Сөз таануу
Эне тил шеринеси
Сөз дүйнөсү - жандүйнө
FACEBOOK
Биздин FaceBook

YouTube - биздин шеригибиз

"Азаттык" үналгысынын
YouTube тасма барагы
satellite
“Азаттыктын” 
жандоочулары 
HotBird-8,
AsiaSat3-D

Ямал-201

Саясат

Өзбекстан туткундап кеткен кыргыз чек арачылары бошотулду

Баткен: кыргыз-өзбек чек арасындагы Өзбекстандын өткөрүү бекети.
Жарыяланган учуру: 07.09.2010

Өзбекстан кармап кеткен кыргыз чек арачылары алмашуу жолу менен бошотулду. Алар Кыргызстандын аймагында жасаган мыйзамсыз аракеттери үчүн кармалып турган Өзбекстандын коопсуздук кызматынын өкүлү менен үч бажы кызматкерине алмаштырылды.

Мындай макулдашууга тараптар жекшемби күнү (5-сентябрь) кечинде жетишти. Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчиликтеринин бул күнкү жолугушуусунда кармалгандарды алмаштыруудан сырткары транзиттик жолдордогу коопсуздук маселеси да каралган.

Болбойт деген алмашуу болуп кетти

Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиевдин айтымында, тараптар бул багытта алдын-ала чара көрүүгө да макулдашты:

- Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кармалып тургандар бошотулду. Андан сырткары транзиттик каттамдагы жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында эки тарап алдын алуу чараларын көрмөй болуп келишилди.
Баткендеги кыргыз чек арачылары

21-августта Кадамжай районунун аймагында мыйзамсыз товар ташыган, чек араны бузуп өткөн , адам уурдоого аракет кылган деген айыптар менен Өзбекстандын коопсуздук кызматынын бир өкүлү жана үч бажычы кармалган эле. Алардын ишин тергөө аяктап, сотко да өткөрүлгөн.

Бул окуядан кийин өзбек тарап чек арадан кыргыз жарандарын ар кандай шылтоолор менен кармай баштаган. Алгач жайкын тургундарды кармап, бирок андан майнап чыкпаган соң, аскерий адамдарды кармоого өткөн. Маселен, өзбек чек арачыларынын атайын тобу 31-августта Кыргызстандын Чек ара кызматынын өкүлү полковник Зиядилла Бегматов жана Айдаркен чек ара бөлүгүнүн кызматкери, подполковник Исматилла Анарбаевди эки ортодогу бейтарап делген аймактан күчтөп, өз аймагына тартып кеткен. Алар бул жерге алдын-ала макулдашууга ылайык, өзбек тарап менен чек арадагы жолдун жабылышы боюнча сүйлөшүүгө барганы кабарланган. Өзбек тарап болсо аларга “чек арадан мыйзамсыз өттү” деген айып тагылып жатканын айткан.

Буга удаа эле эртеси күнү, 1-сентябрда өзбек тарап Жалал-Абад облусундагы чек арадан да эки чек арачыны туткундап кеткен. Ошол учурда мындай аракетти Өзбекстан Кыргызстанда кармалган өз адамдарын бошотуп алуу, аларга алмаштыруу максатында жасап жатканы божомолдонгон. А түгүл мындай божомолду Баткен облустук бийлигинин өкүлдөрү да четке каккан эмес.

Бирок кыргыз чек ара аскерлеринин башчысы Закир Тиленов буга чейин “Азаттыкка” эч кандай алмаштыруу болбостугун айткан эле:

- Мыйзам чегинде карашыбыз керек да. Алар (Өзбекстандын коопсуздук жана бажы кызматкерлери) чек араны бузуу менен биздин аймагыбызга кирип, эки жараныбызга күч көрсөткөн. Ошол эки жараныбыздын арызы менен кармалган. Эми бүгүнкү күндө эмне үчүн ушинтип чечишибиз керек алмаштыруу деп. Биз өзүбүздүн офицерлерибизди расмий түрдө мекенине келтиришибиз керек. Бул базар эмес да алмаштыруу дегендей.

Буга чейинки сүйлөшүүлөрдөн эч кандай майнап чыкпаган соң кыргыз тарап акыры кошуналардын талабына көнүп, туткундалган чек арачыларын иши сотко өтүп калган Өзбекстандын өкүлдөрүнө алмаштырууга макул болду.

Чечилбеген чек ара, кыйналган эл

Канткен менен жергиликтүү тургундар мындай иштер мындан ары да көнүмүшкө айланып кетпейби деп чочулоодо. Жергилктүү журналист Адылбек Батыров мындай маселени эми кийин дагы кайталанбагыдай кылып чечиш керек эле деген ойдо:
Баткен: кыргыз-өзбек чегиндеги чек ара бекети

- Минтип алмаштыруу биз үчүн жаңылык деле эмес. Мындан ары эми ушундай окуялар кайталанбагандай кылып чечип, чекит коюш керек. Эки өлкөнүн тең мыйзамдарын урматтагандай болуш керек.

Чынында Баткен аймагында минтип кошуна эки өлкө чек арачылары бирин-бири кармап, анан жергиликтүү денгээлде эле сүйлөшүп алмаштыра калмайы кез-кезде болуп турат. Ал эми бул жолкусу болсо жогорку чиндеги кызматкерлер, анан да кармалгандардын саны көбүрөөк болгондуктан жогорку денгээлге чейин көтөрүлдү.

Айрым серепчилер ушундан улам чек араларды тактоону тездетүү зарылдыгын, болбосо Баткен облусунун тургундары кошуна өлкөнүн аймагын аралап өтчү жолдордон каттабашы үчүн айланма жолдорду тез арада оңдоо керектигин белгилешүүдө.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек араны тактоо иштери болсо акыркы эки жылдан бери токтоп турат. Тараптар өткөн жыл этегинде аны быйыл жазында жандантууга макулдашкан эле, бирок Кыргызстандагы ыңкылаптан кийин эми бул иш качан улаанары дагы белгисиз болуп калды.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
     
Пикир
кимден: jigit каяктан: tokmok
08.09.2010 12:34
кимден: Эркин каяктан: Бишкек

Kyrgyzstandin problemasi sendey tushunuktogu adamdar.
Menin okungonum omurundo Too-Ashuunu otposton turup Osh, Batken, Jalalabat degende kozun jumup, oozun eki karish kilip suylogondor. Ushular KYRGYZSTAN uchun problema bolushat.
Kyrgyzstandin ar bir karish jeri bizdiki dep oylosh kerek da. But nersege kayil karap otura berbey. Men Bishkekte jashaym, ili koldo jashaym al jak men uchun problema emes dep otura berbey. Bishkektin jarimi ushunday tushunukto. Kuday jalgap janilip kalsam eken deym ushul oyumdan. Birok korunush ushunday.

кимден: Субанов каяктан: Баткен, Самаркандек
08.09.2010 11:49
Бүгүнкү күнгө чейин Айбалаев губернатор болгондо Баткен азыркы күндө башкача Баткен болмок. Сиз болгондо мындай иштер болмок эмес Баткенде... Эмне дейбиз Айбалаевге ДАНК!!! Бар болунуз Мамат Марипович баткен эли сизге ыраазы.

кимден: Заимра каяктан: Баткен
08.09.2010 10:48
УО силер эмне кылып олтурасынар, элди кыйнап буттунорго. Баткен облусунда эн орчунду маселе чек ара маселеси. Бул маселе кайсыл президент болбосун чечкен жок. Аял адам кайдан чечмек эле же губернатор нормальный эмес. Ушундай боло берсе биздин Кыргызстан тополон сала берет

кимден: Almaz каяктан: USA
08.09.2010 10:01
Качанга чейн узбекстан кыргызстанды кемсинтип мамиле кылышат? Жаны убактылуу окмотубуз ооздорун ачышып кайсыл жакты карап олтурушат?

Окмот силерден сураныч мындаи окуыаларды туура жол менен чечип жана узбекстанды оз ордуна отургузбасанар алар буткул туштугубузду алып коюшкандан таиманышпаит!!!
Эгер колунардан келбесе анда бииликтен кеткиле дагы аитам кеткиле жана колунан келген кучтуу лидерге орун бергиле!!!

кимден: ОЛУЯ АТА каяктан: Ош
07.09.2010 22:25
ак ийилет бирок сынбайт, кайтар дуйно дейт орозонун кунундо элди какшатпагылачы аллах тала кыргызымы колдосун. Жамандарды жаратканым жазаласын оомиин!

кимден: Kemel каяктан: Osh
07.09.2010 20:50
Бишкектен Эркин -оозуна кара таш.

кимден: Эркин каяктан: Бишкек
07.09.2010 16:51
Азыр чегарага эч ким көңүл бөлбөй жатат. Жакында бул кыргыз бийлигинин баш оорусуна айланат. Бийликтин айласы кеткенде Каркыра менен Үзөнгү- Кууштай кылып Баткенди толугу менен Өзбекстанга берип кутулушат.

кимден: Kyrgyz каяктан: Ozgon Myrzaki
07.09.2010 16:35
Koshunalar menen myndai akybalga kelip kalgandygybyz bul baardyk Kyrgyz elin oylonduruusu kerek. Kozubuzdu achyp bul nerselerdi ech kachan unutpay jurolu tuugandar. 1990 do Osh Ozgon koogalanyn tez unutup koygondugubuzdan kaytalandy kairadan. 1990 do Ozgon Osh eli konshular menen sogushtu desek ech kim ishengen emes ele. Myndan ary kozubuzdu chong achkanybyz durus bolot !!!

кимден: Баткен каяктан: Баткен
07.09.2010 16:16
Кыргыз чиновниктери дайыма эле башканы айтып башка нерсе жасайт ал жанылык деле эмес элге. бирок мамлекттин позициясы кайда калды. создун отосунон чыга албаса Тиленов антип айтпаш керек болчу да. эми мындан ары озбекстандыктар биздин аймакта кылмыш жасап кармалса бизден бироону ашка чакырып тутуп алып алмаша беришет экен да...
     
Текст көлөмү - +