Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:47

Украин кризисинен кийинки "маалымат согушу"


Киев сотунун марттагы чечимин Луганск жана Донецк облустары аткарбай жатышат, Луганск, 19-май, 2014

Киев сотунун марттагы чечимин Луганск жана Донецк облустары аткарбай жатышат, Луганск, 19-май, 2014

Украинада Орусиянын дагы төрт телеканалын көрсөтүүгө тыюу салуу демилгеси каралууда.

Ага чейин Орусиядагы башкы төрт федералдык каналдын ишин токтотууга берилген арызды азыр Киевдеги сот карап жатат. Украин-орус кризиси башталгандан бери уланып жаткан “маалымат согушу” азыр постсоветтик аймакта эле эмес, андан ары да “Батыш-Орусия маалымат согушун” айгинелеген таризде каралууда.

Учурда Украинанын телекөрсөтүү жана радио боюнча улуттук кеңеши Орусиянын төрт телеканалынын программалары боюнча көрөрмандардан түшкөн доо арыздарды карап жатат.

Бул кеңештин билдирүүсүндө айтылгандай, “ТВ Центр-International”, Life News, Russia Today жана REN-TV телеканалдарын Украинада көрсөтүүгө тыюу салынышы мүмкүн.

Буга чейин Орусиянын “Биринчи каналы”, “РТР-Планета”, “Россия-24” жана “НТВ-дүйнө” телеканалдарына да ушундай эле чара көрүлгөн, ал чечим ушул тапта Киевдеги аймактык административдик сотто каралууда.

Украин бийликтери бул аракет өлкөнүн “маалымат коопсуздугун камсыздоо” максатында жасалып жатканын белгилешти. Чынында, “маалымат коопсуздугу” деген сөз Украинадагы кризиске байланыштуу соңку айларда көп эле көтөрүлүп келет. Муну талдоочулар маалымат каражаттары украин-орус кризисин чагылдырууда бейтарап позицияны карманбай, сөзсүз бир жакты колдоп жатышканы, объективдүү журналистиканын дээрлик жоктугу менен байланыштырышууда.

Баш кеңсеси Киевде жайгашкан “Кырдаалдарды моделдештирүү агенттигинин” директору, саясат талдоочу Виталий Бала украин бийликтери орус маалымат булактарына алда качан эле тыюуну күчөтүшү керек эле дейт.

"Чындап эле азыр орус “пропагандалык машинасы” журналистиканын эрежелерин гана бузбастан, моралдык, керек болсо, диний баалуулуктарды да аттап өттү. Анткени алар айтып, көрсөтүп жаткан жалганчылык христиан динине да туура келбейт, - деди Бала. - Толеранттуулуктун, бири-бирине камкордуктун коому болууга умтулган өлкө үчүн азыргыдай зомбулукка чакырыктар такыр жарашпай турган нерсе".

Виталий Баланын айтымында, кабелдик телекөрсөтүү аркылуу баштапкы төрт орус каналын көрсөтүүгө соттун чечими чыкканга чейин убактылуу тыюу салынганына карабай, спутник аркылуу эфирге чыкчу каналдарды эл кадимкидей эле көрүп жатат.

“Дал ушул спутник телекандарынын бар экенин жана интернетти эске алганда, азыр орус телеканалдарына тыюу салуу – күлкү келтирген нерсе”, - дейт орусиялык аналитик, “Саясий маалымат борборунун” директору Алексей Мухин.

"Түрдүү медиа ресурстар баары бир колдонулат. Элге маалымат онлайн режиминде токтоосуз жеткириле берет. Ошон үчүн тыюу салуу формасын же маалыматты чектөө формасын алган Киевби, Батышпы, айтор, ким болбосун, алар төө кушка окшоп башын жерге салып алганы менен, баары сыртында эле көрүнүп турбайбы", - дейт Мухин.

Соңку айларда, өзгөчө, Украинадагы кризис күчөгөн ушул жылдын башынан тарта Орусиянын коңшулаш өлкөлөр жана мурдагы постсоветтик аймактагы республикалар менен иштешүү жана интеграциялануу аракеттери бир топ күчөгөн. Бажы союзу, андан ары Евразия экономикалык союзун түзүү өңдүү жалпы саясий муштумга биригүү аракеттерин эске албаганда да, Орусиянын өзүнүн саясий, маданий баалуулуктарын ал өлкөлөргө жайылтууну максат кылган “Россотрудничество” өңдүү агенттик-уюмдарынын, маселен, Өзбекстан, Кыргызстанда активдүүлүгү байкалды.

Кыргызстанда бүгүн “Батыштын маалымат чабуулунан коргонуу жолдорун талкуулоо” үчүн “Евразийцы – новая волна” деген уюм өткөргөн талкуу Москвадагы эксперт Алексей Мухиндин ишениминде, зарыл чара. Эмне үчүн?

"Бир нерсени жаадыңыздан чыгарбасаңыз – Өзбекстан менен Кыргызстанга айтылуу “түстүү революция вирусу” кирген. Бул эки өлкөдө тең мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттер болду. Бирөөндө ал ийгиликке жетти, экинчисинде жеткен жок. Бирок вирус жоголо элек, - дейт орусиялык аналитик. - Ал илдет азыр Орусияга да жуккан. Ошон үчүн Кыргызстандагы, Өзбекстандагы же мурдагы СССРдеги башка өлкөлөрдө да ал чоң ооруга айланып, бүгүнкү саясий системаны кыйратпашы үчүн профилактикалык маанидеги пропагандалык аракеттер өткөрүлүшү абзел".
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG