Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 22:33

Дин

Медресе – жан дүйнө боштугун толуктообу?

Соңку учурларда Кыргызстанда көпчүлүк ата-энелер баласын окутуу үчүн мектепти эмес, медреселерди тандоодо. Ушундай оюн билдиришкен диний адистер мындай көрүнүшкө мамлекет көзөмөл жүргүзбөсө, алдыда сабатсыз муун көбөйөт деп коңгуроо кагышууда.

Текст көлөмү - +
Алардын пикиринде, өлкөдөгү медреселердин көбү куран жана хадистерди окутканы гана болбосо, эч бир талапка жооп бербейт. Мындай пикир ээлери менен Кыргызстандын мусулмандар башкармалыгы макул эмес.

Кыргызстан көз карандысыздыкты алгандан кийинки өлкөдөгү башкы өзгөрүүлөрдүн бири дин жагынан байкалды көрүнөт. Анткени өлкөдө мечиттер жаандан кийин көбөйгөн козу карындай эле мурда-кийин болуп көрбөгөн медреселер салынды.

Акыркы 4-5 жыл аралыгында көпчүлүк ата-энелер балдарынын билим алуусу үчүн дал ошол медреселерди тандап ала баштады. Алар айрыкча өспүрүм балдардын тартиптүү, ыймандуу, ийкемдүү тарбияланышына дал ушул медреселер жакшы деп ынанышат.

Ошентип ушул тапта Кыргызстандагы медреселердин саны алтымышка жакындап, сегиз Ислам институту, бир Ислам университети ачылды. Адистер беш млн. калкы бар Кыргызстан үчүн бул сандар өтө эле көптүк кыларын белгилеп келишет. Мисалы, 20 млн. калкы бар ошол эле Өзбекстанда ушул тапта болгону сегиз медресе, бир Ислам институту бар экен.
Медреседе, 
мектептегидей тоноо жана рэкет деген түшүнүк жок. Ал тарбия башка.


Бирок адистер өлкөдө орун алган медреселердин талапка жооп бербей турганын айтып, ушул багытта системаны оңдоо зарылдыгын белгилеп келишет. Мамлекеттик дин комиссиясынын жетекчиси Каныбек Осмоналиевдин пикиринде, бул келечекте сабатсыз жаштардын, сабатсыз муундун жаралышына алып келиши ыктымал.

- Билим берүү мыйзамы боюнча, бизде тогуз жылдык окуу милдеттүү болгону менен, кээ бир ата-энелер балдарын мектептен алып медреселерге берип, алардын келечегине чоң бир проблема түзүлүп жатат. Көп эле медреселерде куран жаттатып, бир-эки хадис үйрөткөнү болбосо эч бир билим беришпейт. Экинчиден, бир медресенин иш планы экинчисиникине төп келбейт. Бири Пакистандын таасиринде, башкасы Түркия, арабдардын таасиринде болуп калган. Бул Мусулмандар башкармалыгынын, муфтийдин алдында маселени ачык эле айтып, көтөрүп келебиз.

Диндин чыныгы баалуулуктары

Кыргызстанда баш-аягы биригип миңдин тегерегинде балдар медреселерде билим алышат. Чет жактарга билим алуу үчүн кеткендер да бар. Өткөн жылы отуздай бала дин жагынан билимин өркүндөтүү максатында чет жактарга медреселерге окууга кетишкен. Алардын көбү Араб Эмиратына, Египетке, Иорданияга жана Түркияга кеткендер. Арасында Пакистанга кеткендер да бар.

- Тилекке каршы, Пакистанга, Лахор, Райвант шаарларына дааватчылык курска барып жүргөндөр да бар. Бул да муфтияттын жана өкмөттүн көзөмөлүнөн чыгып кеткен да. Ал жакка турист катары барып эле, ошол жерде окуп, ар кандай көз караштар менен келип жатышат, - дейт К.Осмоналиев.

Коомчулук арасында башка бир уюмдун кызыкчылыгына динди пайдаланышы мүмкүн деген кооптонуулар да жок эмес. Мына ушундай таасирлерге берилип кетпеш үчүн адам баласы диндин чыныгы баалуулуктарын билип чоңоюш керек дешет адистер.

“Мына ошол себептүү ушул тапта жалпы билим берүү мектептерине дүйнөлүк диндердин тарыхын киргизүүгө аракет жасалууда”, - дейт К.Осмоналиев. Анын айтымында, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрү мектеп программасына мындай сабакты эбак эле киргизген.

Ал эми өлкөнүн мусулмандар башкармалыгы алтымыш медресе Кыргызстан үчүн көптүк кылбайт жана кооптуу эмес деген ойдо. Башкармалыктын өкүлү Кубат Имаровдун билдиргенине караганда, чет жакка окуп кеткендердин саны да өткөн жылдарга салыштырмалуу өскөн.

- Жок, Кыргызстан үчүн алтымышка жакын медресенин болушу көп деле эмес. Алардын онго жакыны ар кандай себептер менен иштебей турат. Бирок акыркы кездерде балдарын медресеге берген ата-энелердин көбөйгөнү байкалып жатат.

Мектепте – рэкет, медреседе - ?

Ал эми 18 жаштагы Аскат Бишкек шаарынын медреселеринин биринен билим алат. Ал медресеге тогузунчу классты бүткөн кезинде ата-энесинин түрткүсү менен келген. Аскат окуган медреседе өзү курактуу дагы бир топ бала бар. Алардын бардыгы ушул медреседе жашап, ушул жерде окушат. Ал бул жакта куран окууну үйрөнүүдөн башка, бири-бирине болгон мамиле да жакшырарын белгилейт.
Тилекке каршы, Пакистанга, Лахор, Райвант шаарларына даватчылык курска барып жүргөндөр да бар.


- Бардык эле ата-эне өзүнүн баласын дин жактан сабаттуу болсун, куран жаттап, адал менен арамды ажырата билсин деген тилек менен медресеге берет. Мени деле тогузунчу классты бүткөндө ата-энем алып келген. Өзүм деле кызыгып, аракет кылгам. Мунун эч кандай зыяны жок.

Аскат медреседен сырткары Ислам институтунда да билим алат. Ал чет өлкөгө дааватка чыгууга же башка өлкөгө медресеге окууга ниети жок. Бирок ал медреселерге кошумча башка сабактарды киргизүүнүн кажети жок деп ойлойт. Ал кошумча сабактарды тогузунчу класска чейин мектепте окуу жетиштүү деген пикирде.

Ал эми дин боюнча жергиликтүү серепчилер жаштардын динге тартылып, медреселерге окуусу бир гана Кыргызстанда эмес, жалпы постсоветтик өлкөлөрдө байкалып жаткандыгын айтышууда. Мындай изилдөөнү “Дин, укук жана саясат” аналитикалык изилдөө борбору жасаган.

Борбордун жетекчиси Кадыр Маликов исламды туура жолго буруп, бул процессти мамлекет жөнгө салуу керек деген ойдо. Ал медресеге барган жаштардын көбөйүүсүнө бир канча факторлор тиешелүү экенин белгилейт.

- Медреседе, биринчиден, мектептегидей тоноо жана рэкет деген түшүнүк жок. Ал тарбия башка. Экинчиден, айыл жеринде, же шаарда болобу балдар ата-энесине, туугандарына жардам берүү максатында мектепке барбай базарларда же дагы башка иш кылат. Алар мектепке бара албай, жок дегенде медреселерден билим алууну көздөйт. Үчүнчүдөн, жаштардын көбү жан дүйнө боштугун толтуруу үчүн динди тандап алып жатышат. Ошондуктан мамлекет медреселерди жабууга шашпай, анын талапка ылайыктап түзүлүшүнө жардам бериши керек. Бул жакка мектептердеги сабактарды да киргизүү зарыл.

Пакистанда медреселерде миңдеген окуучулар анын жер төлөлөрүндө жашап, билим алышат экен. Алар медресе эмне тамак берсе, ошону жешет.
Көп эле медреселерде куран жаттатып, бир-эки хадис үйрөткөнү болбосо эч бир билим беришпейт.


Тажикстандын Пакистандагы элчиси Зубайдулло Зубаидовдун маалымат булактарына билдиргенине караганда, алар медреседен ак кездемеден кийим анан бир канча самын алышат. “Мына ушундай шартта дин боюнча кандай илим алат”, - деген З.Зубаидов.

Ал эми жергиликтүү адистер кыргыз бийлиги медреселерди модернизациялап, башка сабактарды киргизсе анда жакшы натыйжа алат деген пикирде. Эгер булар ишке ашса мамлекеттин, үй-бүлөнүн бекем болушуна алып келет дешет алар.

"Азаттыктын" архивинен: "Азаттык плюста" дин маселеси талкууланды

"Азаттык плюстун" 28-сентябрда обого чыккан кезектеги берүүсүндө дин темасы талкууланды. Жаштар арасында өз динин алмаштыргандар көп болуп жаткандыгы, Дин агенттиги эмдиги окуу жылынан тарта мектептерде “Дин тануу” сабагын киргизип жаткандыгы айтылды.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: ahmad каяктан: syria
29.01.2010 20:09
emne ychun ushunchalik karangilikka kirip ketkenbiz akul kozy m\n aylananu jakshu karaylu tuugandar islamdan ech kim ech kachan tuya albayt andan koro bashka yyruluk zuna reketchilik ,okuu jaylar-gu dedavshina suyaktyy masele-di suylo-by?

кимден: Esen каяктан: Turkey
29.01.2010 01:21
biz bardyk maselelerdi chechip koygondoy emi ushul kaldyby? Аты-жөнү жазылбаган'dar bolso oylonboy ele ar nerseni jaza beret. bir nerseni aytaarda je jazarada kichine oylonup anan jazsa jakshy bolmok. mektepterge ech kim karshy chykkan jok, medreselerge da. din sabagyn kirgizip koyso ele baary onolup ketpeyt. kirgizbey koyso da baary buzulup ketpeyt.bul jakta jash ospurumdordu taza jana tuura bagytta osturuu maaniluu.

кимден: Askarbek каяктан: kair
24.01.2010 07:04
Assalamu aleykum jakshi ishter ketip baratiptir buldagi bolso kirgiz eldin jetishkendigi jana dinge bolgon koz karashi jakhsi ekenin bildiret albette elibizge din taanu sabagin kirgizilysy turgan soz sebebi toskol ech nerse jok elibiz musulman bolso egemendy kalk bolsok bul jashtardi jakshi bagitka gana yndoyt uybylo maselesine kelsek erkek kishi menen ayaldin ortosun ayima bekemdep turat barinan jaratkandi taniyt kelechegibizgedagi tasiri oto chon ish alipbarajatkan kizmatkerlerdin ishterine iygilikter bolsun

кимден: кыргыз каяктан: европа
23.01.2010 18:52
кыргыз элим качан түшүнөөр экен душман менен досту.
азыр динге каршы күрөшкөндөр көбөйдү,алар өздөрү эмне кылып жаткандарын билишпейт,эмнеге каршы күрөшүп жаткандарында билишпейт, аларга таң каласың.
алар өздөрүнүн ата бабалары коргоп жанын берген нерсеге каршы жок кылабыз деп жатат,эгерде ата бабалары тирүү болгондо алардыда тыймакпы?.

АТА БАБАЛАРЫБЫЗ ДИНДИ КАРМАНЫП ЭР АТАЛГАН, БИЗ ДИНДИ ТАШТАП КОР, КУЛ АТАЛАЙЫН ДЕП ЖАТАБЫЗ.

КЫТАЙДЫ ТИЗЕ БҮКТҮРГӨН КЫРГЫЗ,ӨЗҮ БҮГҮЛҮП ОТУРАТ.
СЫРТТАН ДУШМАН ИЗДЕБЕЙ ИЧИНЕН ДУШМАН ТААП КЫРЫЛГАНЫ БАРАТАТ. чеченстандай болгондон кудай сактайкөр.

кимден: ulan каяктан: kol
23.01.2010 16:43
Urmattuu kyrgyz elim! Islamdagy davatka karshy bolup jatyp emi emne medreseler kaldyby? Birinchiden bilip koigula medresede okuugan baldar jana kyzdar ech kandai terorchuluk kylbait,bul jon ele mamlekettik politika. Ekinchiden medresede okuugan kyzdar jana baldar bugunkudoi buzukuluk jolgo balbait. Uchunchudon medresede okuugan kyzdar jana baldar kelechekte ui buloosuna jana ata enesine o.e. eli jurtu tuugan uruguna en chon paida alyp kelet dep aita alam. Sebebi ozunor jakshy bilesiner azyrky ubakta mektepte okuugan ulan kyzdar jash kezinen ele buzukuluk jolgo baryp jatyshat jana kopchulugu ichimdik ichishet,sigaret chegishet o.e. jynystyk katnash kylyshat j.b. aita turgan kemchilikteri kop. Bul baldardyn kelechegi jok,bulardan paida da jok ushul jagyn eske alyp koigula. Boloor bolbos akcha uchun dininerdi,elinerdi,namysynardy satpagyla kyrgyz elim.

кимден: abu abdullo каяктан: chet olko
23.01.2010 11:23
Assaloomu aleykum urmattuu okurman jana din negizdechuu akeler din bul baaribizga belgilyy adam balasina en kerekttuu ishenim tuura aytat mektepterge dintaarihin kirgizeli dep kirgizuu zaaril. Ayta kete turgan sozum bul din ech kachan adam balasini karagilikka undoboit Kuran en birinchi Arabtardan chikkan Muhammad paygambaribizga tushkonda Ilim al degen ayat tushot, oshol megilgilde Araptar en karangi (jaahil) el (koom) Alar kuran hadis okugandy uyronup ozdorunon karagilikti joyup duynodogu en aldinki madanyatt adep ahlaktuu komgo aylangan,. Kuran Hadis adam balasina bardik ilimdi uyrotot birok oshol predmetterden sabak bere turgan Mugalim az ,,.

кимден: ahsan каяктан: chet olko
23.01.2010 04:12
mederesede teror degen jalgan,brinchi medresede okup korsun anan suilosun.

кимден: кыргыз каяктан: европа
23.01.2010 02:18
мектептер европа жолу менен медреселер мурдакы ата бабалар жолу менен кетип жатат.бул жерде мурда кийин болгон эмес деп ката жазыптыр, мектептерден алдың баары медреселерде окушкан.

мектептер европа жолу менен кетип жатат муну баары билип,картайганда балдары таштап же сабаб койусунан же болбосо тилдөөсүнөн этийат болуп медреселерге берип жатышат.

медреселер мурдакы ата бабалар жолу менен кетип жатат деген ислам менен тарбияланышкан,медреселерда ошол тарбияны берип жатышат.ата энени урматтоо жана баардык жаман нерселерди кылбоого үйрөтүп жатышат.бизде кээбир өзүн акылдуу сезгендер муну түшүнбөй жатат.

аты жок айтыптыр террор деп , дин эч качан террорго чакырган эмес бирок коргоого чакырган саган окшогондор динди террорго айландырып жатасыңар, акыл кыскалык кылып биз селерге христиандарга окшоп бир бетиме чапсаң экин чисин тосуп бербеймин,биздин дин чапканга жана жакшыга да өздөрүнө жараша жооп берет.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
22.01.2010 21:24
Мектептер рекет, медреседе террор. Кадыр болсо эки спонсордун ортосунда эмне кыла албай эси ооп атат.

кимден: чет олколук кыргыз
22.01.2010 19:57
кыргызстанга диндер тарыхы киргизилет. ошол
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине