Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

Клинтон менен Трамптын экинчи телетаймашы (видео)


Клинтон менен Трамп 19-октябрда дагы бир жолу дебатка чыгат. АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрга белгиленген.
Клинтон менен Трамп 19-октябрда дагы бир жолу дебатка чыгат. АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрга белгиленген.

АКШ президенттигине талапкерлер демократ Хиллари Клинтон менен республикачы Дональд Трамптын таймашы бүгүн Вашингтондогу Сент-Луис университетинде өттү.

90 мүнөткө созулган теледебат учурунда талапкерлер бири-биринин дарегине кескин билдирүүлөрдү айтышты. АКШнын энергетикалык көз карандысыздыгы жана талапкерлердин мүнөздөрү тууралуу суроолорго жооп беришти.

Анын алдында, 7-октябрда Трамптын аялдарды мазактаган, мындан он жыл мурдагы сөзү тартылган чуулгандуу видеотасма тарап кеткен. Бул көрүнүш Республикачылар партиясынын ичинде да катуу талкууларды жаратты. Партиялаштары да Трампты айыпташып, шайлоодо колдоодон баш тартышты, айрымдары талапкерлигин алууга чакырышты. Көптөгөн эксперттер азыркы дебаттар Трамп үчүн акыркы мүмкүнчүлүк деп боолгоп жатышкан. Анткени буга чейинки коомдук сурамжылоодо ал Хиллари Клинтондон артта калганы белгилүү болгон.

Клинтон-Трамп: биринчи беттеш курч өттү

Клинтон-Трамп: биринчи беттеш курч өттү.

Кошмо Штаттарда 8-ноябрга белгиленген президенттик шайлоонун алдында негизги талапкерлердин биринчи теледебаты болуп өттү.

Клинтон менен Трамп 19-октябрда дагы бир жолу дебатка чыгат. АКШда президенттик шайлоо 8-ноябрга белгиленген.

Клинтон менен Трамптын экинчи телетаймашы. “Америка добушу” радиосунун видеосу

XS
SM
MD
LG