Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 20:29

Саясат

Партиялар базары: каалаганыңды тандап ал

Парламенттик шайлоо алдында мурунку бийлик партиясына кошулуп кеткен саясий күчтөр кайра жанданып, атаандаштыкка чыгарын жар салышууда. “Ак жолго” кошулуп кеткен “Содружество” партиясы кайра жыйын чакырып, мурдагысындай эле шайлоого катыша турушкандыктарын билдиришти.

Текст көлөмү - +

Ажырашуу

2007-жылкы парламенттик шайлоого бир жыл калганда уюшулган “Биримдик”-“Содружество” партиясын кайрадан катарга кошуу аракетин жасап жүргөндөр аркыл улут өкүлдөрүнөн куралган бу саясий күчтүн катарында 100 миң ашуун мүчө турганын айтышат. Анчалык чоң күчкө айланган саясий биримдик мүчөлөрү эмнеликтен апыл-тапыл уюшула калган бийликтин “Акжолуна” өтүп кетиши ушу азырга чейин табышмак. Партия жетекчилеринин бири, кыргыз-орус (славян) университетинин ректору Владимир Нифадьев партиялаштары “Акжолго” өтөрүн чечишкенин уккан соң өзү деле каршылык көрсөтпөгөнүн айтат.

- Уяла турган жерим жок. Мен аны сизге айтып берейин. Республикада кайсы бийлик болсо да мен жаман иштеген жокмун. Мен үчүн эми үчүнчү бийлик келсе, анын кандайлыгын билбейм, бирок да мен республика үчүн дагыле жакшы иштейм.

В.Нифадьев Кыргызстан кыйын абалда турган чакта кыргыз-орус (славян) университетин Бишкекте ачканын айтып, эми ушул университет менен өзү негиздеген партиясынын иши алдыга жүрүшүн гана каалайт. Ал эми орточул партиясын бийлик колуна салып берип, өзү “Акжолдун” шайлоо тизмесиндеги алдыңкы орундардын биринде тургандыгын негедир эстегиси келбейт. Анын үстүнө бийликтин сүйгүнчүк “Алга, Кыргызстан”, “Акжол” партиясынын аты менен депутаттыкка жетишкендердин кыйласы ушу тапта башка партияларга өтүп, дагыле жайлуу орунга жетүүнүн камылгасында жүрүшкөнү көпчүлүктүн көз алдында өтүп жатпайбы. К.Бакиев тушунда деле жооптуу кызматтарды аркалап келген генерал Ө.Субаналиевдин “Ата журт” партиясына киргенинен чыкканы тез болду окшойт. Антип партия мүчөлүктү ыкчам алмаштыргандар тизмесинде кызматтан кеткен генерал жалгыз эмес. Ошол эле “Биримдик” – “Содружество” партиясын кайрадан катарга кошуу аракетинде жүргөн Олеся Тугушева парламент шайлоо оголе көп акча каражатын талап кыларын айтууда.

- Кудай ай, кимдин канча акчасы бар, башка нерселер. Бизде ал да жок. Азыр партиялар базары жүрүүдө. Азыр 138 партия бар, айтса кечээ алардын саны 142 болду. Эми ушунча партиянын чынын айтсак, көбү шайлоого барбайт. Алардын кыйласы сыноого катышат. Бирок мен силерге чынымды айтайын, партиянын программасын, максатын колдогондор, анын пайдубалын түптөгөндөр кетишкен жок. Кеткендер үчөө, жок төртөө гана.

Уят деген улуу журт

Парламенттик шайлоо калыс, мурдагыдай бийликтин өмгөгү жок адилет өтөрү жарыя кылынгандан бери мурдагы жүзгө чукул партиялардын саны дагы арбып, саясий күрөш кыйла эле курч өтөрү ачыкка чыгып калды. Байкоочулардын баамында, мурунку бийлик жетекчилеринин биртобу “Атажурт”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Республика” партияларын кыска убакыт ичинде түптөөгө жетишти. Капчыгы калың, саясий дымагы демдүү жаңы күчтөр добуштардын кыйласын алып коюшу мүмкүндүгүн айрым серепчилер эмитен эле айтууга өтүштү. Саясат таануучу Марс Сариевдин ырасташынча, партиялар жарышында кимдердин мөрөйү үстөм болорун азыртан болжош кыйын.

