Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:03

Йемен: Бийликти өткөрүү планы нааразылыкты токтото албады


Йемен -- Аскерлер Салехтин колдоочулары менен кагылыша кеткен демонстранттарды таратууда. Таиз, 22-апрель.
Йемен -- Аскерлер Салехтин колдоочулары менен кагылыша кеткен демонстранттарды таратууда. Таиз, 22-апрель.

АКШ Йемен президенти Али Абдалла Салехтин бийликти өткөрүп берүүгө макул болушун кубаттады.

Ортомчулар сунуш кылган планды Салех кабыл алганы менен анын шарттарына нааразылыкка чыккандар канааттанбагандай.

Салех бийликтен кетет, бирок кол тийбестигин сактап калат

Ак үйдүн билдирүүсүндө айтылгандай, Вашингтон “Йемен элинин үмүт-тилегине жооп бергидей кылып бийликти тынчтык жол менен өткөрүү боюнча планды колдойт”. АКШ буга катар тараптардын баарын бул планды тезинен ишке ашырууга чакырды. Йемен президенти Али Абдалла Салех бийликти отуз күндүн ичинде өткөрүп берүүсүн караган планга Перси булуңу кызматташтык кеңешине кирген өлкөлөрдүн, анын ичинде Сауд Аравиянын ортомчулугу астында жүргөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында макул болду.

Мындай жарыя 23 миллион калкы бар Йеменди 32 жылдан ашуун убакыттан башкарып келе жаткан Салехтин бийликтен кетишин талап кылган нааразылык акцияларына эки ай болуп калган соң жасалды. Салех буга чейин 2014-жылы, азыркы кызмат мөөнөтү аяктамайынча бийликти бербесин айтып келген.

Йемендик жаштар да көчөгө араб дүйнөсүнүн башка бөлүктөрүндөгү толкундоолорго шыктанып, өзгөрүүлөрдү талап кылып чыгышууда. Алар президентти коррупцияга малынганы жана жакыр өлкөнү дурустап башкара албай жатканы үчүн айыпташкан. Өкмөттүк күчтөрдүн демонстранттарга күч колдонушунан улам эки ай ичи расмий эсепте, 120дай кишинин өмүрү кыйылды.

Перси булуңундагы араб өлкөлөрүнүн башын бириктирген уюм – Перси булуңунун кызматташтык кеңеши иштеп чыккан планга ылайык, оппозиция менен келишимге кол коюлгандан бир ай ичинде Салех бийликти вице-президентке өткөрүп берет. Мунун ордуна ал соттук куугунтуктан иммунитет алат. Иммунитет Салехтин үй-бүлөсүнө жана жакын кызматташтарына да берилет. Планга ылайык, жаңы президенттик шайлоо Салех бийликтен кеткенден эки ай ичи өткөрүлөт.

Йемендин маалымат министринин орун басары Абду аль-Жанадинин айтымында, макулдашууга АКШ, Европа Биримдиги жана Перси булуңу кызматташтык кеңеши уюмунун өкүлдөрүнүн катышуусу астында кол коюлмакчы. Өкмөт өкүлү ошондой эле президент Салех кызматтан чегинүүгө эл аралык кысымдан улам макул болгонун жашырган жок жана оппозицияны да сунушту кабыл алууга үндөдү:

- Мен оппозициялык партиялардагы бир туугандарды жана бийликтеги Элдик конгрессти, алардын өнөктөштөрүн биргелешкен жыйынга чакырам. Бул биримдикти, демократияны сактоо жана бийликти тынч, жай салмак менен өткөргүдөй келишимге биротоло кол коюу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк деп айтсак болот.

Демонстранттар Салехке ишенбейт

Йемендеги оппозициянын башкы коалициясы пландын негизги жоболору менен макул экендигин, башкача айтканда айрым эскертүүлөр менен кабыл аларын билдирди. Мурда ал президент Салехке иммунитет берүү идеясын четке кагып келген. Бирок эки айдан бери нааразылыкка чыгып жүргөндөрдүн баары, өзгөчө жаштардын топтору планга макул болобу же жокпу бул белгисиз. Кабарларга караганда, өлкө аймактарында жаштардын нааразылык акциялары али уланууда.

Мохаммед Абдель Хамид аль-Шарбани ысымдуу демонстрант жекшемби күнү кабарчыларга буларды айтты:

- Али Салех калпычы. Биз ага ишенбейбиз. Ал 33 жыл боюу калп айтып келди. Бир да жолу чындыкты айткан жок. Эгер ал ишенүүгө жараса, бир-эки калпын кечирсе болот эле. Бирок биз ага ишенбейбиз.

Али Абдалла Салехти туруксуздукка жана “ал-Каида” террордук уюмунун Йемендеги активдүү бөлүмүнө каршы туруудагы таяныч катары бир нече жылдан бери колдоп келген коңшусу Сауд Аравия жана эл аралык колодоочусу АКШ соңку кездери ага бийликти өткөрүп берүү боюнча сүйлоөшүү жүргүзүүсү үчүн кысым көргөзө баштаган.

Эми ал чын эле бийликтен кетсе, бул аймактын реформа жөнүндөгү талаптарга али моюн сунбай, ички элдик козголоңдорду басууга умтулуп жаткан башка автократ лидерлерине да кысымды күчөтүшү ыктымал.

Салех өзү Би-Би-Сиге берген интервьюсунда өкмөткө каршы демонстрациялардын мындан ары улануусунун коркунучтуулугун эскертти. Анын пикиринде, нааразылык акцияларын мамлекеттик төңкөрүшкө теңөөгө болот жана аларды кабыл алуу жарабайт. Салехтин ырастоосунда, Йеменде көчөгө чыккандар арасында, ал-Каиданын да жактоочулары бар жана бул Батыш өлкөлөрү үчүн да терс кесепеттерди алып келиши мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG