Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 20:01

Саясат

Ө.Текебаев: Конституциялык сот “кол жоолук” бойдон калууда

ЖК комитети баш мыйзамга өзгөртүү киргизген долбоорду карап, Президенттик кеңешмени Мамлекеттик кеңеш деп атоону сунуштады. "Ата Мекен" партиясынын төрагасы муну айла кеткендеги иш катары баалайт.

Текст көлөмү - +
- “Ата Мекен” партиясы “КР президенти Курманбек Бакиев Конституцияны одоно бузуп, мамлекеттик бийликти менчиктеп, Кыргызстанда үй-бүлөлүк, кландык системаны орнотту” деп 2009-жылдын октябрында мамлекеттик башкаруу системасын реформалоонун иштерине баа берип, өткөн жылы сиздер Конституциялык Сотко кайрылган элеңиздер. Ошонун жыйынтыгы эмне болду?

Өмүрбек Текебаев: Конституциялык Сот партия “мындай кайрылууга укугу жок, анткени жүргүзүлүп жаткан Конституциялык реформа силердин кызыкчылыгыңарга тийишпейт, силердин ага тиешеңер жок” деген өзүнүн жообун берди. Бул туура эмес. Ар бир кыргыз атуулу мамлекетти башкарууга катышууга укуктуу.
 
Саясий активдүү жарандар саясий партияга биригишет. Саясий партия институтуна биздин мыйзамда Конституцияда өзгөчө орун берилген. Ал мыйзам чыгаруу жыйынын жана өкмөттү калыптандыруучу негизги институт катары каралган. Ошентип саясий партиялар жана анын мүчөлөрү түздөн түз саясатка аралашкан субъект экени Конституцияда моюнга алынат.
Бакиев өзүнөн кийин Кыргызстанды кимге калтырам деп сарсанаа болбош керек. Кыргызстан кыргыз элине калыш керек


Партия Конституциялык сотко конституциялык өзгөртүүлөр жөнүндө, өлкөдөгү саясий жараяндар жөнүндө кайрылууга толук укуктуу. Бирок биздин бийликтен көз каранды, бийликтин сөзүн сүйлөгөн Конституциялык Сот бул жолу ушундай шылтоо менен,  “балта көтөрүлгөнчө дөңгөч эс алат” деген принцип менен убактылуу ал маселени кароодон баш тартып жатат.

- Ушул партиялардын кайрылуусуна укук жок деген кандайдыр бир мыйзамдык негиздемелер барбы? Же болбосо алар эмнеге негиздеп, ушундай баш тартты?

Өмүрбек Текебаев: “Партиянын кандай укугу бар экендигин силер түшүндүргөн жоксуңар” деген шылтоо гана жазган. Ал эми чындыгында Конституциялык Сот өндүрүү боюнча мыйзамдын статьяларында,  11-пунктунда жеке адамдар же юридикалык жактар эгер анын укугуна жана эркиндигине тийиштиги болгон учурда тигил, же бул маселе боюнча Конституциялык Сотко кайрылууга толук укугу бар деп жазылып турат.

Мен ойлойм, бул убакыт созуп, президентке Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, мыйзамсыз иштерди мыйзамдаштырганга мүмкүнчүлүк берүүнүн эле айла-аракети.

- Азыркы сот мурдагы Акаевдин убагындагы Конституциялык Соттон эмнеси менен айырмаланат?

Өмүрбек Текебаев: Бүгүнкү бийлик Акаевдин бийлигинен терс жагына күчөп айырмалангандай эле, бүгүнкү Конституциялык Сот да Акаевдин убагындагы Конституциялык Соттон ашса ашат, бирок кемибейт.

Биринчиден, соттун негизи курамы Акаевдин убагында калыптанып, ошонун убагында тарбияланган. Экинчиден, Бакиевдин убагында келген судьялар Бакиевдин элегинен кандай талаптардан улам өткөндүгүн,  алардын саясий төркүнүн айттырбай эле түшүнсө болот.
2007-жылы аракеттеги Конституцияны жокко чыгаруу менен бул Конституциялык Соттун курамы тарыхта калды.


2007-жылы аракеттеги Конституцияны жокко чыгаруу менен бул Конституциялык Соттун курамы тарыхта калды. Андай дүйнөдө болгон эмес. Анткени Конституциялык Сот аракеттеги Конституцияга тийише албайт, ал болгону мыйзамдарды гана жокко чыгарат. Бул өзүнүн атасы менен апасын жоготкондой эле,  иштеп турган Конституцияны жокко чыгарып берди.

- 21-январда Конституциялык Сот президент тарабынан сунушталган мыйзам долбоорун карап, ага өзүнүн корутундусун чыгарып берди. Негизинен бардык түзөтүүлөрдү оң баалап, анан Президенттик кеңешме тарабынан президенттин милдетин аткаруучу аныкталат дегенге каршы болуп чыкты. Бул маселеде Конституциялык Сот өзүнүн пикири бар экенин көрсөтө алган жокпу?

Өмүрбек Текебаев: Бакиев 52-статьяга өзгөртүүлөрдү киргизгенде чоң ката кетирген. Ал ката кетиргенин дароо эле сезген болуш керек. Анткени ал “Көкөтайдын ашы - чырдын башы” дегендей чыр чыга турган механизм эле.

Президенттин көзү жокто анын орун басарын дайындай албай турган Президенттик кеңеш түзүлгөн. Анын укугу да жок. Президент иштей да албаган шартта  башы жок орган болуп калмак. Ошондуктан,  Конституциялык Соттун кеңеши менен андан баш тартып, анын ордуна жаңы Мамлекеттик кеңеш деп түзгөнгө аракет кылып жатышат.
Бүгүнкү Конституциялык Сот өзүнүн ордун билбейт, ал болгону заказды аткарган жакшынакай уюм экенин гана көргөздү.


Конституциялык Сот өзүнүн тыянагында эки гана жагдай боюнча иштеш керек: биринчи, бул мыйзам чыгаруунун субъектиси эрежелерди сактап, мыйзамдуу жол менен өзгөртүү киргизип жатабы же жокпу. Мына ушуга көз салуу. Экинчиси, кокусунан өзгөртүү-түзөтүүлөр кабыл алынып калса, ал Конституциянын ичиндеги башка нормалар менен карама-каршылыктарды жаратабы, жаратпайбы деп юридикалык жактан гана ушул эки моментке баа бериш керек. Тилекке каршы, Конституциялык Соттун тыянагын окусаңыз, кошоматчылыктын, саясий жасакерликтин бүт мүнөздөмөлөрү көрүнүп турат.

Юридикалык жакты коюп эле саясий кеңеш берүүгө өткөн,  президенттин укугу көп болуш керек, бул мыйзамды кабыл алса болот. Анткени президенттин укуктарын көбөйтүп атат. Ал эми бүгүнкү Конституциядагы төрага же премьер министр президенттин ордун басат деген жобо - бул туура эмес. Бул бийликти бөлүштүрүү принцибине каршы келет, Конституцияны бузат деп дүйнөлүк тандалган механизмге каршы чыгып, президентке “андай эмес, мындай кылыңыз, мындай түзөтө коюңуз” деп саясий кеңештерди берип жатат.

Мына, ушунун өзү бүгүнкү Конституциялык Сот өзүнүн ордун билбейт, ал болгону буйрукта аткарган жакшынакай уюм экенин гана көргөздү. Ошондуктан Конституциялык Соттун чечимин өз алдынчалык принципиалдуулук эле эмес, Бакиев кетирген катасын Конституциялык Соттун сунушу, анын колу менен оңдогонго жасаган аракети деп баалайт элем.

- Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин комитети Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекет түзүлүш боюнча комитети ошол маселени карап, президент өз милдетин аткаралбай калган учурда анын милдетин аткаруучуну Мамлекеттик кеңеш деген орган түзүлүп, ошол карасын деп, мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизди. Буга кандай баа бересиз?

Өмүрбек Текебаев: Мен буга айласы кеткендик катары баа берем. Бакиевдин мамлекеттик системаны реформалоонун маңызы, аракети бир гана нерседе болуп калды: бул кокус президент бир нерсе болуп калса, анын ордун ким басат, кимге өткөрүп берем деген сарсанага, келечектеги жамандыкка кам көрүү гана болуп калды деп билем.

Мына ошонун айланасында бүгүнкү саясат,  конституциялык реформага айланып отурат. Бул абдан туура эмес көрүнүш. Бакиев өзүнөн кийин Кыргызстанды кимге калтырам деп сарсанаа болбош керек. Кыргызстан кыргыз элине калыш керек, кыргыз эли өз тагдырын өзү аныкташ керек.

"Азаттыктын" архивинен: З. Курманов: Президенттик кеңешме керек

З. Курманов ЖК төрагалыгына шайланаардан бир күн мурда "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолорунда" баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча ойлорун айткан.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: немис каяктан: Германия
30.01.2010 19:27
Ө.Текебаев: Конституциялык сот “кол жоолук” бойдон калууда
Баарыбызга белгилүү болгондой, дүйнөдөгү кайсы гана өнүккөн мамлекеттерди албайлы, алардын элинин жашоо-турмушу жакшы, ошол малекеттердин эл башчысы биринчи ирээтте патриот жана өз эли-жери үчүн намыстуу адам болот. Ал эми мамлекет үчүн жасаган калган иш аракеттери ушул, айтылган негизги принциптерге таянса, мамлекетте өнүгүү болуп турат, элде гүлдөгөн жашоо-турмуш болот. Андай өз эл-жери үчүн намыстуу, патриот эл башчылар ошол элдин туура тандоосуна жана бактысына жараша болот. Андай элдик эл башчыга эптеп бийликке жетүү, мансапкорлук жашоо деген түшүнүктөр кызыктырбайт. Ушундай элим-жерим үчүн деген касиети бара адамдар, көп жылдын ичинде, өзүнүн жүрүм-туруму, айткан сөзү, жасаган иши менен чыныгы патриот лидер экенин эл алдында далилдейт деп ойлойм. Менин пикиримде да, азыркы учурда, ушундай чыныгы элдик эл башчылыкка татыктуу инсан экенин далилдеген адам бул Ө.Текебаев эле болуп турат го. Азыркы коррупциялашкан системага каршы Ө.Текебаев элди бириктирип, ээрчитип, чечкиндүү аракет жасашы кана калды, кандай дейсиңер. Азыр Кыргызстандын жер жерлеринде чыныгы элдик президент боло ала турган инсан ким болот деген суроого, экин анжы, арсар болгон жарандар көп. Ошол арсар болгон жарандарга Ө.Текебаев жөнүндө түшүнүктүү маалымат жеткирилсе (себеби ГТРК Бакиевдики, башка ММК кысым алдында турат), президеттике Ө.Текебаевди эле колдой тургандай эл арасында бекем пикир калыптанып калса, анда кыргыз эли-жери үчүн чыныгы элдик бийлик орношуна чоң шарттар түзүлгөнү турат. Ал эми БЭК деген болбой турган уюм го деп ойлойм, себеби БЭКтин мүчөлөрүнүн арасында эптеп бийликке жетсем деген мансапкорлордун саны дагы деле болсо көп болуп атат...

кимден: кылым каяктан: москва
28.01.2010 02:13
Ушул шеринеге пикир жазган азаматтарга абдан ыраазы болдум,ушулардын катарына бүт кыргыз эли кошулсун, Текебаевга ден-соолук, өмүр берсин келечектеги ПРЕЗИДЕНТ.Кыргызстанды бир ушул киши сактап,өнүктүрүп кетет.Биринчи президентти көрдүк,экинчисин көрүп жатабыз,качанга чейин жакшы турмушту,өнүгүүнү көрөбүз же күтүп жүрүп өтүп кете беребизби,биринчи мөөнөтүндө тойсун экинчи мөөнөтүндө жакшы иштеп берет,кана тойгону, иштегени келген президент жей берсе Кыргызстанды жеп, элин кошо жеп жатат. БИРИГИП КАРАЖАТ ЖЫЯЛЫ,МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ,ДЕМОКРАТИЯЛЫК ЖОЛ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН КЕЛЕЧЕГИН ТҮПТӨЙЛҮ.

кимден: Бакыт каяктан: Бишкек
27.01.2010 22:15
Сиз Бакиев менен теледебатка чыгышыңыз керек. Кимдин-ким экени ошондо билинет. Эң рейтинги көп телеберүү болот ко. Бийлик ошого барат бекен? Баралбайт ко. Азаттыктар бир уюштуруп берсеңер жакшы болот эле. Күтөбүз!

кимден: MARATIX
27.01.2010 21:42
"Bakiev Ketsin Maks Kelsin "
Maks ketse Makstin balasi kelsin "Jashasin" Bakievdin uruu tuugani. "Jashasin" koshomatchilik


кимден: Жакып каяктан: Ош
27.01.2010 15:58
Азыр Түштүктө Бакиевдин абройу батинкасына түшүп калды мурун тим эле колдодук эле исаковдун сотунан кийин электрга баа өскөндөн кийин эл түңүлдү булардан жакшылык болбоорун азыр эл бир аз көзү ачылып калды

кимден: Шамай каяктан: Астана
27.01.2010 15:13
"Өмүрбек", өлүп жок болуп бара жаткан шордуу кыргыздын өмүрүн узартып,белин беките турган бүгүнкүнүн Манасысың. Коркконум, булардын түн уйкусун бузуп,көздөрүн умачтай ачкан элдешкис эки душманы бар эле. Биринин болсо (Медет Садыркулов) мыкаачылык менен көзүн тазалап,"ох" дешкени менен эми Өмүрбектен кантип кутулуу булардын "мээсин эзген" эң башкы максаты.Эстеп көрсөңөр,эмне гана кылышкан жок, "отко салса күйбөй,сууга салса чөкпөй",арсыздардын айласын кетирип,булардын түбүнө өзүң жетесиң Өмүке, буюрса. Ылайым башыңды таштан жаратып,өчпөс жылдызга айлан, болот "чапкан сайын курчуйт" дейт. Бирок сак бол,абайла,абайла,абайла!.. Айбандарга ишенич жок.

кимден: Балта каяктан: Нарын
27.01.2010 14:42
ЖК менен Консот мыйзам долбоорун бири бирине "футболить" эткендерине караганда, бул жерде бир мандем бар окшойт. Башкы тренер Бакстын эрежеси менен оюн жүргүзүлүп жатат.
Мен дагы шеринедеги пикирлештерге кошулаар элем, Өмүке сак болуңуз, сиз кыргыз элине ушул заманда эң керексиз, өзүңүз айтмакчы адамдын тарыхына карап баа бериш керек. Ал эми жогоруда сиздин : "Кыргызстан кыргыз элине калыш керек, кыргыз эли өз тагдырын өзү аныкташ керек."- деген сөзүңүздү азыркы кылымдын эң биринчи ураанына кошоор элем.


кимден: Сатывалды Сайпидин уулу каяктан: Россия
27.01.2010 14:10
Баш көтөрөт калың эл акыр бир күн,
Тажаганда бийликтен, чоңдорунан.
Аттанышат күрөшкө эл актык үчүн,
Куу чеңгелди алып салып жондорунан.
Өмүрбек аке, сиз күткөн күн да алыс эмес. Келечек Кыргызстандын жаштарынын колунда. Ал эми жаштар силерди коргойт. Туура айтыпсыз, Курманбек Салиевич бийликти өзүнөн кийин кимге калтырууну ойлонбой эле койсо болот. (Арга таппай калсак ""КУШ" учура коебуз депутаттардын астынан. Багы ачылганга конот болушу керек.)
Эми чын-чынына келгенде бийликти элге кызмат кыла турган, эл үчүн күйө турган адамга тапшырууга эмне себептен болбосун? Өмүрбек Чиркешовичтин айтканына +1000 добуш мигранттардын атынан.

кимден: Баки каяктан: Баткен
27.01.2010 13:03
Өмүрбек Чиркешович! Кыргыз эли үчүн күйүп-бышып жаткан бир сизсиз, өмүрүңүз узун, ден солугуңуз чын болсун, биз дайыма сиз менен, Бакиевдердин бийлиги да кыйрайт, муну тарых барактайт, көрсөтөт. Ага чейин да күрөшүү керек, бирок элге баары бир болуп калганына таң каламын, бүгүнкү күн менен алектенип, Кыргызстандын эртеңки күнү, байлыгы эмне болот, ойлонгон да жок, Кыргызстан сизге жана бизге керек, жаштар уйкуда, көзү ачыла элек. Бар болуңуз!

кимден: Омурбек каяктан: Жумгал
27.01.2010 12:46
Өмүке, деги этият болуңуз. Сиздин сөздөрүңүз орусча айтканда насквоз көргөндөй эле чыгып жатат. Элдин жалгыз үмүтү сизде, сизди жоготуп албайлы.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине