Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:44

ИМ тобуна каршы согушка АКШнын жөө аскерлери тартылат


Ирактагы күрттөрдүн пешмерга армиясы америкалык учактардын коштоосунда “Ислам мамлекети” террордук тобу көзөмөлдөгөн Синжар шаарын бошоткондон кийин. 13-ноябрь
Ирактагы күрттөрдүн пешмерга армиясы америкалык учактардын коштоосунда “Ислам мамлекети” террордук тобу көзөмөлдөгөн Синжар шаарын бошоткондон кийин. 13-ноябрь

Кошмо Штаттар “Ислам мамлекети” радикал тобуна каршы күрөшүү үчүн жиберилүүчү атайын күчтөр Ирак менен катар Сирияда да рейддерди жүргүзө аларын билдирүүдө.

Америкалык аскерий жетекчилер Конгресс комитетиндеги жыйында жарыялагандай, алдыда Иракта атайын күчтөрдүн рейддерге тартыла турган тобу жайгаштырылмакчы. Бул аралыкта АКШ менен Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешине “Ислам мамлекети” тобун каржы булактардан ажыратуучу чараларды күчөтүүнү караган резолюция долбоорун өз-өзүнчө сунуш кылышты.

АКШнын коргоо министри Эштон Картер Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын Аскерий иштер боюнча комитетинде сүйлөгөн учурунда Иракта “Ислам мамлекети” тобуна каршы кургактан кеңейтилүүчү аракеттердин чоо-жайын көп чечмелеген жок, бирок кошумча жиберилүүчү атайын күчтөр Ирак менен катар Сирияда да рейддерди жүргүзө аларын белгиледи:

Эштон Картер
Эштон Картер

- Биз көбүрөөк нерсе жасоого чынында эле дилгир болуп турабыз. Анткени бул “Ислам мамлекети” тобунун талкаланышын тездетет. Бирок бул биздин жергиликтүүлөрдөн иштеше ала турган жөндөмдүү күчтөрдү тапканыбызга көз каранды болот. Биз бутага алуучу экспедициялык күчтөрдү курап жатабыз. Бул күчтөр такай эле Сирияда болбойт. Алар барып, рейддерди жүргүзүп кайра кетип калышат.

АКШнын коргоо министри Иракка жөнөтүлүүчү кошумча күчтөрдүн так санын айткан жок. Маалыматтарга караганда, алар 200дүн тегерегинде болот жана Күрт автономиясынын аймагында жайгашчудай.

Эштон Картер кошумчалагандай, америкалык атайын күчтөр ИМ тобуна каршы кысымды күчөтүү үчүн Ирактын аскерлерине, күрттөрдүн Пешмерга күчтөрүнө жардам берет, маал-маалы менен рейддерди өткөрүүдөн тышкары барымтада калгандарды куткаруу, чалгын маалыматтарын жыйноо, “Ислам мамлекети” тобунун лидерлерин колго түшүрүү менен да алектенет.

Бирок Ирактын премьер-министри Хайдер ал-Абади анын өлкөсү чет элдик күчтөрдүн келишине муктаж эместигин, аларды жайгаштыруу же операцияга катыштуусу ирактыктар менен макулдашылуусу керектигин айтып чыкты.

Жон Керри. Брюссел, 2-декабрь
Жон Керри. Брюссел, 2-декабрь

Мамлекеттик катчы Жон Керри болсо бүгүн Брюсселде жүргөн жеринен буга жооп кылып, расмий Багдад Вашингтондун атайын күчтөрдү жайгаштыруу планынан толук кабардар экенин, эки өкмөт алар кайсыл жерге жиберилери, эмне кылары боюнча тыгыз иштешерин белгиледи.

Ал эми Сирияда АКШ администрациясы атайын күчтөрүнөн 50дөй адамды жайгаштырып жатат. Бул план алгач бир ай мурда жарыяланган.

Сириянын түндүгүнө жайгашуучу атайын күчтөр ИМ тобуна каршы күрөшүп жаткан күрт жана сириялык араб согушкерлерине кеңеш берүү менен коргоо министри Эштон Картердин айтымында, аба соккуларын күчөтүү үчүн чалгын маалыматтарын топтоо менен да алектенет.

Коргоо министри Картер жана АКШ армиясындагы штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы, генерал Жозеф Данфорд Конгресс мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, ИМ тобуна каршы күрөштүн келечеги боюнча оптимисттик көз караштарын айтышты.

Генерал Данфорддун ырастоосунда, инфраструктурасына урулган аба соккулардан улам радикалдар киреше булактарынан айрылып жатат.

- Биз акыркы отуз күндө "Ислам мамлекети” тобунун мунайдан алган кирешесинин кеминде 43 процентине таасир болду деп эсептөөдөбүз.

Мунай аткезчилиги өзү “Ислам мамлекети” тобунун негизги киреше булактарынын бири деп саналат.

"Чоң жыйырманын" тобуна кирген өлкөлөр өткөн айдагы саммитте экстремисттерди каржы булактардан ажыратуу үстүндө иштөөнү убада кылышкан болчу.

1-декабрда АКШ менен Орусия бул багытта БУУнун Коопсуздук кеңешине резолюция долбоорун өз-өзүнчө киргизди. Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Саманта Пауэрдин айтымында, алардын резолюция долбоору буга чейинки санкцияларды натыйжалуулугун арттыруу боюнча жаңы чараларды сунуш кылат. Резолюция долбоорунда “Ислам мамлекети” тобунун каржылануусун кыйындата турган чаралар камтылганын Орусиянын элчиси Виталий Чуркин да билдирди. АКШ менен Орусиянын резолюция долбоорлору эми бириктирилеби же жокпу азырынча белгисиз.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG