Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Обама: Тасма АКШны да кордоду


БУУнун Башкы ассамблеясы. 25-сентябрь, 2012-жыл.
БУУнун Башкы ассамблеясы. 25-сентябрь, 2012-жыл.

Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 67-сессиясы ачылды. Анда алгачкылардан болуп сөз алган АКШ президенти дүйнө лидерлерин кыянатчылыктарды жана экстремизмди айыптоого чакырды, исламга каршы тасма мусулман дүйнөсүндө жараткан нааразылык толкунуна, Сирия кризисине, Ирандын өзөктүк программасына токтолду.

Барак Обама мусулман дүйнөсүндө тополоң жараткан тасманы “жийиркеничтүү” деп атап, ал мусулмандарды эле эмес, америкалыктарды да кордогонуна токтолду:

- Мен АКШ өкмөтүнүн бул видеого эч тиешеси жоктугун ачык билдирдим жана анда берилген идеялар биздин жалпы адамзаттын баалуулуктарын урматтагандардын баары тарабынан четке кагылуусу керек деп эсептейм. Ал мусулмандарды эле эмес, Американы да кордоду. Ушул дубалдардын сыртындагы шаар биз түрдүү расадагы жана ишенимдеги адамдарга кубанган өлкө экенибизди ачык көрсөтүүдө. Мен биз эмне үчүн мындай видеолорго жөн эле тыюу салып койо албашыбызды сураган адамдар бардыгын билем. Жооп - биздин мыйзамдарда бекитилген укуктар. Биздин Конституция сөз эркиндигине болгон укукту коргойт. Мен сыяктуу эле америкалыктардын басымдуу бөлүгү христиандар. Ага карабай биздин ыйык динибизге акарат келтиргендерге тыюу сала албайбыз.

“Бейкүнөө мусулмандар” деген ат менен жеке адамдар тарабынан даярдалган тасманын үзүндүлөрү интернетке чыгып кеткенден бери мусулман өлкөлөрүндөгү нааразылык акциялары айрым учурларда кыянатчылыктар менен коштолуп, буга чейин отуздан ашуун кишинин өмүрү кыйылган.

АКШга каршы Кабулдагы демонстрация. 20-сентябрь, 2012-жыл.
АКШга каршы Кабулдагы демонстрация. 20-сентябрь, 2012-жыл.
Алардын арасында АКШнын Ливиядагы элчиси, Ооганстандагы жардыруудан каза тапкан бир кыргызстандык да бар.

Барак Обама БУУдагы сөзүндө орун алган кыянатчылыктар “Улуттар уюму негизделген башкы принциптерге да чакырык таштаганын” белгилеп, дүйнө лидерлерин экстремизм менен кыянатчылыктарга чечкиндүү каршы турууга үндөдү:

- Кошмо Штаттар чет өлкөлөрдөгү демократиялык өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгын таңуулабайт жана таңуулоону көздөбөйт. Биз калган өлкөлөр ар бир маселе боюнча биз менен макул болот деп да күтпөйбүз. Ошондой эле биз акыркы апталардагы кыянатчылыктар, кээ бир адамдардын жек көрүүчү сөздөрү мусулмандардын басымдуу бөлүгүнүн көз карашын чагылдырат, видеону чыгарган америкалыктардын ой-пикиринен басымдуулук кылат деп эсептебейбиз. Ага карабай мен кыянатчылыктарга жана экстремизмге чечкиндүү каршы чыгуу бардык лидерлердин, бардык өлкөлөрдүн милдети деген ишенимдемин.

Барак Обаманын пикиринде, “сөз күнөөсүз адамдардын өмүрүн кыйууга жүйө боло албайт, видеороликтер элчиликке кол салууларды актай албайт”. Тескерисинче сөз эркиндиги тартуулаган мүмкүнчүлүктөр жек көрүүчү сөздөргө жооп берүүнүн туура жолу:

- Жек көрүүчү сөздөргө каршы эң күчтүү курал репрессия эмес, бул - сөз. Сабырдуулуктун фанатизмге жана динге акарат келитирүүгө каршылык көрсөткөн добушу жана өз ара түшүнүүчүлүктүн, өз ара урматтын маанисин көтөрүү. Америкалык желекти өрттөө балага билим тартуулабайт. Ресторанды талкалоо ач курсакты тойгузбайт. Элчиликке чабуул койгондор жаңы имарат курбайт. Саясаттагы мындай белги биз баарыбыз чогуу жасообуз керек болгондорго: балдарга билим берүүгө, алар татыктуу болгон мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга, адам укуктарын коргоону, демократиялык убадалар кеңейишине жетүүнү гана кыйындатат.

Эл аралык маселелерден АКШ президенти БУУдагы сөзүндө Сирия кризисине кайрылды. “Сириянын келечеги өз элин өлтүрүп жаткан диктатордун колунда болбошу” керектигин белгилеген Обама:

- Биз бул жерде кездешип жатканда, Башар Асаддын режиминин күнү бүтүүсү керек деп кайрадан айтабыз. Муну менен Сирия элинин азап чегүүсү аяктап, жаңы таң атат.

Он сегиз айдан бери куралдуу жаңжал уланып жаткан Сириядагы кырдаал күн өткөн сайын начарлоо үстүндө экенин, кризис бир өлкө менен эле чектелбестен эл аралык коопсуздукка жана тынчтыкка коркунуч туудуруп жатканын Обамага чейин БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун да айткан.

БУУ башкатчысы Пан Ги Мун.
БУУ башкатчысы Пан Ги Мун.
АКШ президенти сөзүндө Ирандын өзөктүк программасына да токтолду. Вашингтон бул маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө умтулуп жатканын, ал үчүн убакыт али бардыгын, бирок ал убакыт чексиз эместигин эскерткен Обама:

- Өз элинин укуктарын чектөө менен Ирандын өкмөтү да Дамасктагы диктатор сыяктуу жана чет өлкөлөрдөгү террордук топторду колдойт. Өзөктүк программасы тынчтык мүнөздө экендигин көрсөтүү жана Улуттар уюму алдында алган милдеттемелерин аткаруусу үчүн берилген мүмкүнчүлүктү утур-утур эле колдоно албай жатат.

Обама кошумчалагандай, өзөктүк куралга ээ болгон Иран Израилдин мамлекет катары жашоосуна, Перс булуңундагы өлкөлөрдүн коопсуздугуна, дүйнөлүк экономиканын туруктуулугуна коркунуч туудурат.

Башкы ассамблеяда бүгүн Ирандын президентинин чыгып сүйлөй турганы белгиленген. Ага чейин Нью-Йорктогу басма сөз жыйында Махмуд Ахмадинежад өлкөсү өзөктүк бомбага умтулбай турганын, анын өзөктүк программасы “тажатма” маселеге айланганын, Израилдин “Жакынкы Чыгышта тарыхый тамыры жоктугун”, ал тараптан кол салыныш коркунучуна олуттуу маани беришпесин айтып өткөн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG