Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 17:38

Эл үнү

Санарип берүүгө өтүү – мезгил талабы

Эл аралык келишимге ылайык, 2015-жылга чейин өлкөнүн бардык аймактары берүүнүн санарип ыкмасына өтүүгө зарыл. Өлкөдө 3 ай аралыгында аталган ыкмага өтүү боюнча мамлекеттик долбоор иштелип чыгышы зарыл.

Текст көлөмү - +
2006-жылы Женевада санарип ыкмага өтүү боюнча келишим иштелип чыгып, ага 119 мамлекет кол койгон. Алардын арасында Кыргызстан да бар. Келишимге ылайык, милдеттенме алган мамлекеттер телеберүүлөрдү санарип ыкмага 2015-жылдын июнь айына чейин өткөрүүсү тийиш.

Бул маселе боюнча Президенттин катчылыгынын алдында мамлекеттик программа иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ иш алып барууда. Ага министрликтин, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, эл аралык адистер кирген.

Топтун мүчөсү “Медиа полиси институту” коомдук уюмунун өкүлү Бегаим Үсөнованын айтымында, программа үч айдын аралыгында даяр болушу зарыл:

- Программадагы иштер ачык-айкын жүзөгө ашуусун көзөмөлдөө үчүн жумушчу топко биз сыяктуу жарандык коом өкүлдөрүн кошуу боюнча көп аракеттерди көрдүк. Биз телеканалдардын, санарип телеберүүсүн кабыл алуучу жабдыктарды импорттоочу компаниялардын, жөнөкөй көрүүчүлөрдүн, айтор бул маселеге тиешеси бар бардык тараптардын кызыкчылыгын коргошубуз керек.

Санарип ыкмага өтүү телеканалдардын санынын көбөйүшүнө алып келет. Мисалы, бир жыштык менен ондой телеканал эфирге чыга алат. Мындан тышкары үн, сүрөтүнүн сапаты жогорулайт. Ошондой эле көрүүчүлөрдүн телеканал тандоодо мүмкүнчүлүктөрү кеңейет.
Эгерде биз кызыктуу, сапаттуу берүүлөрдү даярдасак, көрүүчү бизди тандайт.


Бирок санарип ыкмага өтүүнүн терс да жактары бар. Алар тууралуу “ТВ жана үналгы” ассоциациясынын жетекчиси Роман Миловацкий буларды айтат:

- Бул жерде каржы маселеси негизги проблемалардын бири. Анткени санарип жабдуулар өтө кымбат турат. Ошон үчүн телекомпаниялар менен мамлекет буга ири суммадагы каражатты жумшоосу зарыл болот. Ошондой эле тиешелүү мыйзамдарды өзгөртүү керек. Бул да чоң иш.

Ошондой эле көрүүчүлөр да “ресивер” аталчу санарип берүүлөрдү кабыл алган жабдууларды сатып алуусу керек болот. Алардын баасы учурда 50-100 доллардын тегерегинде.

Атаандаштык бар жерде сапат да болот

Негизинен санарип ыкмага өткөндө телеканалдар эфирге чыгуу үчүн сөзсүз түрдө акча төлөшү керек. Бирок Транспорт жана байланыш министрлиги билдиргендей, УТРК, ЭЛТР, МИР сыяктуу өкмөттүк айрым телеканалдар акысыз көрсөтүлүп, алар үчүн каражатты мамлекет төлөөрү күтүлүүдө. Ал эми калган каналдар мындай ыкмага өз каражаты менен өтүшү керек болот. Ушундан улам, акчасы көп чет элдик телеканалдар жергиликтүү маалымат айдыңын ээлеп албайбы деген суроо жаралат.

Бегаим Үсөнованын айтымында, учурда иштеп жаткан жумушчу топ да ушул маселени жолго коюу боюнча аракеттерди көрүүдө:

- Маалымат коопсуздугу санарип ыкмага өтүүдө орчундуулардын бири болуп атат. Андыктан дал ушул маселени биз азыркы программага киргизип атабыз. Анын чоо-жайын мамлекет мыйзамдарга таянып чечиши керек.

Ош-ТВ телеканалынын өкүлү Халилжан Худайбердиевдин айтымында, бул жерде каналдар арасында атаандаштык күчөйт жана жергиликтүү телеканалдар сапаттуу берүүлөрдү даярдай баштайт:
Санарип жабдуулар өтө кымбат турат.


- Эгерде биз кызыктуу, сапаттуу берүүлөрдү даярдасак, көрүүчү бизди тандайт. Андыктан биз жакшы программаларды көрүүчүгө сунуш этишибиз керек.

Ошентип санарип берүүгө өткөндө телеканалдар атаандаштыкта жеңип чыгуу үчүн биринчи кезекте сапатка көңүл бура баштары бышык. Ал эми көрүүчүлөр болсо берүүлөрдү акча төлөп көрүүгө аргасыз болушат.

"Азаттыктын" архивинен: Жарандык журналистикага сереп

Кыргызстандын блог чөйрөсү өзүнө эмнени камтыйт? "Блоггерлер" же интернет күндөлүктөр журналистикага атаандаш боло алабы? Азыр көрүңүз!

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Саида каяктан: кажети жок
02.02.2010 11:18
Санарип берүүгө өтүү үчүн көрүүчүлөр 50-100 долларлык "Ресивер" дегенин алыш керек экен. Ансыз да зорго -зорго турмуш арабасын тартып жүргөн карапайым эл анда эмне кылат. Баягы эле байлар телевизор көрөт экен да анда. Калагандар эч нерсе көрбөй, ансыз да маалымат жетишпей жаткан караңгы элибиз биротоло караңгылыкта калат турбайбы. "Бечелге жөтөлдүн кереги эмне?" дегендей экономикабыз бир жагына ооп турганда санарип берүүгө өтүү зарылчылыгы бар беле? Андан көрө ошол миллиондорду таза суу чыгаруу, медициналык жаны жабдыктарды алуу, мектептерге китептерди алууга, көрсөтсөк болбойбу? Ден-соолугубуз болбосо, билимдин сапаты азыркыдай болсо, таза суу жок элибиз баткак толгон арыктардан суу ичип "жыргап" жатышса, санарип берүүнү ким көрөт? Баягы эле креслодо чалкалагандарбы? Налогдордун көптүгүнөн чачтары агарып жаткан жеке каналдарга эле кыйынчылык түшөт экен да. Мамлекеттик каналдар адаттагыдай эле таярына тап болуп, мамлекетти соро берет. Алар мамлекеттин өз балдары, жеке каналдар өгөй балдарыбы? Жеке каналдар иштеп өздөрүн өздөрү баккандары аз келгенсип, төлөмөйлөрүн да өздөрү төлөшөт. Мамлекеттик болсо коммерцияга да иштейт, мамлекетти да сорот. Менимче, санарип берүүгө өтүүгө Кыргызстанга али эрте. Биринчи экономикабызды көтөрүп алып анан санарибине өтсөк дурус болмок.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу