Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 19:10

Эркиндик / Сөз эркиндиги

Сөз эркиндигинин абалы оорлоп баратат

“Азаттык” үналгысын жалпы Кыргызстанга эркин уктуруу талабы дагы деле уланууда. “Азаттыкты” коргоо кыймылы бүгүн Акыйкатчынын борбордук кеңсесинин алдына пикетке чыкты. “Назар” жана “Ачык саясат” басылмаларын чыгарууга Биринчи май райондук соту убактылуу тыюу салган.

"Азаттыкты" коргоо кыймылынын пикети, 2010-жылды 30-марты.
Текст көлөмү - +
“Азаттыкты” коргоо кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтоназаров Акыйкатчы институтунун алдына буга чейин да пикетке чыгып, кат аркылуу кайрылган. Бирок Акыйкатчынын берген жообуна канааттанган жокмун, дейт ал:

- Анткени ал УТРКнын мурдагы жетекчиси Мелис Эшимкановдун катын эле тиркеп коюптур. Башка маани-маңыздуу деле сөз айтылбаган экен.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкери Замир Өмүрзак уулу бүгүн Акыйкатчы Турсунбек Акун Петровка чатагы боюнча Москва райондук сотунда болуп жаткан соттук териштирүүгө кеткендигин маалымдады. Акыйкатчы институтунун аппарат башчысы Молдакун Абдылдаев “Азаттык” үналгысынын УТРК жана башка менчик радиокомпаниялар аркылуу обого чыгарылбай жатканы боюнча Акыйкатчы тиешелүү жактарга кайрылганын билдирди:

-“Азаттык” үналгысынын уктурулбай калышы боюнча Акыйкатчы Турсунбек Акун көп жерлерге кайрылды, президент К. Бакиевдин өзү менен жолугушканда билдирди. Мындан тышкары Ынтымак курултайында да сөз болду. Биздин институт “Азаттыктын” маселеси боюнча президенттик аппаратка, президенттин катчылыгына да кат аркылуу кайрылганбыз. Азыр алардан жооп күтүп жатабыз.

“Азаттык” үналгысынын радиоберүүлөрүн уктурууну жана теледолбоорлорун көрсөтүүнү Улуттук телерадиокорпорациясы 2008-жылы токтоткон. Андан кийин жеке менчик радиокомпаниялар аркылуу обого чыгып келген “Азаттык” үналгысынын берүүлөрү үстүбүздөгү жылы 11-марттан тартып Бишкекте, 12-марттан бери Кызыл-Кыяда, Таласта, Нарында, кийинчерээк Ошто угузулбай калды. Менчик радиостанциялар буга бийликтин кысымы алдында барып жатканын билдиришкен.

Ал эми президенттин катчылыгы “Азаттыктын” обого чыгарбоо тууралуу бийликтен эч кандай буйрук болбогондугун билдирип, бул маселени иликтөөгө аларын маалымдаган. Аталган катчылыктын өз ара аракеттенүү кызматынын башчысы Илим Карыпбеков жеке радиокомпанияларга жиберилген каттарга жооп келе электигин “Азаттыкка” бүгүн маалымдады:

-“Азаттык” үналгысынын обого чыгарылбоо себебин түшүндүрүүсүн өтүнүп, жеке менчик радиокомпанияларга кат жазып жибергенбиз. Азырынча алардын биринен да жооп келе элек. Айрым маалымат каражаттары жооп келгенин жазышыптыр, бирок бизге расмий түрдө жооп берише элек.

Байкоочулардын айтуусунда, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы акыркы убактарда оорлоп кетти. “Ата Мекен” партиясынын төрагасынын орун басары Равшан Жээнбековдун Элдик курултайдын катышуучуларына жолдогон кайрылуусун жарыялаганы үчүн “Назар” жана “Ачык саясат” басылмаларын Башкы прокуратура сотко берип, мунун негизинде Биринчи Май райондук соту гезиттерди чыгарууга убактылуу тыюу салган.

25-мартта “Жоомарт” кыймылынын жетекчиси Нурлан Мотуев “өзүн бир жактуу каралап келатат” деген доомат менен барып, “Учур” гезитинин компьютерлерин талкалап салган. Муну Н. Мотуев өзү “Азаттыкка” тастыктаган:

- Ушундай болорун билип туруп баргам. Муну акция деп койсо болот. Аргасы кеткен кишинин акциясы деп койсоңор болот.

Бул окуя боюнча милиция кызматкерлери гезиттин редакциясына келип, иликтөө иштерин башташкан. Бирок азырынча жыйынтык чыга элек дейт басылманын редактору Аслан Сартбаев. “Учур” басылмасы менен Н. Мотуевдин чатагына байланыштуу иш козголо электигин Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынан да “Азаттыкка” маалымдашты.

“Азаттык” үналгысынын обого чыгарылбай жатканы жана эркин басылмаларга жасалып жаткан кысым Кыргызстанда сөз эркиндигинин көз көрүнөө басмырланып жаткандыгынан кабар берет деп маалымдайт “Журналисттер” коомдук биримдиги. Аталган биримдиктин координатору Мэри Бекешованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул сөз эркиндигинин таптакыр жок болуп кетүүсүнө алып барышы ыктымал:

- Байкап көрсөңөр, азыр жалаң бийликти сындаган басылмалар, маалымат каражаттарына кысым жасалып атат. Ал эми бийликтин айтканы менен болуп, алардын саясаты менен жашап жаткан маалымат каражаттарына эч кандай кысым, кол салуу жана башка болгон жок. Мунун баарын эле кокустук деп айтууга болбойт.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: fanat каяктан: osh
31.03.2010 11:05
Сегодня Киргизстаном правит триумвират: президент Бакиев, его младший сын фактически стал вторым лицом, подменив правительство республики. А родной брат его контролирует все силовые органы. Переход к совещательной демократии по существу означает возврат и установление ханской власти в Киргизстане».

кимден: патриот каяктан: Бишкек
31.03.2010 09:46
Басма сөз эркиндиги деп эле оозуна келгенди оттой берген болбойт. Журналисттик этиканы сактабаган, журналисттик принциптерди билбеген "самозванецтер" көбөйүп кетти. Аслан Сартбаевдин деле билимин тактап көрсөңөр түздөн-түз журналист эмес болуш керек. Ушундай эле пикирге президенттин мурдагы пресс-катчысы Нурлан Шакиев менен азыркы пресс-кызматын жетектеген Алмас Турдумаматовду кошсок болот. Бири сель.хозду бүтсө, бири политехте окуган имиш. Чыңгыздын "Оригиналдан алыс турган котормолор" деген публицистикасы сыяктуу эле ушундай оригиналдан алыс турган кадрлар иритип жатат кыргыз журналистикасын. Анан Нурлан Мотуевге окшогондор чыгат да эч жерден адилеттик таппай, чындыкты чыркырата өзү издеген. Анткени, анын кадыр-баркына шек келтирип жатпайбы, "Учур" гезити. Кыргыз коомчулугунда жакшы билесиңер да кичинекей пикирди самарканддан саман учуруп жиберген алааматка салыштырып жиберишет. Н. Мотуевди туура түшүнүп, колдош керек. Так-что, чаласабат журналисттер ойлонуулары тийиш деп ойлойм.

кимден: Балта каяктан: Нарын
31.03.2010 08:58
Бул бийлик башындагылар кандай, ооздон чыккан желди да менчиктештирип алабыз деп ойлоп жатышабы? Тигиге, буга шылтап жаткандарынан эле көрүнүп турбайбы, шамал кай тараптан уруп жатканы. Элдин оозун басып, маңкурт кылып алабыз деп ойлоп жатышса керек. Эч убакта андай болбойт, чындыкты эч качан бурмалай алышпайт. Ошондуктан элдин үнү болгон Азаттыкты, чындыкты жазган басылмаларды кысымга алгандарын токтотушсун.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
31.03.2010 08:22
Азаттык кыйратып деле курч маселелерди козгоп жибербейт,көбүнчө эле болбогон нерселерге көбүрөөк орун берип,кыргыз элинин көйгөйүн учкай эле айтымыш болуп коюшат да ансыз деле теледен байма бай кетип жаткан эл аралык кабарларды кайталай беришет.Учурдагы абал тууралу курч,ачык берүүлөр деле жок,анан эмне эле бийлик тоскол болуп угузбай жатышат билбейм,экономикалык маселелер бар го

кимден: Ulan Kochor каяктан: Ankara
31.03.2010 00:52
Ondurush bayke sizge taazim. Bashkalar oyloso kerek - bir kishinin kolunan emne kelmek ele dep. Birok alar janilishat. Baaribiz Azattyk uchun, oz ukuktaribiz uchun kadam birge kadam tashtashibiz zaril. Sizdin bu kilganiniz baaribizga sabak.

кимден: Бироо каяктан: Санкт-петербург
31.03.2010 00:43
Нурлан Мотуевге иш козголо элек болсо, кыргыз журналистикасынын шору катканы ошол. Эртең мени каралады деп каалаган адам каалаган редакцияны талкалап кете берет. Кыргыз журналисттери бир ууч болуп биригип, бир күч болуп үн чыгармайынча алтынчы этаждан ыргый берет, эптеп сатып алган компьютеринен ажырап ыза болуп отура берет. Эки жээкке отуруп алып алым-сабак айтышканыбыздын пайдасы. Дегеле Султан жумагулов агай, Илим Карыпбеков сыяктуулардын кылган иш-аракетине улам Кыргызстанда Текебаев айтмакчы принцип дегенди кармаган адам калдыбы деп ойлойсуң. Же а киши жарыктык чечингенден кийин калганына баары бир болуп калдыбы. Азаттыкты уга албаган кыргыздардын эми таза дежур чалдары көбөйөөрү шексиз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине