттик Думасынын украин аймагын иш жүзүндө аннексиялоочу мыйзамынын кабыл алынышы эл аралык укукту бузуу экени ырасталат.

Украин кризисин АКШ Мамлекеттик катчысы менен Орусия тышкы иштер министри шейшемби күнү да талкуулашты, бирок алардын телефон сүйлөшүүсү жыйынтык берген эмес.

Бул аралыкта Еврошаркет өлкөлөрү Орусияга каршы санкция киргизүү маселеси күн тартибине Крым референдумунан кийин конкреттүү түрдө чыгарын айтууда. Кечээ бул тууралуу Франция, Польша жана Германия тышкы иштер министрлери эскертишти. Немец дипломатиясынын башчысы Франк Вальтер Штайнмайер:

- Еврошаркетке мүчө 28 өлкөнүн баары башынан эле Крымдын Украинадан ажыратылышы эл аралык мыйзамдарга ылайык кабыл алынгыстыгын айткан. Эгер Крымды ажыратуу жараяны уланса, ушул дем алыш күндөрдөгү референдумдун жыйынтыгы бул үчүн колдонулса, Европага, албетте, реакция кылууга туура келет.

16-мартка мерчемделген референдумду утурлай орус президенти Путин Крым татарларынын ардагер лидери Мустафа Жемилевди Москвага жолугууга жеке өзү чакырган. Татар межлиси Крымдын орусиячыл өкмөтүн тааныбай, алардын референдум планына каршы чыккан эле.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG