Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Пан Ги Мун дагы бир мөөнөт башкатчы болот


Пан Ги Мун экинчи мөөнөтү үчүн ант берүүдө. 21-июнь, Нью-Йорк, 2011-жыл.
Пан Ги Мун экинчи мөөнөтү үчүн ант берүүдө. 21-июнь, Нью-Йорк, 2011-жыл.

Түштүк Кореянын дипломаты Пан Ги Мун БУУнун башкатчылыгына дагы бир беш жылдык мөөнөткө шайланды.

Уюмдун Башкы ассамблеясы анын талапкерлигин кечээки жыйында бир добуштан колдоду. Мунун алдында Пан Ги Мунду башкатчылыкка БУУнун Коопсуздук кеңеши сунуш кылган эле. Уюмдун алтымыш алты жылдык тарыхында Коопсуздук кеңеши сунуш кылган талапкер башкатчылыкка өтпөй калган учур болгон эмес.

БУУнун башкатчысы катары Кыргызстанда буга чейин бир ирет болуп, расмий жолугушуулардан тышкары парламентте да сөз сүйлөп кеткен Пан Ги Мундун экинчи мөөнөтү 2012-жылдын 1-январынан тарта башталат.

Баш катчынын дурус жана буруш жактары

Түштүк Кореянын алтымыш жети жаштагы дипломаты башкатчылыктагы биринчи мөөнөтү учурунда дүйнөдө климаттын өзгөрүшү, өзөктүк куралдан арылуу жана аялдар көйгөйүн чечүү жаатындагы эл аралык аракеттери үчүн мактоого арзыды. Бирок ошол эле учурда Кытай, Орусия сыяктуу ири өлкөлөрдө адам укуктары бузулган учурда үн катпай койгону үчүн сынга алынып да жүрдү.

БУУнун Башкы ассамблеясы анын экинчи мөөнөткө шайланышын колдогондон кийинки сөзүндө Пан Ги Мун буларга токтолду:

- Силердин колдооңорго арзыганым үчүн сыймыктанам да, баш ийем да. Башкатчы катары мен ынтымак-ырашкерчиликти жаратуучу жана көпүрө куруучу катары иштедим. Башкаруу үчүн биз жыйынтык беришибиз керек, жөн эле статистика муну камсыздабайт. Бизге адамдар көргүдөй, кармай алгыдай, жашоосун өзгөрткүдөй, айырмачылыкты сезгидей жыйынтык керек.

Мурда Түштүк Кореянын тышкы иштер министри болгон Пан Ги Мун БУУнун башкатчылык кызматын 2007-жылдан бери аркалоодо. Алгачкы жылдары өзүнө чейинки башкатчы Кофи Аннандан айырмаланып, өзүн дүйнөлүк уюмдун күчтүү лидери катары көрсөтө алган жок. Бирок беттегинин бербеген жана сүйлөшүү жүргүзүү жөндөмүнөн улам ал биринчи мөөнөтүнүн жыйынтыгында БУУдан колдоочуларды таба алды. Өз сөзүндө ал глобалдык экономикадагы азыркы кырдаалдын опурталдуулугун моюнга алуу менен БУУда аз чыгым коротуп, көп иш жасоону убада берди:

- Азыркы оор экономикалык абалда биз ресурстарды чектеп, жакшы нерсени аз чыгым менен жасообуз абзел. Биз ошондой эле биргелешип аракеттенүү жөндөмүбүздү жакшыртуубуз абзел. Ага катар биз глобалдык бир программанын чечилиши баарына таасир бериши үчүн көйгөйлөрдү өз ара байланыштырган ишти көбүрөөк жасообуз керек.

Ишине сырттан, анын ичинде адам укугун коргоочулардан сын айтылганы менен Пан Ги Мундун Бириккен Улуттар уюмундагы туруму бекем бойдон калышына салым кошкон факторлор катары анын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өкүлдөрүн, анын ичинде аялдарды БУУнун алкагындагы жогорку кызматтарга дайындаган чечимдери, аялдар укугун туруктуу коргогону, өзөктүк куралдан арылуу саясатын ырааттуу жүргүзгөнү, Түндүк Америка менен Жакынкы Чыгыштагы окуялар учурунда демократияны колдогону да аталууда.

БУУдагы дипломаттардын айтымында, эми кайра шайлануу маселесинин чечилиши менен Пан Ги Мун дипломатиялык аракеттеринде Коопсуздук кеңешинин чечимдерине вето салуу укугуна ээ АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция сындуу өлкөлөрдүн таасири азайган багытты карманышы мүмкүн.

БУУну ким, кандай баалайт?

Пан Ги Мундун дагы бир беш жылдык мөөнөткө шайлануусуна тушташ америкалык Gallup изилдөө уюму БУУнун жетекчилигинин иши дүйнө өлкөлөрүндө кандай бааланары боюнча сурамжылоосунун жыйынтыгын жарыялады. Сурамжылоого 126 өлкө тартылган. Орто эсеп менен алганда аларда суралгандардан 44 пайызы БУУнун ишин жактырса, 17 пайызы канааттанбай турганын билдирген, 33 пайызы баа бере алган эмес.

БУУнун ишин эң көп Африка өлкөлөрүндө жактырышса, Жакынкы Чыгышта, Түндүк Америкада, АКШда кубатташпайт. Маселен БУУнун ишине сурамжылоого тартылган америкалыктардын 42 пайызынын ичи чыкса, 48 пайызы жактырбайт, 10 пайызы баа бере алган эмес. Gallup уюмунун сурамжылоосу Кыргызстанда да жүргүзүлгөн. БУУнун жетекчилигинин ишин суралган кыргызстандыктардын 33 пайызы кубаттаса, 13 пайызы сындаган, 54 пайызы алар эмне иш кылып жатканынан кабары жоктугун айткан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG