Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:31

Башкаруу реформасынын алкагында дин иштери боюнча агенттик өкмөттүн карамагынан бөлүнүп, өз алдынча комиссия болуп түзүлдү. Анын алдында өлкөдөгү дин коопсуздугун чыңдоо, дин саясаты боюнча агартуу иштерин күчөтүү милдети турат.

Кыргызстандагы дин саясатын жөнгө салуу, анын коопсуздугун камсыздоо быйыл мамлекет жетекчилеринин назарында турган башкы маселелердин бирине айланды. Диний кырдаал курчуп бараткандыгын байма-бай эскерткен журт башылар муну диндер, агымдар ортосундагы пикир келишпестиктер күчөп, тигил же бул диний агымдарга азгыруу өөрчүп баратканы менен негиздөө аракетин кылууда. Маселен, диний кырдаалды парламенттин “Ак жол” фракциясынын 28-октябрдагы отурумунун кароосуна даярдап жаткан депутаттардын бири Ажибай Калмаматовдун айтымында, өлкөдө диний жагдай, анын ичинде ислам өңүтүндөгү жагдай курчубайт деп кепилдик берүүгө болбойт:

- Мисалы Пакистанда диний абалдан келип чыккан оор мезгил болуп турат. Кыргызстанда 85 пайыз ислам дининдеги адамдар. Православ христиандары - 10 пайыз. Калганы – башка диндегилер. Ушундай шартта фундаменталдык ислам өнүгүп кете турган болсо мамлекеттик түзүлүшкө чындыгында коркунуч туулат. Мына башында 200-300дөй эле мүчөсү болгон Өзбекстандын Ислам кыймылы бүгүн Өзбекстан үчүн абдан эле кооптуу уюм болуп турат.

Депутат Калмаматовду 5 миллион калкы бар Кыргызстанда 2400дөн ашык диний уюмдун, 1400гө жакын чет өлкөлүк миссионерлердин жүрүшү, 13 миңден ашык бейөкмөт уюмдун ичинде дин багытында иш алып баргандардын да аз эмес экендиги, дааватчылардын саны 6 миңге жетип барышы тынчсыздандырат. Ошондуктан “ак жолчу” депутаттар азыр дин коопсуздугу боюнча агартуу иштерин күчөтүү демилгесин көтөрүп жатышат. Депутаттар тобу иштеп жаткан жаңы мыйзам долбоордо жалпы билим берүүчү мектептерге 2010-жылдын 1-сентябрынан баштап дин таануу сабагын киргизүү жагы каралууда. Бирок ал канчалык деңгээлде өзүн актаары азырынча белгисиз.

Айрым талдоочулардын баамында дин саясатын жүргүзүүдө бийликтин башкы өксүгү – дин менен мамлекеттин ортосундагы карым-катышты тактай албай жатат. Ага жараша мамлекет бир кыйырдан экинчи кыйырга кетип, бирде кысып жиберип, бирде кароосуз таштап койгон учурлар арбын катталууда. Талдоочу Акылбек Салиевдин көз карашында мындай жагдайдын түзүлүшүнө дин жаатындагы адистердин сабатсыздыгы биринчи кедергисин тийгизүүдө. Анын натыйжасы Ноокат, Куланак, Өзгөн, Жалал-Абад окуяларынын келип чыгышын шарттап отурат:

- Ушунун баары келип эле бийликте жүргөндөрдүн сабатсыздыгына байланган. Ошол жерде болгон ахыбалды жетекчилердин туура эмес түшүнгөндүгү. Күчкө сала коюу жеңил да. Ошондой кыла койсок эле басылып калат деген ой да. Андай болбойт да.

А. Салиев деле дин саясатынын натыйжасын агартуу иштеринен көрөт, бирок аны ишке ашыруу аракеттерине канааттанбайт. Маселен бийлик мугалимдердин диний окуу жайларда, медреселерде сабак берип, дин ишениминдегилерге мамлекеттик деңгээлде билим берүүгө кызыкдар эмес. Мындайда дин мамлекеттен бөлүнгөн деген шылтоо болуп, иш жүзүндө мамлекет бул багытка каражат коротууну каалабайт. “Тавлиг жамааты” өңдүү жаңы проблемалары да ушундай тоң моюн саясаттан келип чыгууда:

- Негизи бул туура эмес. Кичине болсо да, чоң болсо да, сакалчан болсо да, адам корккон кийимдерди кийип алса деле алар биздин жараныбыз. Ошондуктан өкмөттүн, мамлекеттин алардын алдында милдети бар. Ошон үчүн булар менен иштеш керек.

Дин саясатын жүргүзүп жаткан мамлекеттик кызматкерлер өз кезегинде экстремисттик топтор “Тавлиг жамааты” сыяктуу уюмдарга жамынып алып, ал өлкөгө коопсуздугуна шек туудурабы деп чочулашат. Дин иштери боюнча кайра түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын кайра дайындалган жетекчиси Каныбек Осмоналиевдин пикиринде, "Тавлиг жамааты" деген кыргыздын кылымдык каада-салтына туура келсе колдоого алынат. Туура келбей атпайбы. Ошондуктан “Таблиг жамаатына” сын көз карашыбыз дагы эле калат.

Башкы прокуратура дааватчылар менен иштеген бул диний уюмга тыюу салууну Коопсуздук Кеңешинин өткөн айдагы аппарат жыйынына сунуштаган болчу. Бирок бул демилге кандай нукта чечилери белгисиз бойдон турат.

Бул аралыкта АКШнын мамлекеттик департаменти дүйнөдөгү дин эркиндигинин абалына арналган кезектеги отчетун жарыялаганы турат. Былтыркы отчетунда АКШ мамдепартаменти динге ишеним эркиндигин өз мыйзамдары аркылуу чектеген өлкөлөрдүн катарына Казакстан менен Тажикстандын катарында Кыргызстанды да кошкон.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG