Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Клинтон-Трамп: биринчи беттеш курч өттү


Дональд Трамп жана Хиллари Клинтон
Дональд Трамп жана Хиллари Клинтон

26-сентябрда АКШ президенттигине талапкерлер Хиллари Клинтон жана Дональд Трамптын биринчи дебаты болду. Анда талапкерлер экономикадан тышкы саясатка чейинки маселелер боюнча беттешти. Кол кармашуу менен башталган дебат кайым айтышуу жана бири-бирин айыптоо менен коштолду.

Кошмо Штаттарда 8-ноябрга белгиленген президенттик шайлоонун алдында негизги талапкерлердин биринчи теледебаты болуп өттү. Ал 26-сентябрда Нью-Йорктогу Хофстра университетинде уюштурулду.

Республика партиясынын талапкери Дональд Трамп, анын атаандашы Демократиялык партиянын талапкери Хиллари Клинтондун таймашын 90 миллиондун тегерегинде адам телеканалдар аркылуу көрөрү айтылган.

Теледебаттын башталышында Хиллари Клинтон өзүнүн атаандашын “Дональд” деп атап, Трамп “мамлекеттик катчы Клинтон” деп, эки талапкер кол алышты.

Мына ушундай сылык-сыпаалык менен башталган дебат андан кийин курч мүнөзгө өтүп, Клинтон айым атаандашын кескин сынга ала баштады. Ал Трампты калпычы жана шайланып калуу үчүн “акылга сыйбаган нерселердин” баарын айтат деп, Америкага кибер чабуул жасоого Орусияны тукурду деп сындады.

Ага жооп кылган Трамп кибер чабуул ким тарабынан жасалганы айкын эместигин, "аны Кытай же керебетте жаткан кимдир бирөө жасашы мүмкүн" деди.

Дональд Трамп Хиллари Клинтонго караганда АКШ президенти болууга бардык жагынан ылайык келерин көрсөтүүгө аракет жасады:

- Ага караганда акыл калчап чечүүдө мен мыктымын. Бул жерде суроо болушу да мүмкүн эмес. Аныкына караганда менин темпераментим да мыкты. Сиздер билесиздер, бир топ мыкты.

Дональд Трамп Хиллари Клинтон аны жамандоо үчүн жүз миллиондогон доллар жумшап жатканын, ал андай тескери реклама үчүн бир тыйын коротпогонун билдирди.

Хиллари Клинтон буга да өз жообун берди:

- Трамп сырткы кебете-кешпирден, чыдамдуулукка өтүүгө аракеттенди. Бирок бул адам аялды чочко, айбан жана бекерпоз деп атаган, анан да кош бойлуулук жумуш берген тарапка ыңгайсыздык жаратат деген. Эгерде аял эркектей ишти аткара албаса, анда ал бирдей маяна алууга акылуу эмес деп да кимдир бирөөнү айткан.

Тышкы саясий маселелерге токтолгон Хиллари Клинтон Ирандын ядролук программасы боюнча түзүлгөн келишимди кубаттап, Дональд Трамптын ойлонулбаган аракеттери анын президент болууга татыксыз экенин көрсөтөт деди:

- Менин мураскерим Жон Керри жана президент Обама Ирандын ядролук программасын бир ок чыгарбай жабуу үчүн баарын жасашты. Бул - дипломатия. Бул коалиция түзүү. Бул башка мамлекеттер менен да иштейт. Жакында эле мен Дональддын Иран сууларында Ирандын аскерлери АКШнын аскер-деңиз аскерлерин кордоду деп жатканын көрүп калдым. Сиздер билгендей, ал анда биздин аскерлерди кордогон үчүн мен согуш ачам деди. Бул акыл-эстүүнүн ою эмес. Бул башкы командачы болуу үчүн туура эмес темперамент. Эң коркунучтуусу- Дональддын ядролук курал боюнча да ушундай эле сөздөрү.

Хиллари Клинтон Дональд Трамптын Жапония, Түштүк Корея жана Сауд Арабиясынын ядролук куралга ээ болуу аракети мени тынчсыздандырбайт дегенин эске алып, бул ядролук куралдын жайылуусу, андан ары анын террорчулардын колуна тийип калуу мүмкүнчүлүгү менен канчалык опурталдуу экенин көрсөтүүгө аракет жасады.

Экономикалык темаларга токтолгон Дональд Трамп салыктарды кыскартып, АКШда жумушчу орундардын түзүлүшүнө кам көрөрүн билдирсе, Хиллари Клинтон инновация, технология жана чакан ишкерликке көңүл бөлөрүн, аял менен эркектин минималдык айлык акысын теңдерин, социалдык коргоону чыңдоону убада кылды.

Дональд Трамп атаандашын “Кадимки саясатчы. Сөзү көп, эч кандай иши жок. Сөзү жакшы угулат, бирок жасалбайт” деп баалады.

Трамп менен Клинтондун теледебаты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:49 0:00

Талапкерлердин ден соолугуна байланыштуу темада Дональд Трамп Хиллари Клинтондун президенттик жүктү көтөрүүгө чыдамкайлыгы жетишпейт десе, Хиллари айым ошол сөздү айткан адам 112 өлкөнү кыдырып, ал жерлерде сүйлөшүү өткөрүп, келишимге жетишип, 11 саат бою Конгресске көрсөтмө берип көрсүн, андан кийин чыдамдуулук жөнүндө сөз кылсын деп жообун берди.

Мына ушундай мүнөздө өткөн биринчи талкуунун жыйынтыгында Хиллари айым Дональд Трампка караганда ынанымдуу болгону айтылууда. Талапкерлер дагы бир нече жолу теледебаттарда беттешет. ​

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG