Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 12:32

Саясат

Ө.Текебаев: Павлюктун иши боюнча үч кыргыз жараны кармалган

26-мартта “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Алматыда киши колдуу болгон журналист Геннадий Павлюктун өлүмүн иликтөө-тескөө иштери боюнча Казакстандын аймагында сурак берип келди.

Ө.Текебаев "Ак жол" чек ара бекетинде журналисттерге маалымат берүүдө, 26-март, 2010-жыл.
Текст көлөмү - +
Ал журналисттин өлүмүн иликтөө улантылып жатканын жана иликтөөчүлөр бул кылмыш иштин бетин ачууга ынтызар экендигин билдирди.

Өмүрбек Текебаев: -
Бул казак тергөөчүлөрү менен үчүнчү жолугушуум болду. Алар буга чейин эки жолу Кыргызстанда болгон. Анда аларды Башкы прокуратуранын кызматкери жана куралчан адамдар коштоп жүрүп, алар өздөрү каалагандай суроо бере алышкан эмес. Акыркы күндөрү казак бийлиги менен кыргыз бийлиги сүйлөшүп алды, "карга карганын көзүн чокубайт", Павлюктун ишин “матрешка ишиндей” эле жаап койду деген сөз Кыргызстанда тарап жаткан.

Кечээ казак укук коргоо органдарынын өтүнүчү боюнча мен чек арадан өтүп сурак берип келдим. Бул факт Павлюктун иши жабылбагандыгын, Казакстан укук коргоо органдары мунун үстүнөн иштеп жатат дегенди билдирет.

Тергөөчүлөрдүн пейилинен, берген суроолорунан улам алар бул ишти аягына чыгарууга ынтызар экендигин көрдүм. Анткени алар казакстандык жергиликтүү коопсуздук кызматкерлеринин өкүлдөрүнөн өздөрү жашырынып жүрдү. “Бул чек ара, баары коррупцияланган, бул жерде алардын кыргыздын коопсуздук кызматкерлери менен байланышы болушу мүмкүн”,  - деп алардан өздөрү качып жатышты. Чынында эле жергиликтүү коопсуздук кызматкерлери биздин артыбыздан кайсы жерде сурак жүрүп жаткандыгын издешиптир.

- Кайсы жерде сурак жүргүзүлдү?

Өмүрбек Текебаев: - Кордой райондук полициянын имаратында сурак жүрдү.

- Иште жаңы жагдайлар пайда болуптурбу?

Өмүрбек Текебаев: Бул жолу казак тергөөчүлөрү “Ата Мекен” социалисттик партиясынын программалык максаттары эмне, Кыргызстанда саясий кырдаал кандай, саясий оппоненттерди жана журналисттерди кысуу кандай формада, кандай масштабда өтүп жатат, Павлюк менен “Ата Мекен” партиясынын ортосундагы кызматташуу кандай деңгээлде, багытта эле, Павлюктун өлүмүнө кимдер кызыкдар болушу мүмкүн деген суроолорду койду.
...беш адамдын сүрөтүн көргөздү, үчөөнүн өзгөчө белгилерине караганда, полиция бөлүмүндө тартылган...

- Бул казак тергөөчүлөрү жеке эле адам өлтүрүү фактысы эмес, иштин айланасында саясий негиздерге да кызыгып жатат дегенди билгизеби?

Өмүрбек Текебаев: - Ооба, мындан мурун Казакстандын ЕККУдагы өкүлү Адил Ахметов “Павлюктун өлүмү - бул саясий буюртма өлүм. Кылмышка тиешелүү кыргыз жарандары кармалып, камакта” деп оозунан чыгып кеткен. Казак укук коргоо органдары муну ак же көк деп, шектүүлөр кармалганы же кармалбаганы тууралуу эч нерсе айтышкан эмес.

Кечээ сурактын жүрүшүндө мага беш адамдын сүрөтүн көргөздү. Ал сүрөттөрдүн үчөөнүн өзгөчө белгилерине караганда, колго түшүрүлгөндөн кийин полициянын бөлүмүндө тартылганы көрүнүп турат.
О. Текебаев Кордой райондук полициянын алдында журналисттер менен, 26-март,2010-жыл.

- Сизде бул иш боюнча кыргызстандык үч жаран Казакстандын укук коргоо органдарында кылмышка шектүү деп кармалып турат деген божомол барбы?

Өмүрбек Текебаев: - Сүрөттөрдүн өзгөчөлүгүнө карап, алар полицияда тартылган деп түшүндүм. Биздин үч жаран Павлюктун иши боюнча казак кызматтары тарабынан кармалган. Төрт сүрөттө тең мен тааныбаган жаш балдар, мага бешинчи сүрөттөгү бирөө гана тааныш көрүндү.

- Эгер казак тарап Павлюктун өлүмүнө тиешеси бар адамдардын аттарын жарыялап, иштин жыйынтыгын коомчулукка алып чыкса, анда кыргыз тараптын иш-аракети кандай болот?

Өмүрбек Текебаев: - Биринчиден, мага сүрөттөрү көрсөтүлгөн кыргыз жарандары шектүү адамдар деп эсептелинет. Аларды азыр кылмышкер деп айтканга эч кимдин укугу жок. Бирок ал шектенүү жөн жерден пайда болгон жок, тиешелүү көрсөтмөлөр, тиешелүү моюнга алуулар, башка далилдер менен бекемделген болуш керек.

Качан казак тарап муну ачыкка чыгарат, качан кармалбаган кыргыз жарандарына издөө жарыялайт – бул белгисиз. Бирок андай жарыялоонун өзү Гуревич менен байланышкан жаңжалга караганда, Кыргызстандын аброюн ондогон эсе төмөн түшүрөт.

(Маектин экинчи бөлүгүн жакынкы күндөрү окуй аласыздар)
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Ырыс каяктан: Бишкек
29.03.2010 13:01
Алдаяр Исманкулов Раатбек Санатбаевдин өлүмүнөн кийин парламентте катуу талкууланбады беле. Ошондо анын криминалга тиешеси бар экендиги айтылган. Кримавторитет Рысбектин жээни Нурлан Коноев менен бир топ кылмыш жасагандары белгиленген. Ошондо ал кездегеи ИИМ министри ушул Мурат Суталинов Алдаяр Исманкуловдун Нурлан Коноев менен кылган кылмыш фактыларын ашкерелеп, оголе тыңдыгын көрсөтүп УККда кылмышкерлер сайрандап жүргөнүн айтып, милиция УККны ашкерелегендей болуп сүйлөгөн. Азыр эми өзү УККнын төрагасы болуп отуруп, бир кездеги кылмыш фактыларын көрсөткөн Алдаяр Исманкуловду бөлүм башчы кылып алыптыр го?

кимден: КЕЛЕЧЕК каяктан: Кыргызстан
27.03.2010 21:52
Урматтуу Өмүрбек Текебаев, сизди жолборс журок,.КЫРГЫЗ ЭЛИ ЗОР ИШЕНИМ арткан тажырыйбалуу,абройлуу саясатчы ,чынчыл,туруктуу позициясы бар инсан катары,келечекте кыргыз злинин жүгүн, керек болсо бүт саясатын аныктоочу азгантай КЫРГЫЗ ЭЛИН, чыныгы ЭЛДИК БИЙЛИККЕ сүрөгөн , Жетектөөчү топтун башчыларынын бири катары жалпы кыргыз эли билишет(ынанбагандары ушул күндөрү ойу жакшы) ,ошондуктан сиз керт башынызды тобокелге салуудан оолагыраак болуп, тыкыр сактанып,Жалпы кыргыздын максат-мүдөөсүн биринчи (ЖЕКе коопсуздуктай эле) орунга койот деген ишенимдебиз! Ал эми Павлюктун маселеси боюнча,атуулдук жеке инсандык позициянызды толук колдойбуз( ал адам да Кыргызстандын жаркын келечеги деп күрөшпөдүбү Күнөөсүз Адамдын жанын кыйнап-кыйгандар ,сөзсүз аларды кан кууйт). Жаныңарда коштоп жүргөн Шерниязовдой мыкты, эл-жерт үчүн, КЫРГЫЗ ЭЛИ үчүн жан күйгүзгөн санаалаштарыңар, аман болуп эл арасында күн санап өсүүдө! Ошондой болсо да УЛУУ МАНАСТЫН МҮНӨЗДӨМӨСҮН УНУТПАГЫЛА",МАНАС МАНАС БОЛГОНУ,МАНАС АТКА КОНГОНУ ЭРДИГИ БАР ЭСИ ЖОК) ДЕГЕНДЕЙ"

кимден: Улутчул Кыргыз каяктан: Ала-Тоо
27.03.2010 21:46
Павлюк Кыргызга кызмат кылып жүрүп киши колдуу болду. Павлюк менин Мекениме өмүрүнүн акырына чейин эмгек өтөдү. Павлюк Кыргыздын уулу эле. Эми анын өлүмүнө Кыргыздардын тиешеси бар болсо, анда менин айтар сөзүм жок. Эмне дейин, Кыргызга кызмат кылгандар киши колдуу болууда. Биз ушундай элбизби? Биз качан өз азаматтарыбызды көзү тирүүсүндө баалайбыз?

кимден: Күткөн кыргыз каяктан: Мекеним
27.03.2010 20:58
Өмүке, эрдик кылсаң, аягына чейин дейт. Эми атын атабайсызбы!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине