Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:24

Иран ири өлкөлөр менен келишимге келди


ЕБ өкүлү Кэтрин Эштон Иран делегациясы менен. Женева, 24-ноябрь, 2013.
ЕБ өкүлү Кэтрин Эштон Иран делегациясы менен. Женева, 24-ноябрь, 2013.

Женевада Ирандын ядролук программасы боюнча Иран менен алты бакубат өлкөнүн сүйлөшүүсүндө тараптар мунасага келишти.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштарын тейлеген Кэтрин Эштондун айтымында, Женева сүйлөшүүсүндө Ирандын талаштуу ядролук программасы боюнча келишим жетишилди:

– Кызуу сүйлөшүүлөрдөн кийин биз узак мезгилдүү, толук чечимге алып баруучу мамилеге жол ачуучу биргелешкен план боюнча мунасага келдик.

Иран менен ири алты держава мындай макулдашууга жетишкени жекшембинин таңында жарыяланды. Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф да мунаса жетишилгенин твиттерде бышыктады.

Британия, Кытай, Франция, Орусия, АКШ, Германия катышкан сүйлөшүүдө Иранга ядролук программасынын айрым аспектилерин токтотсо, санкцияларды жеңилдетүү сунушталып жаткан эле. Иран атомдук ишмердигин 6 айга токтотсо, Батыш киргизген айрым санкцияларды алып салаары да айтылган.

Иран дүйнө державалары менен жетишилген келишимге жогору баа берип, өлкө жетекчилери бул келишим Ирандын яролук программасын сактап калуу укугун тааный тургандыгын белгилешти.Маселен Ирандын руханий жол башчысы Аятолла Али Хаменеи Женевада жетишилген келишим алдыдагы прогресске жол ачаарын белгиледи.

Иран президенти Хасан Роухани болсо сүйлөшүүнүн жыйынтыгында дүйнө державалары Ирандын ядролук укуктарын тааныганын айтты:

- Иран улутунун өз аймагында уран байытуу укугу бар. Ар ким ар кандай айтышы мүмкүн. Бирок жетишилген келишимдин текстинде Иран уран байытууну уланта бере алаары ачык айтылган. Ошондуктан мен Иран элине өлкө уран байытууну мурдагыдай эле уланта бере алат деп айткым келет.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван Йи алдын ала келишим Жакынкы Чыгышта тынчтыкты бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.

Бирок Израилдин өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху макулдашууга каршы чыкты.

- Өткөн түнү Женевада тарыхый келишим эмес, тарыхый катачылык жетишилди. Дүйнөдөгү эң коркунучтуу өлкөлөрдүн дүйнөдөгү эң коркунучтуу куралга ээ болуу багытында чоң кадам таштаганы дүйнөнү мурдагыдан да коркунучтуу жайга айландырды. Биринчи жолу дүйнөлүк державалар Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин өздөрү кошо жазышкан резолюцияларын көңүл сыртында калтырып, Ирандын уран байытуусуна макул болушту.

АКШ өкмөтүнүн билдирүүсүндө айтылгандай, бул келишимге жараша Иран уранды беш пайыздан ашык байытпоого жана алты ай ичинде буга чейин 20 пайызга байытылган уранын нейтралдаштырып, 5 пайызга түшүрүүгө макул болду. Иран ошондой эле уран байытуучу башка центрифуга орнотпоого, оор суу менен иштеген талаштуу Арак реакторун иштетпөөгө сөз берди. Америкалык өкүлдөрдүн сөзү боюнча, Тегеран ошондой эле ядролук программасы боюнча буга чейин болуп көрбөгөндөй ачыктыкка жана көп тараптуу көзөмөлгө макул болду.

Өз кезегинде сүйлөшүүгө катышкан өлкөлөр алтын, баалуу металл жана мунай-химиялык заттар экспортуна киргизилген санкциялардын басымдуу бөлүгүн убактылуу токтотушат. Алар ошондой эле Ирандын жарандык учактарын оңдоого чектөөлөрдү күчүнөн кетиришет.

Бул өңдөнгөн чаралардын акча түрүндөгү наркы 7 миллиард 200 миллион доллар менен өлчөнүүдө.

Женевадагы бул сүйлөшүүнүн жаңы айлампасы төрт күн мурда, 20-ноябрда башталган эле. 7-9-ноябрда өткөн сүйлөшүүдө оң жылыштар болгону менен, тараптар бир бүтүмгө келе алган эмес.

XS
SM
MD
LG