Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:22

НАТОнун чек арасы кеңейүүдө


Черногориянын тышкы иштер министри Игорь Луксис жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. Брюссел, 2-декабрь, 2015-жыл
Черногориянын тышкы иштер министри Игорь Луксис жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. Брюссел, 2-декабрь, 2015-жыл

НАТОго мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери 2017-жылы Черногорияны аталган аскердик союзга кабыл алууну макулдашты. Кийинки кезекте Македония, Герцоговина, Босния жана Грузия турат.

Черногорияга аскердик блокко кошулууга расмий чакыруу берилди. НАТОнун чек арасынын дагы бир өлкө менен толукталып, кеңейишин шарттаган мындай макулдашуу Орусиянын тынчын ала баштады. Кремл НАТОнун кеңейишине карата жооп кайтаруучу чаралар болорун убада кылууда.

Черногория чакыруу алды

Түндүк альянстын Брюсселдеги штаб-квартирасында болуп өткөн НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйынында Черногорияны бул аскердик союзга чакыруу чечими бир добуштан бекитилди. Буга чейин НАТОнун мүчөлөрү 28 мамлекетти түзсө, Черногориянын бул уюмга кириши менен анын саны 29га толуктала турганы белгиленди.

НАТОнун баш катчысы Столтенберг Черногория 2006-жылдан бери бир катар реформаларды жүргүзүп, коюлган талаптарды так аткарганын айтып, бул тарыхый чечимдин кабыл алынышы менен куттуктады:

- Бул расмий чакыруу НАТОго кирүүгө умтулуп жаткан бардык өлкөлөргө чоң стимул болду деп эсептейм. Анан калса бул өзгөчө Батыш Балкан өлкөлөрү үчүн жакшы жаңылык. Анткени Батыш Балкандагы кайсы бир мамлекеттин НАТОго кирүүсү жалпы аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту камсыздоого чоң жардамын тийгизет.

Черногориянын жетекчилиги буга чейин эле НАТОго мүчө болуу ниетин билдирип келген болчу. Бул үчүн уюмга чакыруу чечими чыккандан кийин гана мүчөлүккө кабыл алуу жараяны башталат. Адриатика деңизинин жанында жайгашкан чакан Черногория мамлекети курамы эки миң адамдан турган улуттук армияга ээ.

Батыш Балкандын коопсуздугу жана мүчөлүккө талапкерлер

Жыйында бул чечим бир эле Черногориянын эмес, бүтүндөй Балкан жарым аралынын коопсуздугун бекемдөө үчүн маанилүү экени айтылды. Черногориянын тышкы иштер министри Игорь Луксис НАТОго кабыл алууга расмий чакыруу бүтүндөй Батыш Балкан үчүн жагымдуу белги болгонун айтты:

- Бүгүн эртең менен биз тарыхый чечим кабыл алдык. НАТОдогу 28 союздаш Черногориянын альянска кошулушуна байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырды. Бул тарыхый жетишкендик. Черногория коюлган талаптарга ылайык бир топ реформаларды жүргүздү. Ал биздин жалпы баалуулуктарыбыздын жана эл аралык коопсуздуктун жактоочусу экенин көргөздү. Ошондуктан Черногориянын калкын жана өкмөтүн бул жетишкендиги менен куттуктайм. Черногориянын НАТОго мүчөлүгү анын коопсуздугун камсыздайт.

Ошол эле кезде Орусия бул кабарга тынчсыздануу менен чукулунан жооп берди. Президент Путиндин расмий өкүлү Дмитрий Песков НАТОнун кеңейишине карата Орусия тараптан жооп кайтаруучу аракеттер болорун билдирди. Бирок Дмитрий Песков алар кандай аракеттер экенин ачыктаган жок. Бирок ал мындай чаралар Орусиянын коопсуздугун бекемдөөгө жана НАТО менен тең салмактуулукту сактап турууга багытталарын кошумчалады. Ошол эле кезде АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Москванын бул чочулоосун жайгарып, НАТО кайсы бир өлкөгө, анын ичинде Орусияга коркунуч жаратпай турганын билдирди.

Москва буга чейин 2009-жылы Черногорияны НАТОго кабыл алууга тоскоолдук кылууга аракеттенген болчу. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги мурда Черногориянын түндүк альянска кириши эки тараптуу мамилеге дагы бир ирет сокку урат деп билдирген. Ошондой эле Москва НАТОнун Балканга карап жайылышы жана Черногориянын Европага умтулушу жакшылыкка алып келбейт деп эскерткен.

Мындан 16 жыл мурун Косоводогу согушта Черногория Сербия тарапта болгондуктан альянс анын аймагын бомбалаган болчу. Азыр эми мына ошол Черногория НАТОнун 29-мүчөсү болгону турат. Расмий чакырууну кабыл алган Черногориянын НАТОго кошулуу жараяны 18 айды түзөт. НАТОго кирүүгө даярдык көргөн кийинки талапкерлер катары Балкандагы Босния, Герцеговина, Македония жана Кавказдагы Грузиянын аттары аталды. Мына ошондо Балкан жарым аралында Орусия менен ымаласы жакын жалгыз Сербия калды. 2008-жылы Грузиянын НАТОго умтулуусу анын Орусия менен беш күндүк согушка алып келген. Альянстын баш катчысы Столтенберг бул ирет Грузия НАТОго кирүүгө жандуу даярданып, 2008-жылы Орусия оккупациялаган аймактарын кайра кайтарууну көздөп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG