Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Жерге-Тал: армия элдин жерин талашууда


Жерге-Тал. Тажикстан
Жерге-Тал. Тажикстан

Тажикстандын кыргыздар жашаган Жерге-Тал районунун тургундары айдоо жерлери толугу менен аскерлердин карамагына өтүп кеткенине нааразы болуп, борбордук бийликке кайрылуу жолдоду.

Жерге-Тал районунун чыгышында орун алган Алга айылдык жамаатынын эли айдоо жерлерден куру калып жаткандыгы тууралуу кайрылуусун Тажикстандын борбордук бийлигине, тажик парламентине жана коомчулукка жолдоду. Анда элдин жалгыз тиричилиги болгон айдоо жерлер толугу менен күч органдары үчүн азык-түлүк даярдоочу аскердик агенттиктин карамагына өтүп кеткендиги маалымдалат.

Аймактын атын атагысы келбеген тургуну “Азаттыкка” маселе тууралуу айтып берип жатып, өткөн жума нааразылык митингге миңден ашуун адам чыкканын, алар жол бууганга чейин барганын, бул аргасыз кадам экенин ортого салды:

- Дувана, Гулама жана Ачык-Алма айылдарынын жерлерин аскерлер үчүн азык-түлүк даярдай турган агенттик биротоло документтештирип алып алды. Элден бир ооз да сураган адам жок. Жазгы жумуштар башталган мезгилде эми минтип бир сотых жерсиз отуруп калдык. Биздин тиричилигибиз жалгыз ушул жерге байланган. Өткөн жумада митингге миңден ашуун адам чыкты. Алардын көбү аялдар, балдар.

Биз бул маселе боюнча Жерге-Тал райондук акимчилигине кайрылганыбызда, жагдай жөнгө салынганын маалым кылышты.

Акимчиликтин төрага орун басары Ато Журабеков эл арасында түшүндүрүү иштери жүргөнүн, аскерлерге айдоо жерлердин жарымынан азы гана берилгенин ачыктады:

- Бул маселе чечилди, жайгарылды. Азыр тынч эле, нааразы болгондор жок. Аскерлерге 325 гектар жер берилди, калганы элге калды. Анын ичинде президенттик да, жамааттык да жер аянттары бар.

Маселе чечилгенин айтып, кайрадан жергиликтүү тургунга кайрылганымда, эл 325 гектар макулдашууга барбай турганын, бул аянт жалпы айдоо жердин жарымына тете экенин билдирди:

- Өткөн жума жол тосуп чыкканыбызда райондун акими, райондук прокуратурадан адамдар келип, эл менен жолугушуп кеткен. Алар бизге "маселени чечип беребиз" деп айтышкан. Алар Дүйшөмбү шаарынан атайын комиссия келет деп айтпады беле. "Айдоо жерлерин толугу менен өткөрүп беребиз" деп сөз беришкен. Ошол бойдон эч ким келе элек.

Маселе али чечиле электигин Тажикстан парламентинин депутаты Алым Сапаров да тастыктады. Жергеталдыктардын каты анын колуна да тийген.

- Бул маселе боюнча менин кабарым бар. Мага кат түшкөн. Учурда бул маселенин үстүнөн комиссия иштеп жатат.

Айрым байкоочулар кыргыздар отурукташкан Тажикстандын Жерге-Тал районуна карата буга чейин да борбор тараптан кысым болуп келгенин айтышууда.

“Этникалык кыргыздардын ассоциациясы” уюмунун жетекчиси Жума Абдуллаев Алга айылдык аймагындагы окуяны айдоо жери жакшы аймактардан элди акырындап сүрүп чыгаруу аракети катары баалады:

- Өткөн жылдан бери бир аздан алып отуруп, быйыл бүт ээлеп алыптыр. Бул жерде “улуттук маселе” деп оркойтуп айтуудан алысмын. Бирок ачыктан-ачык эле экономикалык кысым аркылуу аскерлер тарабынан элди четтетүү саясаты жүрүп жатат. Сөз болуп жаткан 800 гектар жер үч айылды багат. Башка эч нерсе жок. Жашоочулардын кирешесинин 80 пайызы ошол жерден түшчү.

Нааразычылыкка чыккан Алга айылдык жамаатында төрт миңден ашуун калк жашайт. Айдоо жердин жалпы аянты 800 гектарга араң жетет.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстанда 56 миңге чукул этникалык кыргыз жашайт, алар негизинен Жерге-Тал жана Мургаб райондорунда отурукташкан.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG