Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Грециянын тагдырын чечкен он жети саат


Евробиримдик менен келишим түзүлүшүн жактаган демонстранттар парламент алдында Грециянын жана Евробиримдиктин желектерин көтөрүп турушат. 9-июль, 2015-жыл
Евробиримдик менен келишим түзүлүшүн жактаган демонстранттар парламент алдында Грециянын жана Евробиримдиктин желектерин көтөрүп турушат. 9-июль, 2015-жыл

Еврону колдонгон мамлекеттердин лидерлери Грецияга каржылык көмөк көрсөтүү тууралуу макулдашты.

Европа лидерлери Брюсселде 17 сааттык сүйлөшүүдөн кийин Грецияга 86 миллиард евро (95 миллиард доллар) турган үчүнчү насыя траншын берүүгө жана өлкөнү евромейкиндикте кармап турууга бир добуштан келишти. Маалым болгондой, грек парламенти макулдашууда каралган шарттарды караган мыйзам долбоорлорун 15-июлга чейин кабыл алышы керек. Анда эл аралык кредиторлордун грек шайлоочулары 5-июлдагы референдумда көпчүлүк добуш менен четке каккан талаптары да бар. Ошондуктан жаңы макулдашуунун шарттарына грек өкмөтүнүн айрым мүчөлөрү каршы экендиктерин билдиришти.

Евробиримдиктин лидерлери Грецияга каржылык көмөк көрсөтүү тууралуу макулдашууга бир добуштан жетишишкени бүгүн эртең менен, Брюсселдеги 17 сааттык кырчылдашкан талкуудан кийин белгилүү болду. Европа кеңешинин башчысы Дональд Тусктун басма сөз жыйында маалымдашынча, макулдашуу Грецияга дефолтту жана саясий кризисти айланып өтүүгө жардам берет.

Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер, Европа кеңешинин башчысы Дональд Туск жана Евротоптун төрагасы Йерун Дейсселблум Брюсселдеги маалымат жыйынында
Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкер, Европа кеңешинин башчысы Дональд Туск жана Евротоптун төрагасы Йерун Дейсселблум Брюсселдеги маалымат жыйынында

- Бүгүн бизде бир гана максат – келишимге жетишүү болду. Акыры биз ага жетише алдык. Бул чечим Грецияга европалык өнөктөрүнүн колдоосун алууну улантууга жардам берет. Лидерлер Грецияга олуттуу колдоо көрсөткөн сүйлөшүүлөрдү баштоону макулдашты.

Ошол эле кезде Дональд Туск “келишимди аткаруу үчүн бир катар шарттар бар экенин” да кошумчалады. “Европа келишимдин жол картасын макулдашты. Эми калган маселе анын аткарылуусуна байланыштуу” деди Эстониянын премьер-министри Таави Ройвас. Ал эми Франция президенти Франсуа Олланддын айтышынча, грек парламенти бир нече саат ичинде жаңы "реформаларды" баштоого тийиш. Маалым болгондой, келишимде каралган шарттарды камтыган мыйзамдарды грек парламенти 15-июлга чейин кабыл алышы керек. Евробиримдиктин каржы министрлеринин топ башчысы Йерун Дейсселблум:

- Грек парламенти бир катар маселелер боюнча мыйзамдарды кабыл алса, Евробиримдиктин мүчөлөрүнүн өз ар ишенимин кайра жандандырат. Ошондой эле гректер азык-түлүк, эмгек базарында жана башка реформаларды алдыга жылдырууда милдеттеме алганын көрсөткөн өтө так келишимдер кабыл алынат.

Премьер-министр Алексис Ципрастын айтымында, Брюсселде мүмкүн болгон эң мыкты келишим түзүлгөн. Бирок макулдашууга солчул грек өкмөтүнүн өзүндө, башкача айтканда, премьер-министр Алексис Ципрас жетектеген "Сириза" партиясында да каршылар жок эмес. Андыктан жаңы шарттар парламентте колдоо табабы деген маселе жаралууда. Грециянын эмгек министри Панос Скурлетис 13-июлда мамлекеттик телевидениеде чыгып сүйлөп, Германия башында турган эл аралык кредиторлордун шарттарын кабыл алынгыс деп айыптады жана анын арты жаңы шайлоолорго алып келиши мүмкүн деп эскертти.

Европа борбордук банкы, Еврокомиссия, Эл аралык валюта фонду жана Германия жаңы насыяларды берүү жана карызды жеңилдетүү үчүн Грецияга бир катар талаптарды коюп келген. Анда пенсия жашын 67ге көтөрүү, салыктарды жогорулатуу, бюджеттик чыгымдарды кыскартуу жана мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүгө уруксат берүү бар.

Германиянын канцлери Ангела Меркел, Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас жана Франция президенти Франсуа Олланд. Брюссель
Германиянын канцлери Ангела Меркел, Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас жана Франция президенти Франсуа Олланд. Брюссель

Грек өкмөтү аларды аткарууга бир канча айдан бери караманча-каршы болуп келген жана анын арты өлкө евроаймактан чыгып кетеби деген суроолорду жараткан. Грек шайлоочулары да 5-июлдагы референдумда эл аралык кредиторлордун шарттарын көпчүлүк добуш менен четке каккан.

Бирок өткөн жума күнү премьер-министр Алексис Ципрас эл аралык кредиторлордун талаптарын жарым-жартылай кабыл алган жаңы планын Евробиримдикке жөнөткөн болчу. Евротоптун төрагасы Йерун Дейсселблум Грецияга жардам берүү үчүн Европа туруктуулук банкы түзүлөрүн айтты:

- Албетте, биз каржылык муктаждыкты жана карыз маселесин карашыбыз керек. Макулдашууда фонд түзүү да бар. Ал фонд түзүлсө активдер ошол фондго берилет жана ал фонд менчиктештирүү, же активдерди иштетүү аркылуу алардан каражат табууга аракет кылат. Бул акчалар карыз менен күрөшүүгө жана аны кыскартууга колдонулат.

Буга чейин эки тарап тил табыша албаса, Грециянын банктары кабылган кризистин арты өлкөнүн Евробиримдиктен чыгышына алып келиши ыктымал деген чочулоолор айтылып жаткан.

Греция 300 миллиард долларга жеткен карызын эл аралык кредиторлорго өз мөөнөтүндө төлөй албай калган. Өлкөнүн банктары эки жумадан бери жабык турат жана кардарларга күнүнө 60 евро гана накталай акча берилүүдө.

XS
SM
MD
LG