Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:31

Б. Сейитбекова: Орусияда тайкы тагдырга тушуккан кыздарыбыз көп


Бактыгүл Сейитбекова, "Аруужан" фондунун жетекчиси.
Бактыгүл Сейитбекова, "Аруужан" фондунун жетекчиси.

Кыз-келиндердин укугун коргоочу Москвадагы «Аруужан» фондунун жетекчиси, акын Бактыгγл Сейитбекова чет жердеги кыргыз кыздарынын катаал тагдыры тууралуу кеп салып берди.

Бактыгγл Сейитбекова: Биздин уюм бир гана Москва шаарында эмес, Орусиянын башка шаарларында да иштеп, филиалдарын ачканбыз. Атап айтсак: Новосибирскиде Канайым деген келин ѳзγнγн жардамчылары менен алгылыктуу иштерди жасап жатат. Ар бир жабыр тарткан кыз-келиндердин кыйынчылыктарын аныктап ошого жарша жардамдарды берип, кырдаалдан чыгарышат.
Андан тышкары Новокузнецкий, Междуречинский, Екатеринбургада да филиалдарыбыз ачылып колдон келген иш-аракеттерин менен алектенγγдѳ. Жакынкы кγндѳ Санк-Петербургда ачтык.

Эми кезектеги максатыбыз - бул ишти аркалай алган кыз-келиндер табылса Самара шаарына да ачканы жатабыз. Бул ишибиз, албетте, жаш кыз-келиндерге жагып атат. Анткени, бир жагынан турмуштук тажырыйбасы жок, ишенчээк кыз-келиндерибиз алыста соода-сатыкта, ар кандай табылган иштерде жумуш берγγчγлѳр менен келишим тγзγγдѳ, убадалашууда кыйынчылыктарга жолугат. Тажырыйбасыздык кылышат. Ошентип атып чечилгис кѳйгѳйлѳргѳ чалынып калып жатышат. Дагы бир кейиштγγ кѳрγнγш - ѳнѳрлγγ, таланттуу кыздарыбыз азап чегγγдѳ десек болот. Бир топ ыр жазган кыздар менен жорлугуштум. Жан багуунун айынан жазган ырлары, чыгармалары эч жерге жарыяланууга мγмкγнчγлγк жок, чаң басып ѳздγк архивдеринде жатканы ѳкγнγчтγγ. Балким, алардан келечекте мыкты прозаик же акын чыгаар беле да, ошонусу менен коомго пайда келтирээр беле деген ойго кетесиң.

Эне болчу кыздарыбыз...

«Азаттык»: Бактыгγл айым, «Аруужан» фондун эң керектγγ маалда уюштурган экенсиңер. Келечек максатын тагыраак айтсаңыз, мындан ары калыптанып, иштеп кетγγсγ кандай болот?
Б. Сейитбекова "Азаттыктын" кабарчысы Ж. Темирбаеванын суроолорун жооп берүүдө.

Бактыгγл Сейитбекова: “Эненин дени сак болсо, туулган баланын дени сак болот. Эгер дени сак муун ѳссѳ коомдун дени сак болот” деген ураанды негиз кылып алганбыз. Учурда чет жерде жγргѳн биздин кыз-келиндердин арасында аябагандай кор турмушка туш келгендери бар. Биз адагенде ар бир кыз-келиндин ѳз укугун кантип коргоону, кантип сырттан болгон жаманчылыктан сактанууну γйрѳтγγгѳ аракет кылабыз. Бул жерде мен бир орой мисалды келтирейин. Бир бооз уйду да эсен-аман туудуруп алыш γчγн ага кам кѳрѳсγң, эсен-аман тууса экен дейсиң. Убагында жем-суусун берип, кѳзѳмѳлдѳйсγң. Биздин кыздардын тагдыры ошол уйча да болбой жатпайбы. Какшатып, сѳѳктѳн ѳткѳн суукта соода кылышат. Бѳйрѳк, аялдар аздектей турган органдарынын баарын суук чалат. Анан оорукчан болуп, аз кандуу аялдан анан кайдагы асыл тукум балдардын тѳрѳлγшγн кγтѳт элек. Биз мына ушул чоң жана чечилгис кѳйгѳй менен кγрѳшγγгѳ бел байладык.

Анын γстγнѳ президентибиз аял киши болгону бизди кѳп нерседен γмγткер кылат. Маселен, Кыргызстанда кандайдыр бир нерсе ѳндγрγлѳ турган фабрика же завод ачылып калгысы бардыр. Президентибиз Роза Отунбаева эң алды менен ЭНЕ эмеспи. Дγйнѳ аралап, жан багуунун гѳйγндѳ жγргѳн кыргыз кыз-келиндери тууралу сѳзсγз билет. Балким, бир аргасын ойлонуп аткандыр деген тымызын, таттуу кыялдабыз. Ошентип, кыз-келиндерибиз чет жактарга чыкпай калар…

А каражат жагы, демилгелγγ аялдардын ай сайын чогулта турган мγчѳлγк акыбыз бар. Жана бизди тγшγнγп, бизге кол сунган эр жигиттер бар жана да чыгат. Анткени, бул бир гана аялзатынын кѳйгѳйγ эмес да. Аял бар жерде, эркек сѳзсγз болот. Аял эркектин жарымы, а эркек аялдын жарымы. Эки жарым бир бγтγнгѳ айланганда гана гармония болуп, жашоо-тиричилик толук кандуу уланат эмеспи. Ал эми калыптанып, иштеп кетγγсγнѳ да аял-эркек биргелешип аракеттенгенде иш ѳз калыбына тγшѳт деп ойлойм.

«Азаттык»: Мыйзамдуу жактарын кароо Москвада кандай? Айрым бир окуяларга токтолсоңуз...
мигранттар түшкөн поезд

Бактыгγл Сейитбекова: Биздин кыздар барат десе эле тγз Москвага барып алгандары абдан кѳп. Албетте, паспорту жок, болбосо иштеп тапкан маянасын алалбай укугу бузулгандар кадам сайын кезигет. Бул жагынан элчилик жардамга келген учурлар бар. Бул маселенин бир жагы. Экинчи бир жагдай, кыргыз кыз-келиндери тѳрѳп, балдарын таштап кетип жатат деп бардык жерде эле айтылып, жазылып жатпайбы. Мындай фактылардын болуп жатканы да чын. Мен бул жерде ошол кыздардын ата-энесин да айыптаар элем. 18ге чыга элек, тажырыйбасы аз кызбалдарды алыска, акча табууга жиберγγнγн ѳзγ опуртал. Мына, трагедиянын башатын оңдош керек. Болор иш болгон соң ага жардам берγγнγн аракетин кылабыз. Элчиликте юрист бар. Кантсе да кыз-келиндердин оор жагдайын жеңилдетγγгѳ аракет кылабыз. Мына жакында эле ташталган наристелердин энелерин таап, кайтарып берγγлѳр болду. Мунун ѳзγ аз да болсо алга жылыш.

Токтогулдук бир кыз ишеним барак аркылуу иштегени Москвага келиптир. Аны иштеткендер акысын беришпей коет. Паспорту, колунда тыйыны жок кыз иштебей отуруптур. Бизге кайрылды. Эптеп Кыргызстанга кайра кайтардык, документ алганга жардам бердик. Мындай мисалдар ѳтѳ кѳп.

Аборт жасатам деп ажал таап...

«Азаттык»: Жакындагы бир фактыны тактайын дедим эле. Ооруканада каза болуп калган кыргыз кызды врачтар тарабынан жаап жашырылган деген...

Бактыгγл Сейитбекова: Москвада мен билгенден кыргыздардын γч медициналык борбору бар. Алар менен да алакалашып жатабыз. Быйыл «Улукман» деген борбор ачылды. Айрым аборт жасаткысы келгендер кайрылып турарын айтышты. Ал эми сиз айткан факты боюнча, бир кыргыз кыз аборт маалында орус врачтардын колунан ѳлγп калат. Ооруканага эжесиби, сиңдисиби бирѳѳ менен барган. Кайдыгерликтин айынан реакция жγрγп кетип кыз каза болот. Сыртта калган тууганы кѳпкѳ кγтѳт. Кыздан дайын жок. Оорукана чоң. Кызды ѳлтγрγп алган врачтар капка салып терезден алып чыгышып, итти кѳмгѳндѳй эле паркка алып барып кѳмүп коюшат. Ал баары бир ачылып калып, адам тагдырына кайдыгер караган дарыгердин соту болуп, кесилип кетти. Мындай зээнди кейиткен окуялар аз да болсо кезигип жатат.

«Азаттык» Бактыгγл айым, Москвадагы кыргыз элчилиги тууралуу интернет-сайттарда паракорчулук кγчөгѳн деген маалыматтар тарап жатат. Сиз ошол шаарда жашап, эмгектенип жаткан соң бул маселе менен кабардарсыз го дейи. Анын чындыгы канчалык?

Бактыгγл Сейитбекова: Мен анчалык паракорчулук кγчѳгѳнγн айта албайм. Андай факты менен кабардар эмесмин. Ал эми башка жагдайларда, кγндѳлγк жашоодо жасалма жол менен документтерди жасап, жаңыдан баргандарды калтыс кырдаалга салгандар бар. Эми шылуун, арам жол менен акча тапкан, ыйманын жеген адамдар бардык эле жерде бар эмеспи. Россияда да андайлардан куру эмеспиз.

Алыстагы кусалуу "гүлдөр"

«Азаттык»: Бактыгγл айым, «Темир тордун артында соолуган гγлдѳр» аттуу чыгармаңызда кандай тагдырлар калемиңизге илинди эле?

Бактыгγл Сейитбекова: Мен Россиянын кѳп шаарларында иштедим. Ѳз кѳзγм менен кѳргѳн кыргыз кыздарынын тагдыры адам болгон соң, жазуучу болгон соң кантип эле жγрѳгγңдγ оорутпасын. Турмуштун, жашоонун айынан эч бир кγнѳѳсγ жок туруп, темир тодун ары жагына тγшγп, гγлдѳй соолуган аялзатынын кѳргѳн кγнγн бир тынымга элестетип кѳрγңγзчγ! Туулган жеринде аны γй-бγлѳсγ, балдары кγтѳт. Эгер турмуш кура элек наристе кыздар болсо кийинки улана турган турмушу такыр талкаланбадыбы. Алар дагы канчага темир тордун артында саргайып, соолушат? Аны эч ким так айта албайт. Мына ушундай тагдырлардан улам да биздин «Аруужан» фондусу уюштурулуп жатпайбы. Ал эми темир тордун артына кабылышпаса да Роосиянын эң алыскы шаарларында жаштыгынан тагдырдын катаал кырдаалына кабылышып, же тапкан каражаты жок, же куру кол туулган жерине кайталбаган, аргасыз кусаланып, эптеп ѳлбѳстγн кγнγн кѳргѳн кыздар канчалап саналат? Биздин фонд ошолор γчγн аракет кылып, тайкы тагдырларын тγздѳѳгѳ умтулуудабыз.

«Азаттык»: Рахмат сизге, оор жана кыйын ишиңиздерге ийгилик тилейбиз.

XS
SM
MD
LG