Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Украина ЕККУнун ролун сынга алды


Март айынан бери Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Украинада атайын байкоочу миссиясын кармап келатат. Июлда чек аранын Орусия тарабында экинчи миссия жайгаштырылган. Бирок Украина уюмдун ролун сындоодо.

Орусия тарапка ооп жатат деген айыптоолорго жооп кайтарган ЕККУ Украинаны көбүрөөк колдоо көрсөтүүгө, байкоочуларга эки өлкөнүн чек арасына барууга жакшыраак көмөктөшүүгө чакырууда.

Уюмдун расмий өкүлү Икка Канерва 13-ноябрда билдиргенине караганда, Орусия менен чек ара аймагында миссиясы башталгандан бери мүмкүнчүлүктөрү чектелип калды. Байкоочуларга эки текшерүү пунктуна көзөмөл кылууга гана уруксат берилген.

- Украина менен Орусиянын чек арасындагы миссиясына олуттуу мандат берилген жок, жакшы колдоо да байкалбайт. Миссия боюнча мунасага келүү үчүн миссиянын мандаты кыйла чектелген. Чынын айтсак, байкоочулар чек аранын кымындай гана бөлүгүндө болгон окуяларды баяндап турушат. Бизге өз ишибизди туура аткарууга уруксат берилбесе, анын кереги барбы?

Президент Петр Порошенко, 13-ноябрь, 2014-жыл
Президент Петр Порошенко, 13-ноябрь, 2014-жыл

Мындай комментарийге Киевдин уюмга карата айтылган сыны себеп болду. Байкоочулар март айынан бери иштеп жатканына карабай, уюм жикчилдердин чоң көлөмдө курал-жарак алуусуна бөгөт коё албай келет.

НАТОнун расмий өкүлдөрү 10-ноябрдан бери жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакка Орусиядан танктар, артиллерия, башка техниканын кербендери өткөнүн билдиришүүдө.

Ал эми ЕККУ кербендер тууралуу маалыматты бышыктап, ошол эле маалда курал-жарак кайдан келатканын тактаган жок. Украинадагы байкоочулардын айтымында, тынбай жаткан кармаштар менен чабуулдар Орусиянын чек арасына жакындоого мүмкүнчүлүк бербей жатат. Орусияда болсо чек ара өткөөлдөрүнө барууга уруксат берилбейт.

Донецктеги көп кабаттуу имараттардын бири, 13-ноябрь, 2014-жыл
Донецктеги көп кабаттуу имараттардын бири, 13-ноябрь, 2014-жыл

Жаңжал аймагына курал-жарактын тартылышы 5-сентябрда жетишилген ок атышууну токтотуу тууралуу келишимдин бузулушуна алып келип, Украинанын чыгышында толук масштабдуу салгылашуулар кайра жанданышы мүмкүн деген чочулоолор айтыла баштады.

12-ноябрда БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул сессиясында салгылашуулар бир нече айга созулуп, кризис дагы жылдар бою жөнгө салынбашы мүмкүн деген кооптонуулар айтылды.

Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин Орусия Донбасска курал -жарак жеткирүүдө деген маалыматтарды четке кагып, Украина Донецк шаарынын турак райондоруна чабуул коюп жатат деп айыптады.

Соңку апталарда Орусия ЕККУнун маалыматтарын пайдаланып, кан төгүүлөр үчүн жоопкерчиликти украиналык аскерлерге жүктөөдө.

5-ноябрда Донецктеги мектеп аткылоого туш болуп, короосунда ойноп жүргөн эки өспүрүм каза болгондон кийин уюм ок түндүк-чыгыш тараптан жаадырылганын билдирген.

Эртеси Орусиянын ЕККУдагы элчиси Андрей Келин окуя боюнча баяндамадагы далилдер мектепти украин аскерлери аткылашканын көрсөтүүдө деген.

Мындай билдирүү украиналыктардын көбүн кыжырдантты. Алар ЕККУ миссиясына Кремлдин тыңчыларын алып, жыйынтыктарды Орусиянын кызыкчылыгына дал келтирүүгө аракеттенишүүдө деп сындашат.

Украинадагы мониторинг миссиясынын маалымат өкүлү Михаэл Боциуркив элчи Келиндин Донецк боюнча баяндаманын чечмелөөсүн колдогон жок:

- Кимдир бирөөлөр биздин күндөлүк отчетторубузду факт катары алып, өздөрү каалагандай бурмалабаса. Мен Келинди айткан жокмун. Биз окуяларды болгонун болгондой чагылдырууга аракеттенүүдөбүз. Бирок ким биринчи болуп ок чыгарган деген маселе өтө татаал.

Боциуркив миссиянын курамында орусиялык 18 киши иштеп атканын бышыктады. Ушул тапта байкоочулардын саны 270 болсо, жыл аягына чейин 500гө жетиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG