Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Путин Кыргызстанды Евразия Союзуна тартат


4-октябрда В.Путин пост-советтик мейкиндик үчүн маанилүү саясий билдирүү жасады. “Известия” гезитине 2012-жылы Бирдиктүү экономикалык аймак түзүлөрүн жар салды.

Премьер-министр Владимир Путин «Известия» гезитиндеги макалада 2012-жылдын 1-январынан ишке кирчү Евразия кызматташуу долбоорун үч өлкө үчүн эмес, жалпы пост-советтик мейкиндик үчүн тарыхый окуя деп атайт.

Анын жазышынча, азыркы Беларус, Казакстан жана Орусияны камтыган Бажы Союзу соода, капиталдын эркин айлануусунда жана жумушчу күчүндөгү бардык тоскоолдуктарды тып-тыйпыл кылып, 165 миллион керектөөчүсү бар рынокту түзөт.

Путиндин айтуусунда, 2009-жылы негизделген Бажы Союзу Европа Биримдиги жана башка регионалдык уюмдардын мыкты тажрыйбасына таянууга тийиш. Ал эми түпкү максат - Евросоюздун деңгээлинен да күчтүү интеграцияга жетишүү.

Евразия экономикалык жамаатынын мамлекеттер аралык жыйыны, 2010-жылдын 9-декабры
Серепчилердин айтымында, Владимир Путин мурдагы Советтер Союзун эске салып, эл сүймөнчүгүнө ээ болууну көздөөдө.

Павел Салин Москвадагы Саясый конъюнктура борборунун талдоочусу, анын айтымында:

- Путин империяны калыбына келтирүүнү каалаган шайлоочулардын көңүлүн алууда. Мурдагы империяны сагынгандар бар. Ал Советтер Союзу форматында болуп, бирок ага Борбор Азия, Балтика, Түштүк Кавказ кошулбашы мүмкүн. Бирок мурдакы империяны кайра түптөшү абзел. Путин элдеги ошол маанай менен ойноодо.

Владимир Путин СССРдин кыйрашын “XX кылымдагы эң чоң геосаясий катастрофа” деп атаганы маалым. "Кеп СССРди тиги же бу кейпинде түзүү жөнүндө болуп жаткан жок. Эски заманда калган нерсени тууроо же бутуна тургузуу дөдөйлүк болмок. Бирок жаңы баалуулуктарга таянып, саясий-экономикалык негизде камыр-жумур мамиле куруу мезгил талабы”,-дейт Путин.

Москвадагы Карнеги борборунун серепчиси Николай Петровдун пикиринче, “Известияга” басылган макала 4-декабрда Орусияда өтчү парламенттик шайлоо алдында элдин көңүлүнө Путиндин тышкы саясаттагы ийгиликтерин эске салып коюуну көздөйт.

- Бул макалада Орусиянын тышкы саясаты жөнүндө эч кандай жаңы нерсе жок. Макалада Путин Орусияга коңшу өлкөлөр менен канчалык жемиштүү саясат жүргүзгөнүнө болушунча ишара кылат. Бул макала Путиндин прогрммасы эмес, анын жетишкендигинин көргөзмөсү.

Путиндин жазганына караганда, Бажы Союзу менен Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү болочокто Евразия экономикалык биримдигин курууга кенен жол ачат. Аталган эки уюмга Кыргызстан менен Тажикстан удаалаш тартылат экен.

Москвалык эксперт Павел Салиндин баамында, үчүнчү ирет президенттик тактыга отурууга дилгирленип жаткан Путинде береги макала аркылуу башкаруучу элита арасындагы абрюн көтөрүп алайын деген да ниети бар.

- Путин азыр өтө кыйын абалда турат. Анткени бийликтин рейтинги, анын ичинде анын жеке рейтинги ылдыйлап барат. Ошон үчүн ага чүкөнү шайлоочулардын ишенимине киргендей кылып өкчөө керек.

Ырас, Путиндин саясий салмагы азыр 70% кырында турат. 2008-жылы орусиялыктардын 85% аны колдочу. Ал эми быйыл июндагы сурамжылоодо элдин 40% гана башкаруучу “Бирдиктүү Орусия” партиясына ишенээрин көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG