Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:35

БУУнун башкы катчысы Иранды каарыды


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Тегеранда Иранды Холокостту танып, Израилге акарат кылганы үчүн сынга алды.

Ирандын баш калаасында бүгүн башталган Эч бир ири блокко кошулбаган мамлекеттер кыймылынын чоң жыйынында ошондой эле Египеттин президенти Иранга ыктаган Сириянын жетекчилигин сындап чыкты.

Эч бир ири саясий-согуштук блокко кошулбаган мамлекеттердин кыймылы Иран Ислам Республикасы үчүн маанилүү эл аралык форумдардын бири саналат. Бирок дал ушул жыйындын ачылышында Иран өзү сынга кабылып отурат. Ошондой эле анын тышкы саясатында талылуу маселеге айланган Сирия боюнча кызуу талкууга жем таштоочу сөздөр айтылды.

30-августта ачылган эки күндүк саммитте Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун сүйлөп, Ирандын Израилди жок кылуу чакырыктары "жосунсуз жорук" экендигин эскертти:

БУУга кирген бир өлкөнүн экинчи мүчө өлкөнү жок кылам деп коркутканына, же Холокост сыяктуу тарыхый фактыларды болгон эмес дегенге мен караманча каршымын.

Баш катчы "БУУнун мүчөсүн жашоого укугу жок деп коркутууга, же мындай өлкөнү расисттик сөздөр менен сөккөнгө жол берилбеши керек" деп кошумчалады.

Экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде Холокостто нацисттик Германия тарабынан чындыгында да 6 миллиондой жөөттүн жок кылынгандыгына Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад буга чейин көп ирет күмөн саноосун билдирген. Ал ошондой эле Израилди "картанын бетинен сүртүп салыш керек" экендигин айткан, ал эми жакында бул өлкөнү Жакынкы Чыгыштын "рак шишиги" деп мүнөздөдү.

Пан Ги Мундан кийин Махмуд Ахмадинежад сөз алды. Ал Бириккен улуттар уюмун сындап, "жаңы дүйнөлүк тартип орнотууга" чакырды. Иран президенти "дүйнөдө болуп жаткан бардык согуштар менен кыргындарды дал ушул БУУнун Коопсуздук кеңеши жактырган" деп ырастады.

"Бүгүнкү дүйнө лидерлери кечээги күндүн кулдары, алар согуш баштап, башка мамлекеттерди алсыратып, кемсинтет, күнөөсүз адамдарды өлтүрөт" деди Ахмадинежад өз сөзүндө.

Пан Ги Мун Иранды уран байытуу программасын чектебесе, согуш чыгып кетүү коркунучу бар экендигин эскертти.

Эч бир ири блокко кошулбаган мамлекеттердин жыйынын ачканда Ирандын диний жол башчысы Аятолла Али Хаменеи анын өлкөсү ядролук энергия чыгаруу укугунан эч качан баш тартпай турганын айтып, "ошол эле учурда Иран эч качан ядролук курал жасоону максат кылган эмес" деди:

– Биз – ядролук энергияны бардыгы өндүрсүн, ядролук курал эч кимде болбосун деп эсептейбиз. Биздин мындай турумубуз ярдолук энергия өндүрүү жана бардык мамлекеттерге пайдалуу боло турган негиздер боюнча айрым өлкөлөрдүн бир тараптуу көз караштарына каршы келет.

Тегеран саммитиндеги андан аркы талкуу Сирия тууралуу жүрдү. Египеттин президенти Мохаммад Морси Сириянын Иранга ык тарткан бийлигин «кысымчыл» деп мүнөздөп, бул өлкөдө тынчтык жол менен демократия орнотууга чакырды. Ал Сирия элинин күрөшүн колдоо эл аралык коомчулуктун милдети экендигин белгилеп, кан төгүүнү токтотуу үчүн "күжүрмөн аракет көрүүгө" үндөдү.

Эч бир ири согуштук-саясий блокко кошулбаган өлкөлөрдүн саммити эки күнгө созулат. Ага дээрлик 30 өлкөнүн мамлекет башчылары катышууда.

XS
SM
MD
LG