Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:09

Лондон-Москва тиреши: эски жара козголду


Борис Березовский
Борис Березовский

Британия менен Орусиянын тиреши күчөп, айыптоолор жаңыланууда. Орус дипломаттарын аймагынан чыгарууну чечкен өлкөлөрдүн катары калыңдап баратат. Орус тышкы иштер министрлиги айыпты Лондонго оодарып, мурда Британияда өлгөн жарандарын эске салды.

- Баса, 24. Дүйнөдө канча өлкө бар? 200дөн ашуун мамлекет бар. Демек, бул сезилерлик сан эмес, – деди Орусиянын Австралиядагы элчиси Григорий Логвинов.

Ал Британияга тилектеш болуп аткан өлкөлөрдү көп деп эсептебейт. Ал эми Украинанын мурдагы президенти Виктор Ющенконун баасы башкача:

- Тилектештик, эл аралык тилектештик. Билесизби, орусиялык дипломаттарды чыгаруу тууралуу 24 өлкөнүн чечими дүйнөдөгү эң маанилүү тарых. Бул Путиндин бийлигине бир нече ай ичинде урулган эң кубаттуу сокку.

Элчи да, экс-президент да оозун жыйгыча, 28-мартта орус дипломаттарын кууган өлкөлөр, НАТОну кошкондо 28ге жетти.

Персона нон-грата деп жарыялаган дипломаттар 150дөн ашты. Көбү эл аралык байланышты чыңдабай эле тыңчылык кылган деп айтылып келет.

Мекенине кайтууга аргасыз болгон дипломаттар, алардын үй-бүлөсү коштошуу учурунда. Лондон, 20-март, 2018-жыл
Мекенине кайтууга аргасыз болгон дипломаттар, алардын үй-бүлөсү коштошуу учурунда. Лондон, 20-март, 2018-жыл

Орусиянын жаңы жооптору

Шаршембиде Федералдык Кеңештин спикери Валентина Матвиенко буга "өзүнө жараша жана теңме-тең жооп кайтарабыз" деп билдирди. Бирок Москва АКШ баштаган башка өлкөлөргө конкреттүү чара көрүүнү баштай элек. Мурда Британияга жооп иретинде 23 дипломатты аймагынан чыгарганы белгилүү.

Орусия Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү кызык болду. Анда "Британия бийлиги өз аймагындагы орус жарандарынын коопсуздугун камсыздай албай жатат" деп айтылат. ФСБнын мурдагы офицери Литвиненко, ишкерлер Патаркацишвили, Перепиличный, Березовскийдин өлүмүн жана Скрипалдын өзү менен кызынын оор абалда жатканын ал билдирүүдө мисалга тартат.

Солсберидеги окуяга британ атайын кызматынын катышы болушу ыктымал деп айыпты кайра өздөрүнө оодарды.

Перепиличный, Литвиненко, Березовский...

Жогоруда аты аталган адамдардын баары убагында Британиядан башпаанек алышкан.

Александр Перепиличный Кремлдин сынчысы, орус бийлигиндеги аткаминерлердин арам акчаны адалдоо иштерин иликтөөдө эл аралык сотко жардам берген.​

Александр Литвиненко ооруканада. 2006-жыл, ноябрь
Александр Литвиненко ооруканада. 2006-жыл, ноябрь

Александр Литвиненко Орусиядагы турак жайларды жардыруунун жана башка теракттардын артында өлкөдөгү атайын кызмат турат деп айтып чыкканы белгилүү.

Борис Березовский да Путин башындагы бийликтин дагы бир элдешкис сынчысы эле. ​Ал Литвиненконун ууландырылып өлтүрүлүшүнүн артында орус бийлиги турарын айтып келген.

Булардын баарынын өлүмүнө Кремлдин катышы болушу мүмкүн деген кинелер эбактан бери айтылып келет. Азыр кызуусу басаңдап калган эле. Скрипалдын окуясы учурунда орус Тышкы иштер министрлиги аларды кайра өзү эске салды.

Ющенко үн катты

Буга удаа эле Украинанын мурдагы башчысы, 2004-жылы президенттик шайлоонун алдында ууландырылган Виктор Ющенко үн катты. Пикирин жогоруда окудук. Ал да уулануусун Кремлден көргөн.​

Виктор Ющенко. Июнь, 2007-жыл.
Виктор Ющенко. Июнь, 2007-жыл.

Катерина Ющенко күйөөсүнө байланыштуу ошол күндөрдү мындайча эскерди:

- Шайлоо процесси, үгүт учурунда өмүргө кол салуу болот деп бизге бир нече жолу эскертишкен. Чынында эле анын учагына коркунуч жаралган, машинеси жолдон чыгып кетти. Ал мезгилде көп тактикалар колдонулган. Биз бирдеке болорун божомолдоп жүрчүбүз. Бирок дал ошол убакта буга ишенгибиз келбеди. Ошонүчүн бир нече күн бою илдет катары мамиле жасадык. Акыры начарлагандан начарлай бергенде аны (Виктор Ющенкону) чет өлкөгө алып бардык. Ал жактан ууланган деген диагноз коюшту.

Кайым айтышуу, дипломатиялык соккулар ошентип күн санап күчөп баратат. Бул тапта жаңжалдын чордонундагы мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипалдын жана анын кызы Юлиянын абалы оңолбой, оор бойдон турганы кабарланууда.

Сергей Скрипаль, Юлия Скрипаль
Сергей Скрипаль, Юлия Скрипаль

Алар 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында эс-учун жоготкон жеринен табылган. Британ бийлиги ата менен кыз Советтер Союзунда жасалган "Новичок" деген топко кирген, нервди сенек кылчу затка ууланганын билдирген. Мунун артында Орусия турат деп айыпташат. Москва аны четке кагууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG