Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Клинтон: СССРди "тирилтүүгө" жол бербейбиз


Евразия биримдигинин Москва саммитинин катышуучулары, 19-март, 2012.
Евразия биримдигинин Москва саммитинин катышуучулары, 19-март, 2012.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Евразияда экономикалык интеграцияны күчөтүү зарылдыгы менен жасалып жаткан аракеттерди “Советтер Cоюзун калыбына келтирүү далалаты” деп сындады.

Хиллари Клинтон “Евразиядагы экономикалык интеграция” жөнүндө бейшембиде Дублинде эл аралык конференцияда жарандык коомдун активисттери жана адвокаттар менен жолугушуусунда айтты.

Клинтон билдирүүсүндө Орусиянын жетекчилиги Казакстан жана Беларус менен Бажы биримдигин түзгөнүн сындады. “Биз мунун артында кандай максат жатканын түшүнүп, аны басаңдатуунун же такыр токтотуунун жолдорун издеп жатабыз”, - деди мамкатчы.

Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков америкалык мамкатчынын билдирүүсүн “Жагдайды толугу менен натуура түшүнгөндүктөн айтылып жатат”, - деп сыпаттады.

“Мурдагы Советтер Союзунун аймагында байкалган азыркы аракеттердин баары экономикалык интеграцияга гана негизделген. Бул аймакта башка эч кандай интеграция болушу мүмкүн эмес”, - деди Песков.

Былтыр октябрда В.Путин “Известия” гезитине жарыялаган макаласында “кеңири интеграцияланган Евразия биримдигин түзүүгө” чакырган болчу. Путин анда “СССРди кайсыл бир формада кайра жаратуу жөнүндө сөз болуп жаткан жок. Артта калган нерсени кайра жаңыртуу же көчүрүү маңыроолук болмок, бирок саясий, экономикалык негизде жаңы баалуулуктар менен тыгыз интеграцияга баруу – азыркы мезгилдин талабы”, деп жазганы белгилүү.

Путиндин ошол идеясын Кыргызстандын жетекчилиги колдогон жана Бажы союзуна мүчөлүккө өтүү мүдөөсүн да билдирип келатат. Расмий Бишкек Хиллари Клинтондун соңку билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек. Бирок мурдагы тышкы иштер министри, саясий илимдердин доктору Аликбек Жекшенкулов “Азаттыкка” сүйлөп жатып, америкалык мамкатчынын айтканы “биздин улуттук кызыкчылыкка туура келбейт”, деп билдирди:

- Клинтон айымдын айткандары - АКШнын улуттук кызыкчылыгын көздөгөн сөз. Эгер Борбор Азияны же Кыргызстанды алсак, Кошмо Штаттары бул жакта өзүнүн таасирин жоготпой, тетирисинче, аны күчөткүсү келет. Ошол эле учурда Орусия соңку айларда Кыргызстан менен кызматташтыкты арттырууга олуттуу карай турганын даңазалап, гидроэнергетикалык, тоо-кен тармагына тиешелүү бир топ маанилүү келишимдерге кол койду. Ушуга да Вашингтондо кооптонуп жатышкан болушу мүмкүн. Мениче, расмий кыргыз бийлиги өзүнүн мурдатан берки эле позициясын айтып, биз Евразия биримдиги түзүлүшүн колдой турганыбызды, анткени ал аркылуу экономикалык, гуманитардык жана башка маселелерди чечкен бизге оңой болоорун билдириши керек. Бул элибиздин жашоо деңгээлин жакшыртып, өлкөбүздү өнүгүү жолуна салуунун эң эле туура жолу.

Хиллари Клинтон кечээ Орусияны, Украинаны, Беларусту жана Түркмөнстанды “АКШ колдогон жарандык коомдун аракеттерин кылмыш деп караганы үчүн” да сындады. Анын айтымында, постсоветтик өлкөлөрдө өкмөттөр барган сайын бийликти сындагандарды кысмактап, зөөкүр аракеттерге бара баштаган. “АКШ бул аймакта адам укугун коргогон уюмдарга жардамын да көбүнчө күрөш аркылуу гана жеткирүүгө мажбур болуп жатат”, - деди Клинтон.

Клинтон Беларуста АКШнын аракеттеринен “майнап болбогонун” айтып, Украинаны “эң көңүл калтырган өлкө” деди. Түркмөнстан болсо мамкатчынын айтымында, адам укуктары боюнча суроолорго такыр эле жооп берүүдөн баш тартууда.

Орусияда сырттан алынган грант менен иштеген бейөкмөт уюмдарды “чет өлкөлүк агент” деп атоону милдеттендирген мыйзамдын күчүнө киргенин да Клинтон кескин сындады.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG