Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 19:46

Эркиндик

Бийлик Ошко тышкы күчтөрдү киргизүү сунушун четке кагууда

Эл аралык Human Rights Watch уюму Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалды жөнгө салуу, жергиликтүү калктын укуктарын камсыз кылуу максатында өлкөгө ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүү зарылчылыгын айтууда. Мындай демилгени өзбек айылдарында жашаган тургундар да эп көрсө, бийлик өкүлдөрү кооптонууга негиз жоктугун билдирүүдө.

Оштогу атайын операциялар учурунда табылган курал-жарактар, 24-июнь.
Текст көлөмү - +
Эл аралык Human Rights Watch (Хьюман Райтс Вотч) уюму тараткан билдирүүсүндө Кыргызстандын түштүгүндө абал курч бойдон калып жаткандыгын, айрыкча өзбек калкынын арасында кооптонуу күч экендигин белгилейт. Ошол себептүү кырдаалды жөнгө салуу, ошондой эле жергиликтүү калктын укуктарын камсыз кылуу максатында өлкөгө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун полиция күчтөрүн киргизүү зарылдыгын айтат.

Ошол эле учурда Кара-Суу районундагы Нариман кыштагынын тургуну Исраил Камалов атайын операция маалында жердештерине зомбулук жасалгандыгын ачыктады:
Күч органдарынын кызматкерлери Оштогу өзбек конуштарын тинтүүдө табылган ок-дарыларды телекамерага көрсөтүүдө.

- Аскер жана милиция формачандар мени жана уулумду себепсиз уруп-тепкилешти. Бирөөлөрү минтип документтеримди жыртып таштады. Аскер билетимдин сүрөтүн айрып, айдоочулук күбөлүгүмдү жараксыз кылды. Паспортумду тапшырып койгом десем, аны да жыртып тынышты.

Ал эми Ош шаарына караштуу Шейит-Дөбө айылынын жашоочусу Одинахан буларды баяндады:

- Эртең менен азан айткан маалда басмачылардай бастырып киришти. Бардыгын талап-тоношту. Акчаларыбызды алып кетишти. Кыздарыбызды көйнөгүнөн тартып күлүп, шылдыңдашты. Телефондорубузду жерди карай урушту. Жаныбыздан чындап тойдук!

Ушундан улам Ош жергесиндеги атайын операцияларга жана жарандарды текшерүүлөргө бир нече күн абай салган орусиялык “Мемориал” укук коргоо борборунун жетекчиси Виталий Пономаревду кепке тарттык:

Виталий Пономарев
- Абдан масштабдуу операцияларды жасашты. Дээрлик бардык үйлөр текшерилди. Массалык түрдө зомбулукту байкадык. Маселен, айрым кишилерди себепсиз токмоктошту. Мындай жорукту шылдыңдоо да коштоп турду. Муну күч органдарынын кызматкерлери жасашты, бирок аларды такташтыруу кыйынчылык жаратууда. Булардын кимдер экендигин жергиликтүү милиция өкүлдөрүнөн сураштырсак, алар айтуудан баш тартышты. Окуяга байкоо салган Хьюман Райтс Вотч, норвегиялык Хельсинки комитети уюдарынын өкүлдөрү, албетте, бардыгы өздөрүн жоготуп кое жаздашты, - деген москвалык укук коргоочу Виталий Пономарев Ош коогалаңы боюнча атайын отчет даярдап жаткандыгын, аны жакында жарыя кылаарын кошумчалады.

Ош аймагынын коменданты Бактыбек Алымбековдун айтымында, тинтүү жана тазалоо убагында аскер жана милиция күчтөрү жарандарга карата адамгерчиликсиз мамиле жасай элек. Бирок күзөт бекеттеринде турган укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин дарегине арыздар арбын түшүүдө:

Бактыбек Алымбеков
- Ушул күнгө карата жыйырмадан ашык кызматкер жазаланды. Айрымдары жумушунан бошотулду. Бешөө укук коргоо органдарынан айдалды. Курал колдонгон, жосунсуз жорук кылган, орой маиле жасаган фактылардын үстүндө иштеп жатабыз. Мыйзамды бузган укук коргоо органдарынын бардык өкүлдөрү сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартылмакчы.

Ал эми Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков эл аралык уюмдардын тынчсыздануусуна негиз жок жана ЕККУнун полиция күчтөрүн Кыргызстанга киргизүү мүмкүн эмес деп эсептейт:

Исмаил Исаков
- Алардын кереги жок. Биздин тилибизди, дилибизди билбеген полиция күчтөрү биздин милиция кызматкерлерин эмнеге үйрөтөт да, өздөрү кандай иш жүргүзөт? Андан көрө жардам беребиз дешсе, техникалык жабдуулар менен жардам берип, күйүп кеткен үйлөрдүн ордуна жаңы үйлөрдү куруу үчүн каражат берсе дурус болмок. Алар келе турган болсо түшүнүксүз да болуп, Кыргызстан капканга түшүп калат деген ой бар менде, - деген генерал Исмаил Исаков Кыргызстан түштүктөгү кырдаалды жөнгө салууга тышкы күчтөрсүз эле кудурети жетээрин билдирди.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Бактыгул каяктан: Измир
11.07.2010 03:31
Тышкы кучтордун Кыргызстанга киргенине, мен да каршымын,бирок милиция кызматкерлеринин ичинде паракорлук бар экенин баарыбыз эле беш колдой билебиз.Эми жаны бийлик келди,мамлекеттин бардык структураларында тартип болот го деген умуттобуз.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: KOREA
10.07.2010 07:30
bizge ech kandai sirtki kuchtun keregi jok biz afganistan emespiz

кимден: Акыл каяктан: Бишкек
08.07.2010 15:28
Ар нерсе убагында болгону жакшы. Мүмкүн 11-12 июнда сырттан жардам керек болгондур, ал эми азыр эч кимдин, эч кимге кереги жок. Өз үйүндө, өз мамлекетинде тартип орното албаган Өкмөт убактылуу болмоктон, балакет болсо да жооп бериш керек. "Жамандын үйүн коногу башкарат" деген сөз бар элибизде. Жерибизди бирөөгө тепселеткенден көрө баатырларча курман болгонубуз артык. Отунбаева аял киши экен, эми анда намыс азыраак болсо керек, ал эми генералмын деп "жер караган" Исаковдорду ата бабабыздын, кечээги, мурдагы 90 жылдагы элдик баатырларыбыздын арбагы уруп кетпейби. Кеч болуп кала электе ойгонгун Өкмөт мүчөлөрү ойгонгун, болбосо кыргыз эли силерди дагы бир жолу ойготуп коет.

кимден: Калыбек Жапаров каяктан: Красноярск
08.07.2010 00:36
Оштогу карапайым элдердин тынчын алып жаткан анча-мынча милиция кызматкерлеринин куноосу бар. Биз жакын арада андай укук коргоо органдарын оздорунун жетекчилери тазалайт деп умуттонобуз жана ишенебиз. Ички иштер органдарына карата армиянын генералы Исмаил Исаковдун эч кандай деле тиешеси жок. Урушту токтотууга ошол армиянын аскерлери жана журогундо жалыны бар чыныгы укук коргоо органдарынын эрдиги чон. Нур, бирок сен сындап айткан тоногуч милициялар чындыгында бар, аз санда. "Абийири жаман айылды булгайт" деген мына ошолор. Биз кыргыз эли Исмаил Исаковдун, Курсант Асановдун, Бактыбек Алымбековдун ж.б эр-азаматтарыбыздын, тополонду токтотууда курман болгон эр-журок азаматтарыбыздын, салымдарын, эмгектерин жогору баалап, алар менен дайыма сыймыктанып журушубуз керек. Алар кыргыз элинин баатырлары. Алардын атын, затын ыйык тутушубуз зарыл. Бул баатырларыбыздын атына шек келтирип суйлоо Манас атабыздын арбагына шек келтиргендей эле болуп калат. Ошондуктан, соз эркиндиги десе эле суйлой бербестен, дайыма ойлонуп суйлойлу. Жанагыл тоногуч милицяларга оз жазаларын берет деп жогорудагы жетекчилерибизге ишенебиз. Бар болгула кыргыз элим.

кимден: KG каяктан: KG
07.07.2010 14:13
кимден: Нур каяктан: Ош
06.07.2010 16:37 Нур сага Кыргызстанда жашашка себеп калбаптыр. Кыргыз болуп жаралганына уялсан Болницага барып канынды алмаштырып башка жерге кетсен болот. Биринчиден мент деп жазбай жур бул туура эмес. Ошол милиция, аскерлер жаманбы-жакшыбы сени жана сенин жакындарынды коргоп жатышат, аларга рахмат айтышын керек. ''Орган жана тартип коргоо тармагына чоң референдум керек'' - референдум эмес чон реформa керек же кадрлаштыруу саясаты. Референдум менен Реформдун айырмасын билип андан кийин жазып жур. Кыргызстанда билим тармагына абдан чон мааани берилиш керектигини сага окшогон сабатсыздар далилдеп турат. Кыргыз болгонундан уялгаандан коро сабатсыз болгонундан уялбайсынбы.
генерал Исаковко позор деп жазган САГА УЯТ.

кимден: Асангайгы каяктан: Тенир-тоо
07.07.2010 11:18
туугандар сабырдуу болуп армвйанын атына калаймакан сын-пикир айтуудан өзүңөрдү кармангыла. елибизде"койду кайтарган,жоону майтарган билет"деген улуу сөз бар. жоо майданында жүргөн жоокерлерди алыста жатып алып күнөлөш ката. жоокерлердинда карманган жолуу башкарган башчылары жанында. бирөө бир нерсени туура айттыбы же ката айттыбы абдан билбей туруп алыста жатып алып аргандай айта берсек болбой калат. армыйага ишенип иш тапшырган екенбиз баштан акыр ишенүү керек. иштешкен үчүн басыктырды. куралдарды жыйып жатат. кылмышкерлерди кармап жатат. ишти бир баштан кылат. баардыгын кылуу үчүн убакыт талап кылат. кылып болгучу емне еле болуп бара жатабыз. кылмыш болгон жерде анча мунча жаңылыштык болупда кетүүсү ыктымал.аны закон аста-аста түзөйт. кыйкырык менен еч нерсе ел болбойт. алды-артыбызды карап иш кылыалы.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.07.2010 09:41
Бизге эч кандай тышкы кучтордун кереги жок. Чет элдик байкоочулар баары кыргыз улутуна көө суйкоп жатышат. Тышкы кучтор да ошондой саясат жургузушот. Тышкы кучтор абалды курчутуп жибериши мумкун. Биздин озубуздун эле кучтор толук жетишет.

кимден: курсант Нурдин каяктан: Россия
07.07.2010 00:19
Эмне эле менттерди, аскерлерди жамандайсынар. Алар силер учун чужой кишилерби? Озунор
ошол кыйын кундору эмнени кана кылбадынар? Баарын талкаладынар как будто башка бир олкону басып алып жаткансып. Ошондой кыйын экенсинер ошол кундору аскерлерге жардам кылбайт беленер? Закон алдында Ар бир адам мамлекетти коргоого милдеттуу. Ар бир кылмышкер катуу жазаланышы керек! Чыккынчыларды Сабамак турсун согуш учурунда аттырып салган

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
06.07.2010 22:06
Мен бул кризистен чыгуу жолу ИСЛАМ дининен башка жолу жоктугун белгилейм Ош окуясында армия милиция эптей албаган проблеманы эл мусулманбыз деп ИСЛАМ принсиптеринин негизинде чечти Эми кайдан жайдап пайда болуп укук коргоо кызматкерлери армия ортого түшүп рекеттик кылууга өттү Мен айтам өзбек _кыргыз мусулмандар буларды куран менен башкаруу керек

кимден: Нургазы каяктан: Москва
06.07.2010 21:53
Нур- мен сенин айткандарына кошулбайм. "Кыргыз болуп жаралганыма уялам" дегенин неси? КЫРГЫЗ мин куноолууу болгондо да оз улутум сатып кетпейм.
Улуу акын Байдылдадан: Улутчул дешет билбеген, Улутун кимдер суйбогон? Кыргыз деп келип дуйного, Кыргыз деп отом дуйнодон!
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)