Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

АКШ, Иран жана Маймыл


Иран: Окумуштуу учкуч-маймылды белгисиз жайда кармап турат. 28-январ, 2013-ж.
Иран: Окумуштуу учкуч-маймылды белгисиз жайда кармап турат. 28-январ, 2013-ж.

Кошмо Штаттар Ирандын космоско маймыл учурганы чын болсо БУУнун резолюциясын бузгандыкка жатаарын эскертти. Ушул дүйшөмбүдө Иран космоско маймылды ийгиликтүү учурганын жарыялаган.

Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Виктория Нуланд Ирандын маймылды учурганы чын экендиги азырынча беймаалымдыгын мындайча билдирди:

– Маймылга байланыштуу кабардын анык-так экенин бышыктоого бизде мүмкүнчүлүк жок. Бирок бизди Ирандын космоско унаа учуруу технологиялары тынчсыздандыраары жакшы белгилүү. Жердин орбитасына кандайдыр бир обьектти жайгаштыра ала турган комостук унаанын алыска атуучу баллистикалык рактеталар менен катар, спутник учуруучу унаа технологиясына да түздөн түз тийешеси бар.

Нуланд ошондой эле Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1929-Резолюциясы Иранга «ядролук куралды ташуучу баллистикалык ракетага тийешеси бар ар кандай иш-аракеттерге тыюу салаарын" эскертти.

Ирандык расмий өкүлдөр дүйшөмбүдө ичинде маймыл салынган космостук чөлмөк Жерден 120 чакырым бийиктикке көтөрүлүп, кайра аман-эсен кайтып келгендигин жарыялашкан. Ирандын коргоо министри Ахмад Вахиди Иран муну менен космос мейкиндигине адам баласын жиберүү багытында ири кадам жасагандыгын белгиледи.

Иран 2011-жылы эле космоско маймыл жөнөтүү планын жарыялаган, бирок ал аракет үзгүлтүккө учурап калган шекилдүү.

Ирандын дүйшөмбүдөгү билдирүүсүнө көз карандысыз тастыктоо боло элек.

Ирандын маймыл-учкучу космоско жеттиби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:25 0:00

Ал арада Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүнүн мөөнөтүнө байланыштуу Иран менен дүйнө державаларынын ортосунда өйдө-төмөн талаш-тартыш уланууда.

Бул программага байланыштуу Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши жана Батыш өлкөлөрү Иранга өтмө катар санкцияларды киргизишкен.

Европа Биримдиги Иранды ушул жумада Стамбулда өтчү ядролук сүйлөшүүдөн баш тартканы үчүн сынга алды. Биримдиктин тышкы иштерин тейлеген Кэтрин Эштондун маалымат катчысы Майкл Манн 28-январда Биримдимдикте көңүл калды маанай өкүм сүрөөрүн белгилеп, феврал айында жаңы даталарды сунуш этти.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров сүйлөшүүнүн болбой калышы өтө өкүнүчтүү экендигин белгиледи.

Мамдепартаменттин маалымат катчысы Нуланд Иранды ыкка келип, сүйлөшүүүгө макул болууга чакырды:

– Биз сүйлөшүү кайсы жерде же качан өтөөрүн тактай элекпиз. Бул маселелерди аныктоодо биз Ирандын жардамына муктажбыз.

2012-жылы Москва, Стамбул жана башка жактарда өткөн сүйлөшүүлөрдөн майнап чыккан эмес. Тараптар Ирандын уранды байытуу программасы боюнча мунасага келе албай убара. Байытылган уран ядролук курал жасоого жол ачышы мүмкүн болгондуктан, Батыш өлкөлөрү бул мүмкүнчүлүктү чектөөнүн аракетин көрүүдө.

XS
SM
MD
LG