Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:04

Мунай арзандашынан улам кара май өндүргөн өлкөлөрдүн баары олуттуу зыян тартты. Улуттук акчаларынын куну качып, экономикалык өсүш солгундады.

Арзан кара майдан аны импорттогон өлкөлөр пайда көрүп жатканы менен глобалдык чен-өлчөмдөн алганда экономикага таасири азыр анчалык чоң эмес.

Дүйнөдө кара май казып, аны экспорттоо менен 200дөй өлкөнүн 100дөйү алектенет.

Экспорт көлөмү жагынан эң башкы оюнчу Сауд Арабия, экинчиси Орусия. Эң ири он беш экспортчунун жарымы Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү, арасында эски совет аймагынан Казакстан дагы бар.

Кара май өндүргөн араб өлкөлөрүнүн бир артыкчылыгы - алардын мунайынын өздүк наркы башкалардыкына салыштырмалуу арзандыгында.

Мына ушул жагдай жана кара май кымбат кезде топтоп алган валюта корунун салыштырмалуу көптүгү кара майдын азыркы баасында Перси булуңундагы араб өлкөлөрүн анчалык муңайткан жок.

Эски совет аймагынын Орусия, Казакстан, Азербайжан сыяктуу өлкөлөрү болсо оор абалга кептелди, алардын таасири кыйыр жана түз түрдө айланасындагыларга да тийүүдө.

Азери өкмөтү манатты өткөн айда эркин койо бергенде бир эле күндө 50%га жакын нарксызданган.

Азери өкмөтү манатты өткөн айда эркин койо бергенде бир эле күндө 50%га жакын нарксызданган.

Мурда улуттук акчасынын алмашуу курсун тескеп, ал аркылуу кандайдыр бир деңгээлде калктын социалдык бакутбачылыгын, бийликтеги режимдердин бекемдигин камсыздап келген бул үч өлкө рубль, теңге, манатты эркин койо берүүгө, элин жакырлантууга аргасыз болду. Анткени, курсту кармай берүү мунай кымбат кезде топтолгон валюта кордун түбүнө жетүү дегенди туюндурмак.

Арзан мунай арзан бензин эмес

Кара майдын баасы дүйнөлүк базарда бычылганы менен күйүүчү майдын дүң жана чекене соодасына келгенде кырдаал мындай эмес. Күйүүчү май баасы дүйнө аймактарында жана өлкөлөрүндө ар башка жана ал мунайдыкындай деңгээлде арзандаган жок. Бул ар өлкөнүн тескөө жана салык саясатына жана башка факторлорго көз каранды маселе.

Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Эл аралык валюта корунун талдоочусу Оя Чиласун (Oya Celasun ) “Азаттык” менен маегинде буларга токтолду:

- Мында (күйүүчү май баасы мунайдыкындай деңгээлде арзандабагандыгында) эске ала турган эки нерсе бар. Алардын бири бензинди базарга алып келүү соодага чейинки чыгымды талап кылганында. Жумушчү күчү, транспорттук чыгым жана башкалар. Мунай баасы түшкөнү менен, бул чыгымдар андай деңгээлде кыскарган жок да. Демек, бензиндин мунайдай арзандабашынын каржылык компоненттери бар. Экинчи себеп, кээ бир өлкөлөрдө мунай компаниялар, кара май тазалаган ишканалар, мамлекеттик мунай компаниялар бензин баасын өз чыгашаларынын ордун толтуруу үчүн колдонушат. Ошон үчүн бензин баасын кескин түшүрүшпөйт.

Эл аралык валюта корунун өкүлү Оя Чиласун айткан көрүнүш же арзан мунай арзан бензинге айланбасы Кыргызстан үчүн да мүнөздүү.

Базарда мамлекеттик мунай компаниялар үстөмдүк кылган Орусиядан жылына бир миллион тоннадан ашуун күйүүчү май сатып алган Кыргызстанда 2014-жылдын январында АИ -92 үлгүсүндөгү бензин 37,8 сом же 77 цент болчу, азыр 34, 5 сом же 45 центке сатылууда. Башкача айтканда, төмөндөө сом менен 10%, доллар менен 40% түзүүдө. Мунай баасы болсо 2014-жылдын башынан бери 300%га жакын ылдыйлады.

Экономикалык өсүшкө таасир

Кара майдын кескин арзандашынын себептери катары дүйнөнүн биринчи экономикасы - АКШ аны сырттан аз алып калганы, атүгүл өз мунайын экспорттоого киришкени, экинчи экономика Кытайда өсүш ыргагы басаңдап, ага катар энергия керектөө да азайганы, мындан улам базарда талапка караганда сунуш көбөйгөнү менен түшүндүрүлүп келе жатат.

Эксперттердин эсебине караганда, дүйнө жылына 34 миллиард баррель мунай керектейт. Баа 10 доллар эле арзандаса 340 миллиард доллар өндүрүүчүлөрдөн керектөөчүлөргө өтөт. 2014-жылдын башынан бери болсо, кара май баррелине 80 долларга арзандап, 30-32 доллардын тегерегине түштү. Бул андан бери үч триллион долларга жакын каражат өндүрүүчүлөрдөн керектөөчүлөргө көчтү дегендик.

Экономикалык өсүш жайлаган Кытай мунайды мурдагыдан аз керектеп калды.

Экономикалык өсүш жайлаган Кытай мунайды мурдагыдан аз керектеп калды.

Бирок Эл аралык валюта корунун талдоочусу Оя Чиласун “Азаттык” менен маегинде белгилегендей, алардын байкоолоруна караганда, арзан мунай айрым оң факторлорду алып келгени менен глобалдык экономика үчүн таасири күтүлгөндөй чоң эмес:​

- Арзан мунай эң башкысы кирешени аны керектөөгө анча куштар эмес өлкөлөрдөн, керектөөгө кызыкдар өлкөлөрдү көздөй бурат. Алар адатта мунай импорттогон өлкөлөр. Арзан мунайдан керектөөчүлөрдүн чөнтөгүнө кошумча акча артат, бизнестин операциялык чыгымдары азаят. Арткан акча керектөөнү жана инвестицияны күчөтүүгө салым кошууусу керек. Экономика үчүн мындай эффекттер азыр деле бар, анткен импорттоочулардагы өсүштүн далили биз күткөндөгүдөн аз болду. Мунун бир себеби өнүккөн өлкөлөрдүн көбү глобалдык каржы кризистин залалдарынан али чыга электиги. Мисалы, Кошмо Штаттарда керектөөчүлөр сактаган акчанын көрсөткүчү көбөйүш себебин мына ушуну менен түшүндүрсөк болчудай. Экинчи жүйө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө күйүүчү майдын баасы мунайдыкына тең чамалаш болуп төмөндөгөн жок. Айтор, импорттоочулар үчүн оң таасир болгону менен бирок биз күткөндөгүдөн аз.

Андыктан, арзан мунай деле глобалдык өсүшкө анчалык дем бере алчудай эмес. Эл аралык валюта кору январдын башында кайра каралган эсептеринде дүйнөлүк экономиканын быйылкы өсүү ыргагын мурда мерчемделген 3,6 пайыздан 3,4% пайызга түшүрдү.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG