Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

Өмүрбек Текебаев: Президент бийликти менчиктештирүүдө

27.10.2009
Мээрим Султангазы

Президенттин жаңы реформасы Кыргызстанга эмне алып келет деген маселенин айланасында “Ата мекен” партиясынын лидери, оппозициячыл белгилүү саясатчы Өмүрбек Текебаев “Азаттык” менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: - Президент өзүнө бир топ кызматтарды алып койду, өкмөттүн курамынан аларды чыгарып кетти. Бул эмне максатта жасалып жатат деген ойдосуз?

Ө.Текебаев: - Кыргыздардын өзүнүн түшүнүгү бар, бийлик деген бул түздөн-түз жумшоо. Сен дайындасаң, жумшап турсаң - ушуну бийлик дейт. Ал эми мамлекттик бийлик - бул мыйзамдын чегинде тартиптерди жаратып, шарт түзүп, бүгүнкү күндө бул бийлөөнүн накта формасы болушу керек. Мына ушундан улам биздин президенттер өздөрүнө жеке бийликти жыйнаганга аракет кылышат.

1998-жылы президент Акаев жеке бийлик системасын түзгөн. Президенттин администрациясы аң уулоого лицензиясын да бере баштаган. Президенттин алдында дин комиссиясы, статкомитет, монополияга каршы комитет болгон. Президент өзү фонд түзүп, тигил же бул мамлекеттик иш-чараларды өзү каржылай алган. Сотторду, акимдерди жеке өзү коюп, ушуга окшогон аткаруу бийлигинин функцияларын өзүнө алган.

Бул система кулады. 2005-жылы мына ушунун негизинде, авторитардык үй-бүлөлүк системага эл каршы чыгып, көтөрүлгөн. Мына ошол шар менен Бакиев жана анын командасы элге убадаларды берген. Тилекке каршы, төрт жыл өттү, Бакиевдин саясаты тескеринче болуп атат.

2005 -2006-жылдары оппозиция күчтүү болгон, айласыздан кызматтан кетип калбайын деп Конституция кабыл алган да, бир аздан кийин эле реванш алып, референдум өткөрүп, эски системаны кайтарганга аракет кылды. Президенттик шайлоодон кийин биротоло ордумда бекем отурдум деди окшойт, төрт жылда Конституцяга төртүнчү жолу өзгөртүү киргизип, эски бийликти кайтарып келди.

“Азаттык”:
- Сөзүңүзгө аралжы, Конституция кандай жол менен кабыл алынышы керек, референдумбу же парламент аркылуубу?

Ө.Текебаев: - Биринчи, экинчи, үчүнчү жана акыркы бөлүмдөр референдум жолу менен гана өзгөртүлөт. Ал эми бийликке тиешелүү калган бөлүмдөр Жогорку Кеңеш тарабынан өзгөртүлсө болот деген норма бар. Ошондуктан “Ак жол” үстөмдүк кылган парламент өздөру каалаган өзгөртүүнү киргизе алышат.

“Азаттык”: - Президент реформаны жасоодо Конституцияны бузганы айтылууда. Буга сиздин пикириңиз кандай? Конституцияга алгач өзгөртүү киргизип, анан ушул реформаларды жасаса болот беле?
Бүгүн президент калыс болбостон, негизги оюнчу болуп отурат. Укуктары эбегейсиз көп.


Ө.Текебаев: - Мыйзамдар шайлоо убагында одоно бузулган, бирок эми шайлоо өттү, акыркысы болсун, мындан кийин жаңыча жашап, жаңыча курс жүргүзөлү деп президент чын ниетинен иш алып барса түшүнсөк болот эле. Бирок чү дегенде эле Конституцияны бузуудан баштады. 20-октябрда Ак үйдө “Ак жол” партиясынын саясий бюросун өткөрдү, ал эми Конституция боюнча президент партияга мүчө да боло албайт жана анын иш-аракеттерине катыша да албайт. Мына ошону билип туруп, ачыктан ачык эл алдында ошону өткөрдү. Бул - Конституцияны көзгө илбегендик дегенди билдирет.

Конституцияда өкмөттүн курамы министрликтерден жана комитеттерден турат деп жазылып турганына карабастан ага каршы келген өкмөттүн структурасын бекемдеди. Мына ушундай мыйзам бузуулар менен бул “реформа” жүрүп жатат.

“Азаттык”: -
Кыргызстандын туңгуч президенти Акаев менен учурдагы мамлекет башчысы Бакиевдин реформачыл саясатынын айырмачылыгы эмнеде деп ойлойсуз?

Ө.Текебаев: - Айырмачылыгы - бүгүнкү бийликтин криминалдык табиятында жана мүнөзүндө. Саясий, экономикалык негизде адамдарды куугунтуктоо болуп көрбөгөндөй максатка жетти. Эгерде президент Коопсуздук кызматын өзүнө алса түшүнсө болот эле, Финполицияны да өзүнө алып жатат. Бул экономикалык оппоненттерди куугунтуктоону жана бизнести бөлүштүрүүнүн абдан ыңгайлуу куралы болуп эсептелинет.

Эгер Акаевдин убагында майда социалдык, экономикалык объектилер менчиктештирилген болсо, азыр эң ири табигый байлык, жер-кен байлыктары, энергетика объектилери приватташтырылганы турат. Ошондой эле Бакиев бийликти да менчиктештирүү планын койгон. Мамлекеттин кээ бир функцияларын биз жеке адамдарга беришибиз керек деп айтууда.

Өкмөттүн негизги функцияларынын бири – мамлекеттик мүлктү башкаруу. "Бакиевчилер" мамлекет өз мүлкүн башкара албайт экен деп, чет элден келген азаматтарга башкарууну берип жатат. Бирок ошол эле кезде мамлекеттик мүлк агентчилигин министрлик кылып, статусун жогорулатты. Ушуга окшогон түшүнүксүз, бири-бирине каршы келген кадамдарды жасап жатат. Максаты бир - Кыргызстандын экономикасын, каржы секторун көзөмөлдөөнү жеке адамдарга берүү.

Борис Березовский
Мисалы, 16 млрд. сом бюджети бар Пенсиялык фонд мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы жоюлду, Салык кызматы социалдык фонддун жыйымдарын жыйнап берет. Жыйналган акча жеке компанияга түшөт. Жеке компания ал акчаны сактап, көбөйтүп, каалаган экономикалык долбоорлорго салып аны сактап турат деген ниет менен берип жатат. Медициналык камсыздандыруу фондунун да ушундай тагдыр күтүп турат болушу керек. Мына ошентип чет элдик жарандар, жаш балдардын тобу биздин финансы системасын толугу менен көзөмөлгө алып калышты. Бул - Березовскийдин схемасы.

“Азаттык”: - Башкача айтканда, ушул реформалар өлкөнү кандай жолго салып жатат, дегеле мындан кандай майнап чыгат?

Ө.Текебаев: - Компрадордук буржуазия деген түшүнүк бар. Бул өз эли менен чет элдиктердин ортосунда ортомчу болуп, коррупцияланган чиновниктердин катмарын айтат. Алар өз дыйкандарынын, өндүрүшчүлөрүнүн кызыкчылыгын ойлобойт. Чет элдиктердин кызматын кылып, үлүшүн алып, ошо менен байып жашаган бизнес элита. Бүгүн бизде компрадордук буржуазия түзүлдү. Бакиевдин саясаты ушул компрадордук саясатты ачыктан ачык, жашырбастан жүргүзгөндүгү менен Акаевден айырмаланат.
“Азаттык”: - Өнүктүрүү фонду деген түзүлүп, иштеп жатат. Ага Орусиянын, дегеле чет мамлекеттен акчалар түшөт экен. Фондду түзүүнүн чыныгы, түпкү максатын эмнеден көрөсүз?
Чет элдик жарандар, жаш балдардын тобу биздин финансы системасын толугу менен көзөмөлгө алып калышты. Бул - Березовскийдин схемасы.


Ө.Текебаев: - Бул фонд - Кыргызстандын кызарган байлыгынын барын жыйнай турган казына. Ал казына сырттан келген карыздар, баалуу ресурстар, Жер үй, мындан кийин “Кумтөр” да фондко берилет болушу керек деп ойлойм. Фонддун башкармачылыгын президент өзү дайындайт. Фонд өкмөткө баш ийбестен эле кыргыздар үчүн кайсы маанилүү улуттук долбоорду өзү аныктайт. Кайсы долбоорго кача пайыздык үстөк менен канча убактыка беришти өзү аныктайт. Демек эл эмес, ошол фонд башкарып калат.

“Май кармаган бармагын жалайт” деген түшүнүк бар. Березовский аны мындай деп айткан: менчиктештирип сатып алам деп убара болуштун кереги жок. Жетекчи болуп ошол ишкананы бакшарсаң, финансы агымдарына көзөмөл жүргүзсөң, ошондо өзүнөн түшкөн пайдага сатып алсаң болот деген.

“Азаттык”: - Өлкөнүн Баш мыйзамына ылайык президент өлкөнү эки мөөнөт гана башкаралат. Экинчи мөөнөт аяктагандан кийин кайрадан шайлоого барбастыгын президент Бакиевдин айтканы да бар. Айрым талдоочулар өлкө башчысы соңку реформалык жүрүштөрү менен өзүнө мураскер даярдап жатат деген пикирлерин билдиришүүдө. Сиздин буга көз карашыңыз?

Ө.Текебаев:
- Парламентте “Ак жол” үстөмдүк кылат. Президент ошол “Ак жолго” ишенбей, байлыктарды өзүнүн алдындагы Өнүгүү фондусуна топтоду. Жакынкы күндөрү, президенттин мөөнөтү аяктаганга чейин парламент алмашып, жаңы парламент келиши мүмкүн дегенди түшүндүрөт. Ошону үчүн көп структураларды, байлыктарды өкмөттүн, демек кийинки парламенттин көзөмөлүнөн чыгарып, өзүнүн алдына жыйноо амалы.

Өзү болобу, кийинки мураскери болобу парламенттен көз каранды болбой, демек элден көз каранды болбой, өз алдынча бийликти андан ары уланта берүүгө бул шарт түзүп берүүдө. Эми президенттин өзүнө мураскер даярдоо ниети канчалык - аны айтуу кыйын.
Бакиевдин саясаты ушул компрадордук саясатты ачыктан ачык, жашырбастан жүргүзгөндүгү менен Акаевден айырмаланат.


“Азаттык”: - Премьер-министрдин бекитилишин алып карасак. 21-октябрда Д.Үсөновдун талапкерлиги “Ак жол” фракциясында гана талкууланып, президентке сунушталды. Баш мыйзамда башка фракциялардын талкуулоосунун зарылдыгы жок деп белгиленген. Ушул система көп партиялуулукту өнүктүрүү жаатындагы биздин жасап жаткан кадамдарга карама-каршы келбейби?

Ө.Текебаев: - Мындай системада президент калыс болушу керек. Бүгүн президент калыс болбостон, негизги оюнчу болуп отурат. Укуктары эбегейсиз көп. Бул жерде жеке “Ак жолдун” гана эмес, президенттин да диктаты болуп жатат.

“Азаттык”: - Рахмат.

Тасмада: Бийликти реформалоодон майнап чыгабы?

Сиздин JavaScript программаңыз өчүп турат, же болбосо Сизде Adobe программасынын Flash Player усулунун эски варианты гана бар. Жаңыртып алыңыз: Эң соңку Flash player версиясын көчүрүү.

Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: КЫРГЫЗ патриоту каяктан: Ош
25.11.2009 00:11
О. Текебаев заслуженный юрист, Кыргызстандагы мыйзамдардын 80 пайызын сиздин аркаңызда кабыл алынганын билебиз, бирок азыркы бийлик аткарбай жатат.Сизге кудайым ден соолук, күч, эрк, акыл берсин. убакыт келет. ошондо көрөбүз Чала киргиздин жооп бергенин. БУл Кыргыздын Киргиз баласы Кыргызтанга, кыргыз элине күйбөгөнү көрүнүп турат.

кимден: Рудбек каяктан: Нарын
19.11.2009 19:28
Мен 54келдим бала кезде атамдар турмуш кыйын десе таң калып калар элем. эс тартканда тааныш аркалуу жолдшума көйнөк сатып бергенимди эстесем уйалам. Кыматтатып бир тешикти бүтөгөн менен башка жагы тешилерин атка минеерлер ойлосо дурус болт эле,себеби карапайым калк жалаң эле чай ичкен үйлөр бар . Өмүрбек мырза азыркы тапта сиз кана баарыдык ишке каршы туруп турасыз сизге ден соолук бакытты эл берет!

кимден: Эксперт каяктан: Бишкек
17.11.2009 19:23
MGN Group- Максим, Гуревич, Надель
Maval Assets - Максим Валерий (Белоконь) . Кыргызстандын ресурстарын башкарган ушул эки компания. Березовский Лондондон контролдоп турат.

кимден: Азамат каяктан: Ош
17.11.2009 12:36
Ө Текебаевге эмне дейбиз, ден соолугуңуз чың болсун, Кыргызстанда сөзсүз реформа болот,азыр Бакиевдин кылып жатканы келечек үчүн, Биз азыр базар экономикасында жашап жатабыз энерго системабыз иштен чыгып калгандан көрө бааларды көтөрүшү туура эле деп ойлойм, өзүн-өзү актабаган ишкана барып барып эмне болот, жоголууга учурайт, караңгылыкта калгандан көрө жарык, жылуулук болсун, Бир күн жарык өчүп калса керосин,шам сатып алабыз эсептеп көрсөңүз 3 эсеге көп кетет. Ошон үчүн Камбар Ата ГЭС баштаганы мактоого арзуулук, Белчеден баткан карызга ошого карабай каражат таап баштаган адамга рахмат

кимден: Рудбек каяктан: Нарын
15.11.2009 20:56
Элди минтип кыса берсе андан жакшылык болбойт

кимден: marat каяктан: Бишкек
03.11.2009 10:25
Өмүрбек Текебаев, Кыргызстандыктар көп эле сизге үмүт кылышкан, бирок тилеке каршы, андай болбой жатат, көп кыргызстандыктар сизди урматтаит, Кыргыз эли үчүн иштей бериңиз.

кимден: рома каяктан: европа
01.11.2009 12:34
Омурбек Чиркешовыч сизге тан калам качантан бери саясатта журосуз. Бир да должностко разы эмесиз. Болгону президентикке карай жугуросуз. Бирок негедир орундалбай атат. Кыргызстанда сиз эле калдыныз президентен коркпогон, туздон-туз бетине айтып атасыз болгонун болгондой. (сиздин команданыз да кучтуу окшойт)
негедир опозицияларчылардын ичинене сизди президентике татыктуу деп ойлойм. келерки президентик шайлоодо озунуздун кондидатуранызды койсонуз жакшы болот эле.

кимден: Акылбек каяктан: Бишкек
27.10.2009 20:46
Олкодо саясатчылар таза, ак ниеттуу, принциптуу болбосо, бул бир эки-уч абысындар бири-бири менен урушканга окшоп баратат саясат!!!Бул денгээл тилеке каршы, азыркы биз, силер, коп кыскасы!!!

кимден: Эрма каяктан: Бишкек
27.10.2009 19:46
Өмүрбек байке сиздин сөзүңүзгө кошулам. Премьер- министрди башка эле койсо болмок президентибиз. Муну мен реформа деп эсептебейм.

кимден: Мелис каяктан: Бишкек
27.10.2009 17:57
Президентке аябай оор күнөө коюпсуз-'Акжол' партиясы эмне деп реакция берет???
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)