Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

Меркел менен Обама украин кризисин купуя сүйлөшөт


Украинанын чыгышындагы Дебальцево шаары. 8-февраль, 2015-жыл
Украинанын чыгышындагы Дебальцево шаары. 8-февраль, 2015-жыл

Ангела Меркел 9-февралда Вашингтондо Барак Обама менен кездешет. Ак үйдүн маалымдашынча, жабык өтчү бул сүйлөшүү- Украинадагы кризисти жөнгө салууда жалпы позицияны иштеп чыгууга багытталат.

Мурда маалымдалгандай, Украинадагы согушту токтотуу маселеси Германия, Франция, Украина жана Орусия лидерлеринин 11-февралда Минскте болчу саммитинде талкууланат.

Германия канцлери Ангела Меркел Вашингтондогу сүйлөшүүдө АКШ украин армиясын курал менен камсыздай баштоосуна каршы экенин кайрадан айтат деп жоромолдонууда. Ал өткөн аптада Мюнхендеги эл аралык коопсуздук конференциясында Чыгыш Украинадагы жаңжалды аскерий жол менен жөндөө мүмкүн деп ойлобой турганын айткан эле.

Ангела Меркел жана Барак Обама
Ангела Меркел жана Барак Обама

8-февралда канцлер Меркел, Франция президенти Франсуа Олланд, Украина президенти Петро Порошенко жана Орусия президенти Владимир Путин телефондон баарлашып, Чыгыш Украинадагы ок атышууларды токтотуу боюнча Минск келишимин талкуулашты. Алардын 11-февралда Минскте болчу кездешүүсүндө тараптар былтыркы келишимди аткаруу жана урушту токтотуу жөнүндө өздөрүнө жаңы милдеттемелерди алат деп күтүлүүдө. Мындай үмүтүн президент Порошенко да билдирди. Бирок Путин эгер төрт лидер алдын ала “кээ бир маселелерде бир пикирге келишпесе”, Минск жолугушуусу болбой калуусу мүмкүн экенин жекшемби күнү Беларус президенти Александр Лукашенко менен кездешүүдө эскертти. Ошондой эле Египеттин “ал-Ахрам” гезитине берген интервьюда украин өкмөтү өлкө чыгышындагы аскерий операцияларды жана Донбасстын жикчилердин колундагы аймактарына экономикалык кысым жасоону токтотушу керек деди ал.

Германия Орусия жана Франция лидерлери. Москва, 6-февраль, 2015
Германия Орусия жана Франция лидерлери. Москва, 6-февраль, 2015

​АКШ жана Евробиримдик Орусияны Украинанын чыгышындагы кырдаалга кийлигишүүдө деп күнөөлөп келет. Алсак, 7-февралда эле АКШ вице-президенти Жо Байден да Орусияны Украинага аскер жиберүүдө жана өлкө чыгышындагы согушка аскерий жактан кийлигишүүдө деп айыптап, жикчилдердин лидерлери түздөн-түз Путинге баш ийет деди.

Серепчилердин айтымында, расмий Берлин эгер Вашингтон Украинага курал берсе, Германия-Орусия арасындагы соодага кесепети тиет деп кооптонот жана Европадагы коопсуздук Орусиясыз туруктуу болбойт деп эсептейт. Берлиндин мындай көз карашын Мюнхен конференциясында Германиянын тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайер билдирген:

- Биз, европалыктар үчүн бул жаңжал (Украинадагы) мурдагыдай эле туруктуу коопсуздук Орусияга каршы эмес, аны менен чогуу гана куруларын туюндурат. Анткен менен муну жалгыз гана тарап тааныбашы керек. Жакшы келечек Европага каршы эмес, Европа менен бирге экенин Москва да аңдап билиши абзел.

Чыгыш Украина
Чыгыш Украина

Бирок АКШ мамкатчысы Жон Керри 8-февралда сүйлөп, Вашингтон жана Евробиримдик арасында Орусияга байланыштуу эч кандай карама-каршылык жок экенине токтолду:

-... Вашингтон жана Евросоюз арасында Орусияга карата бөлүнүү жок, ажырым жок... Андай сөздөрдү ортого жарака салууну каалаган адамдардан мурдагыдай эле угуп жүрөм. Биз тыгыз кызматташып жатабыз, бул маселенин аскерий күчтүн жардамы менен чечилбесине баарыбыз макулбуз. Биз дипломатияда биргебиз. Бирок бул канчалык узак созулса, Орусия жана анын марионеткалары өз аракеттери үчүн төлөчү бааны биз ошончолук бийик көтөрүүгө мажбурбуз.

Керри былтыр мартта Крымды мыйзамсыз басып алып, азыр эми Украинадагы абалды бейстабилдештирип, Чыгыш жана Ортолук Европанын географиясын өзгөртүүгө аракет кылууда деп да баса белгиледи.

БУУнун билдиришинче, Украинанын чыгышындагы согушта кеминде 5 358 адам набыт болду. Немистердин Frankfurter Allgemeine Sanntagszeitung гезити Германиянын Чалгын кызматына шилтеме жасап, курман болгондордун саны 50 миңге жетерин жазды.

XS
SM
MD
LG