Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:50

“Викиликс” орус өкмөтүн актады


Жулиан Ассанж
Жулиан Ассанж

“Викиликстин” негиздөөчүсү Жулиан Ассанж АКШнын демократиялык партиясынын хакердик жол менен алынган электрондук каттарына орус өкмөтүнүн тиешеси жоктугун билдирди.

Барак Обама президенттик кызматты Дональд Трампка тапшырарына саналуу күндөр калганда Орусиянын хакердик чабуулдары жана алардын шайлоонун жыйынтыгына таасири тууралуу кайчы пикирлер күч алды. АКШнын соңку тарыхындагы талаштуу жагдайлар көп катталган президенттик шайлоо өнөктүгү маалында жашыруун маалыматтарды ачыкка чыгарган “Викиликс” уюмунун негиздөөчүсү кайрадан үн катты.

Төрт жылдан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде баш калкалап жаткан Жулиан Ассанж “Фокс-Ньюс” менен маегинде Демократиялык партиянын жана анын талапкери Хиллари Клинтондун шайлоо өнөктүгүн жетектеген Жон Подестанын электрондук каттарын орус өкмөтүнөн алышпаганын кайталады. Бирок ал хакердик жол менен алынган бул маалыматтар Дональд Трамптын жеңишине салым кошконун же кошпогонун айта албайм деди:

- Соңку айларда бир нече жолу айттык. Орус өкмөтү биздин булагыбыз эмес. Биздин булак - мамлекеттик партия эмес. Биздин маалыматтарды Америка элинин кеңири катмары кабыл алды. Алардын баары чындык. Бирок Обама администрациясынын дооматтары буга байланыштуу эмес. Эмне үчүн мынчалык реакция кылып жатышат? Алар Ак үйгө келе турган Трамп администрациясынын легитимдүүлүгүнө шек келтиргиси келет.

Демократиялык партиянын талапкерлиги үчүн Хиллари Клинтон менен атаандашкан Берни Сандерстин тарапкерлери.
Демократиялык партиянын талапкерлиги үчүн Хиллари Клинтон менен атаандашкан Берни Сандерстин тарапкерлери.

Шайлоо өнөктүгү маалында ачыкка чыгып кеткен каттарда Демократиялык партиянын жетекчилиги Берни Сандерс эмес, Хиллари Клинтондун негизги талапкер болуусу үчүн жан үрөгөнү белгилүү болгон. Хакерлердин электрондук почталарды бузуп киришин демократтар менен АКШнын чалгын кызматтары расмий Москванын республикачылардын талапкери Дональд Трамптын жеңишине жардам берүү аракети катары баалашкан.

Президент Барак Обама хакерлер шайлоого таасир тийгизгенин түздөн-түз айтпаса да Орусиянын АКШга киберчабуул жасаганын баса белгилеп, коопсуздук кызматтарына аны иликтеп чыгууну тапшырган. Федералдык иликтөө бюросу жана Борбордук чалгын агенттиги баштаган чалгын жамааты алдын ала баяндамасында хакердик чабуулдардан Орусиянын изи көрүнгөн тастыкташкан. Декабрдын аягында президент Барак Обама Орусияга жаңы санкцияларды жарыялап, дипломатиялык макам менен иштеген 35 орусиялыкты өлкөдөн чыгарган.

Бирок кызматтык мөөнөтү аяктап бараткан президент менен Ак үйгө келе турган жаңы президенттин пикирлери эки башка чыгып жатат. Шайланган президент Дональд Трамп АКШ шайлоосуна киберчабуулдардын таасири болбогонун белгилеп келет. Мындай пикирди анын басма сөз өкүлү Шон Спайсер да жакында ырастады:

- Негизги маалымат каражаттарында хакердик чабуулдар шайлоого таасир эткени тууралуу айтылып жатат. Бирок бул боюнча бир дагы далил жок.

Дональд Трамп орус хакерлеринин АКШ шайлоосундагы ролу тууралуу айыптоолорду негизсиз деп атап келет.
Дональд Трамп орус хакерлеринин АКШ шайлоосундагы ролу тууралуу айыптоолорду негизсиз деп атап келет.

Дональд Трамп азыркы администрациянын Орусияга каршы айыптоолорун ушул аптада америкалык чалгын жамааттын өкүлдөрү менен талкуулаганы жатат. Ал шейшемби күнү бул жолугушууну атайылап кечиктирип жатат деп чалгын кызматтарын Твиттерде сынга алды. Бирок АКШнын чалгын расмийлери ал күнү Трамп менен эч кандай жолугушуу белгиленбегенин айтышты.

Андан мурдараак Трамп АКШ шайлоосу маалындагы хакердик чабуулдарды башка адамдар деле жасашы мүмкүн деп айткан эле. Бирок Борбордук чалгын агенттигинин (ЦРУ) башчысы Жон Бреннан жакында жарыялана турган баяндаманы күтүүгө чакырды:

- Дүйнөдө АКШныкы сыяктуу экспертиза жасап, анализ жүргүзө алган чалгын кызматтары жок. Андыктан баяндаманы көрө элек жана ал менен тааныша элек адамдарга айткым келет. Күтүңүздөр жана Чалгын жамааты мындай жыйынтыкты чыгараардан мурда кандай негиздерди тапканын көрөсүздөр.

Чалгын кызматтарынын баяндамасынын негизинде Барак Обама кызмат мөөнөтү аяктаганча Конгресске бул маселе боюнча маалымат тапшырат деп күтүлүүдө.

Орусия кибер чабуулдарга тиешеси жоктугун бир канча ирет билдирген. Бирок анын жүйөсүнө демократтар гана эмес, Жон Маккейн баштаган айрым республикачыл сенаторлор да ынабай турушат. Ошентсе да Дональд Трамп 20-январда кызматка расмий киришкенден кийин киберчабуулдар боюнча Орусияга жасалган мамиле жана санкциялар кандай өзгөрөрү белгисиз бойдон турат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG