Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Киев: Яценюк сепаратизмге жол жоктугун айтты


Украинанын жаңы премьер-министри Арсений Яценюк, 27-февраль, 2014
Украинанын жаңы премьер-министри Арсений Яценюк, 27-февраль, 2014

Украинада бүгүн утурумдук өкмөттүн курамын парламент жактырды. Ал өкмөттү башкарууга соңку айларда антиөкмөтчүл демонстрациялардын башында тургандардын бири Арсений Яценюк келди.

Калкынын көпчүлүк бөлүгүн орустар түзгөн Крым автономиясында кырдаал курчуп, кечээ жергиликтүү парламент автономиянын укугун кеңейтүү боюнча референдум өткөрөрүн жарыялады.

Ошентип, Арсений Яценюкту 27-февралда Жогорку Рада көпчүлүк добуш менен өлкөнүн жаңы премьер-министри деп дайындады. Ал арада, Эл аралык валюта кору Украинанын жаңы бийликтеринин миллиарддаган доллар колдоо сурап кайрылганын эске алып, эми Киевге өзүнүн өкүлдөрүн жиберип жатканын кабарлады.

Яценюк бейшембиде парламентте сүйлөгөн сөзүндө азыр жумурияттын экономикалык абалы оор экенин айтып, абалды оңдош үчүн ал “элге жакпаган” чараларга барууга аргасыз болорун эскертти.

Жаңы премьер алдыда Украина Евробиримдик менен Ассоциация боюнча келишимге кол коерун, ошол эле маалда Орусия менен да өнөктөштүк мамилесин жоготкусу келбей турганын белгиледи.

Бул өлкөдө бийликтен кулатылган президент Виктор Януковичтин режимине каршы толкундоолор анын өкмөтү дал ошол ассоциативдик келишимден баш тарткандан кийин башталган.

Яценюк өзү жетектегени жаткан өкмөт украин мамлекетинин аймактык бүтүндүгүнүн сакталышы үчүн иштей турганын айтты.

"Биз өз мекенибиздин аймактык бүтүндүгү менен биримдигине берилгенбиз. Жаңы өкмөт Крымдагы кырдаалды стабилдештирүү үчүн колдон келген мыйзамдуу чаралардын баарын көрөт жана биз бүтүн дүйнөгө жана коңшуларыбызга Украина көзкарандысыз бирдиктүү өлкө экенин, бизде сепаратизмге жол жок экенин далилдейбиз", - деди жаңы өкмөт башчы Яценюк.

Бейшембиде таң эртелеп Украинанын курамындагы Крым автономдуу республикасынын парламенти менен өкмөт үйүн белгисиз куралчандар басып, парламенттин имаратына орус байрагын желбиретип коюшкан.

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен шаршембиде Орусиянын Украина менен чектеш жеринде башталган аскерий машыгуулар украин жергесиндеги окуяларга байланышы бар деп кыжаалат болууга эч негиз жок деди. Бирок Орусия эмне үчүн машыгууну дал ушул учурга белгилегени аны да кызыктырганын жашырган жок.

"Бизде Орусия куралдуу чабуул коет экен жатыптыр дегенди айгинелей турган бир да маалыматыбыз жок. Менин бүгүнкү билдирүүмдө мен өтө бейтарап болуп, бардык тараптарды абалды курчутпоого үндөдүм. Мунун ордуна биз азыр чыңалган жагдайды баса турган кадамдарга муктажбыз", - деди Расмуссен.

АКШнын коргоо министри Чак Хейгел азыр Вашингтон орус армиясынын машыгууларына астейдил көз салып турганын билдирип, азыркыдай “өтө кылдаттыкты талап кылган учурда” көп эле муштумун көрсөтө бербөөгө үндөдү.

Ушул эле күнү бийликтен кулатылган президент Виктор Янукович Орусиядан өзүнүн коопсуздугун коргоону өтүнгөнү маалым болду. Элге кайрылуусунда өзүн дале Украинанын легитимдүү президенти деп атаган Янукович Орусияда экени, жакынкы учурларда маалымат жыйынын өткөрөөрү айтылды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG