Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Коогалаң: парламенттин жыйынтыгы талкууда


Ошто ушул күндөрү күчөтүлгөн тартип киргизилди
Ошто ушул күндөрү күчөтүлгөн тартип киргизилди

Июнь коогалаңын иликтеген парламенттик комиссия өз жыйынтыгын чыгарып, президент Роза Отунбаева, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Коогалаңдын себеби

2010-жылдын апрель жана июнь окуяларын иликтеген комиссиянын төрагасы, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Токон Мамытов 7-апрель окуясын элдик революция деп табышкандыгын билдирди.

- 7-апрелди албетте революция деп тааныдык. Бул окуяда 87 адам каза болду. Жүздөгөн киши жарадар болду. Көптөгөн адам жабыркады.

Ал эми комиссиянын июнь коогалаңы боюнча тыянагына ылайык, түштүктө орун алган коогалаң учурунда 473 адам каза болуп, 33 адамдын дайын-дареги дале белгисиз. Окуяда эки миңден ашык адам ар кыл жаракат алып, 1861 турак-жай объектилери кыйроого учураган.

Комиссиянын оюнча, кандуу окуянын чыгышына айрым өзбек лидерлеринин аракеттери себеп болгон. Бул тууралуу депутаттык комиссиянын төрагасы Токон Мамытов парламентте айтты.

- Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов, Жалалиддин Салахуддинов, Карамат Абдуллаева жана башка адамдардын кайгылуу окуяга таасири чоң деп таптык. Ошондой эле уюшкан кылмыштуулук, наркобизнестин да салымы бар. Албетте баарын эле буларга шылтап койгондон алысмын. Ошол эле кезде экономикалык-социалдык кырдаал, көйгөйлөр, мындан тышкары биздин маданий-рухий абал да таасир кылган.

Комиссиядагы ача пикирлер

Токон Мамытов
баштаган парламенттик комиссияга Жогорку Кеңештеги беш партиянын ар биринен бештен өкүл кирген. Комиссия мүчөлөрүнүн ичинен анын корутундусуна депутаттар Исмаил Исаков менен Жылдыз Жолдошева кол койгон эмес. Алар парламенттеги жыйынга өз алдынча баяндамаларын алып чыкты.

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Исмаил Исаков эмне үчүн жалпы комиссиянын тыянагына кол койбогондугун мындайча түшүндүрдү.

- Биз бул жерде тапшырма алганда 7-апрел жана июнь окуясын иликтөөнү алганбыз. Мына экөөнө тең бүгүн чекит коюлушу керек. Бирок бул отчетто коюлган жок. Ошондуктан мен өз колумду коюудан баш тарттым. Себеби 7-апрель болбогондо 10-июнь окуясы чыкпайт эле.

7-апрелге эмнелер алып келгендиги камтылбагандыктан жана так жазылбагандыктан мен кошулган жокмун.


Исаковдун айтымында мурдагы президент Бакиевдин мезгилиндеги мыйзамсыздык, бийлик органдарынын түз милдеттерин аткарбагандыгынын акыры ушундай кайгылуу окуяга алып келген.

Ал эми “Ата Журт” фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева жалпы комиссиянын корутундусунда Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү тууралуу маалыматтар камтылбаганына токтолду.
Жок жерден айып тагуу өңдүү көрүнүштөр парламенттик комиссиянын жыйынтыктоочу отчетунда орун албашы керек деп ойлойм.
Роза Отунбаева


Жолдошева “Стрингер” интернет сайтына Кадыржан Батыровдун Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев менен Алмаз Атамбаевдин сүйлөшүүсү деген материал чыкканын айта кетти.

Жолдошевага жооп кылган Өмүрбек Текебаев аталган материал жүргүзүлгөн экспертизада жасалма болуп чыккандыгын айтса, премьер-министр Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага бул материалды тактап, ушак-айыңга расмий чекит коюусун өтүндү.

"Коогалаң - жалпыбыздын кайгыбыз"

Парламенттик талкууга президент Роза Отунбаева, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да катышты. Роза Отунбаеванын айтымында, ал комиссия мүчөлөрүнүн үч башка тыянагы менен таанышып чыккан. Өз сөзүндө Роза Отунбаева комисиянын акыркы жыйынтыгы олуттуу болсо деген үмүтүн билдирди.

- Өткөн жылдын кандуу окуясы - биздин элдин жалпы кайгысы. Бул кайгы адамды улутка, жашаган жерине, саясий көз карашына жана кайсы партияга таандык экендигинен көз каранды болбош керек. Күнөөлүү адамдарды издөө, аларды аныктоо учурунда биздин азыркы басма сөздө орун алып жаткан сыяктуу жок жерден айып тагуу өңдүү көрүнүштөр парламенттик комиссиянын жыйынтыктоочу отчетунда орун албашы керек деп ойлойм.

Жыйында президентке июнь окуясын иликтеген Киммо Килюнен баштаган эл аралык комиссияны Кыргызстанга ким алып келген деген суроо берилди. Отунбаева билдиргенине караганда, аны кыргыз эли жана эл аралык коомчулук суранганынан улам Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү көптөгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин макулдук беришкен.

- Бул Отунбаеванын чечими эмес, жалпыбыздын чечимибиз болгон. Эгер муну Отунбаева өзү эле кылган десе, мен жоопкерчиликти жеке алганга даярмын.

Жыйынга Ош шаарынын мэри, Ош жана Жалал-Абад облустарынын губернаторлору да катышты. Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов да июнь окуялары боюнча өз иликтөөсүн депутаттарга сунуштады.

Жыйынга Ош шаарынын мэри, Ош жана Жалал-Абад облустарынын губернаторлору да катышты. Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов да июнь окуялары боюнча өз иликтөөсүн депутаттарга сунуштады.

Депутаттар парламенттик комиссиянын корутундусу боюнча талкууну 3-июнда да улантмай болушту.

Апрель жана июнь окуяларын иликтеген парламенттик комиссия өткөн жылдын декабрь айында депутаттардын демилгеси менен түзүлгөн.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG