Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:24

ЖМК мыйзамы талашка жол ачты


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Бир катар депутаттар Жогорку Кеңеш "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоорун регламентти одоно бузуу менен кабыл алганын айтып чыкты.

"Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр Жогорку Кеңеште кызыл чеке талаштарга жол ачты. Бир катар депутаттар аталган мыйзамдын Орусия, Казакстандан көчүрүлгөнүн жүйө кармап, Кыргызстан андай чектөөлөргө зарыл эместигин баса белгилешти.

“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянова сунушталган өзгөртүүлөр түшүнүксүз экенин айтып, демилгечилердин шаштысын кетирди.

- Бул мыйзам жөнүндө сөз болгондо көпчүлүктүн оюна “Азаттык” келип жатат. Эгерде максат маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу болсо бул жерде “Азаттыктын” кандай тиешеси бар? Тескерисинче, алар эч ким унчукпай турганда чыркыраган чындыкты айтып, жалпы коомдун коопсуздугу үчүн салым кошушту. Демилгечилер мыйзамдын зарылдыгын чечмелей албай жалпы сөз менен чектелип жатат. Конкреттүү аргумент жок болгондуктан жалпы сөздөр айтылып жатат.

Талаштуу мыйзам биринчи окууда кабыл алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:08 0:00

Эмне сунуштаганын билбеген демилгечилер...

Мыйзам долбоору өткөн аптада эле талкууланып, добушка коюлмак. Бирок депутаттардын, жарандык коомдун каршылыгынан улам кийинкиге калган. Демилгечи депутаттардын бири Кожобек Рыспаев мыйзам долбоору 2-окууга түп-тамырынан бери өзгөртүлүп, анан добушка коюларын убада кылды. Анын айтымында, жаңы сунуш боюнча чет өлкөдөн каржыланган медиа мекемелерге эч кандай чектөө киргизилбейт.

Кожобек Рыспаев
Кожобек Рыспаев

- Экинчи окууда көптөгөн өзгөртүүлөр киргизилет. Биздин жаңы сунуш боюнча массалык маалымат каражаттарын каржылоону чектөө максатка ылайыксыз деп ойлойбуз. Анткени чектөө киргизсек, көп ЖМКларда көмүскө каржылоого жол ачылышы мүмкүн. Экинчиден, ким каяктан, канча каражат алганын көзөмөлдөө кыйынчылык туудурат. Ошондуктан бул өзгөртүүнүн “Азаттык” менен Би-Би-Сиге эч кандай тиешеси жок. Мыйзам долбоору телеканалдарга гана тийиштүү болот. Тагыраагы, чет элдик жарандар телеканалдын 35 пайыздык үлүшүнө гана ээлик кыла алат. 65 пайыз кыргызстандыктын ээлигинде болушу керек.

Ошентип талаштуу мыйзам долбоору 1-окууда 79 добуш менен колдоо тапты, 30 депутат каршы добуш берди. Демилгечилер мыйзам долбоору өлкөдөгү маалымат коопсуздугун камсыз кылат дегени менен, өзгөртүүлөрдү популисттик сунуш катары баалагандар басымдуу болду. Алардын бири депутат Алмамбет Шыкмаматов буларга токтолду.

- Биз дүйнөнү, дүйнө бизди ЖМК, телеканалдар менен тааныйт. Азыр 200-300 санарип канал иштеп жатат. Маалыматтык коопсуздук деп ошолордун баарын жабабызбы? Фейсбук, Твиттерди жабабызбы? Улуттук коопсуздук десек, кытай жарандары жылына он миңдеп кирип жатат. Биздин кен байлыктардын баарына ошолор лицензия алып жатат.Бул мыйзам эч кандай коопсуздукту камсыздабайт, болгону популисттик демилге. Бул үчүн баарыбыз уят болобуз.

Ал арада дагы бир эл өкүлү Жанар Акаев талаштуу мыйзам долбоору 1-окуудан өткөнү менен, күзгө чейин 2-окууда каралбай тургандыгын “Азаттыкка” билдирди.

- Бул маселе 2-окууга күзгө калды. Жаңы жылга жакын гана кайрадан көтөрүлүшү мүмкүн. Анткени мыйзам чийки. Демилгечилер убада кылган сунуштар кириши үчүн көп убакыт талап кылынат. Негизи дүйшөмбү күнү кайрадан комитетте каралышы керек эле. Даяр болбогондуктан күн тартибине киргизилген жок.

Бийлик көздөгөнүнө жетеби?

Бул мыйзам долбоору коомчулуктун катуу сынына кабылып, сөз эркиндигин чектөө аракети катары кабылданууда. Женевада эмгектенген журналист жана саясат таануучу Чолпон Орозобекова демилге тегин жерден чыкпаганын, анын артында курч медианын сынына териккен бийлик турат деп эсептейт.

Чолпон Орозобекова
Чолпон Орозобекова

- Сунуш жөн жерден чыккан жок. Бийликте улам бир демилге көтөргөн бир ууч адам бар. Бул ошолордун кылганы. Анткени алар “Азаттык” сыяктуу курч медианы жактырбайт. Аларга күчтүү журналисттер керек эмес. Менимче мыйзам убактылуу эле артка жылды. Анткени коомчулуктун реакциясын байкашты. Аз убакыт өтпөй кайра эле демилге көтөрүлөт.

Депутаттар Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов жана Таабалды Тиллаев сунуштаган долбоорго ылайык, чет өлкөлүк юридикалык же жеке тарап катышкан маалымат каражаттардын ишмердигине тыюу салынат. Ошондой эле четтен келген каражат медиа мекеменин жылдык бюджетинин 20 пайызынан ашпоосу керек. Бул демилге жарандык коомдун катуу сынына кабылып, укук коргоочулар мыйзамды чакыртып алуу талабы менен Ак үй алдына митингге да чыгышкан. Мындан улам аталган демилгени талкуулоо белгисиз мөөнөткө кийинкиге жылдырылган

XS
SM
MD
LG