- А.Акаев, К.Бакиев убагында чын эле чөнтөгү калың бизнесчи, жанагы элита сатып алуу технологияларын, “карусель” жана башкаларды колдонуп бийликти тартып алчу. Азыр мен ойлойм, эл чын эле өзгөрүлүп калды. Ошон үчүн ушул вариант, жанагы акча менен өтүп кетет деген, менин оюмча, эми иштебейт.

“Ачык Кыргызстан” веб-сайтынын шеф-редактору Насира Баратбаеваын ырасташынча, Кыргызстанда саясий максат-мүдөөсүн утурумдук кызыкчылыкка опоңой алмаштырып, позициясын күн сайын өзгөрткөндөр көбөйүүдө.

- Мындай кишилерде бир эле позиция болуп калат экен. Ушу бийликке жетиш. Калган позиция, калган нерселер мындай уят-сый дегендер, чек деген жок болуп калат экен.

Парламенттик шайлоо дайындалганга чейин саясий партиялардын саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Ал эми бир партиядан экинчисине көчүп, бийлик партиясын таштап өтүмдүү делген саясий күчтөрдүн тамырын тартып жүргөндөр дагыле толтура.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
20.07.2010 13:09
Эми парламент ТОПОЛОНЧУ болосунар, анан бөлүшө албай жата бересинер.....

кимден: Актилек каяктан: Россия
20.07.2010 11:26
Эскилерди карап отура бербей жаштар өзүңөрдүн партияңарды түзгүлө. Ар кимдин "канаты" боло бербей.

кимден: Улан каяктан: Ош
20.07.2010 10:34
Эми макалада айтылгандай Партиялар базары кызыйт экен, ага деле мурдакы Чондордун атын баккандар киришет да. Карасаныздар, бизге азыр дасыккан кадырлар керек деп эле мурдакы иштегендер келишпедиби. А бирок, тонкорушту байкуш карапайым эл анан да жаштар жасады го. Алардын талабы эми мындай караганда бир тыйын экен да. "Коп суур иин казбайт" болуп эми Партиялардын тагдыры канча кундук экен.

кимден: Асангайгы каяктан: Теңиртоо
20.07.2010 10:32
максат мүдөөсү анык болбогон бир сайасы туруму болбогон партыйа дагы партыйабы. ал бир сойкулук. арып алдан калбаганда чаалыгып чарчаганда акыры андай уйум өздүгүнөн жойулуп жок болот.

кимден: Элиза каяктан: Кант
20.07.2010 08:12
Содружество (Бирибдик), Отечество(Атамекен), Единый Кыргызстан (Бутун кыргызстан), Компартия еле дейсинер КПССинер барбы, шерменде болбой Республикалык жана либералдык дегендей эки эле партия ойлоп таппайсынарбы? Же Силерда озунорди Айтикееев Акбаралыга окшоп Кыргызстандын Путинимин дейсинерби? Же Кремльге кошамат кылып , кызмат кылган чекистерденсинерби? Аябай Окшошуп турат

кимден: Канат каяктан: Чуй
19.07.2010 23:49
Баягы эле мамайдын кору. Ушуларды коргондо кускум келчуу болду. Кыргыздын ырыскысын андыган кузгундар козумо элестейт. Кошунамын ошко турмушка чыккан кызынын тааныштарын уй булоосу мн озбектер орттоп кетиптир. Кызына барганда анча мынча чайын ичип калганбы айтор кошунам ВПны каргап кайгысы тугонбой жатат. Алыскы Чуй жерине Ош окуясынын учкуну ушунча тийип жатат Оштук туугандар эмне болду. Аларды айткан киши жок. Шайлоо, портфель, кресло. Башка маселе жоктой. Кее кеде 7апрелде олгондорго соз жок статус беребиз деп Раза эжебиз кылтыйта калат. Албетте алар ВП учун олгон. А оштук туугандарчы алар улуттун, кыргыздын курманы болушпадыбы. Алар эмне болот. Же уч минине каары жаш, аял эркек дебей баатырлыкты береби ВП. Анда баатырларга муюп эле чет жакага шылдын болуп эле жатып калабыз го.

кимден: Kyrgyz каяктан: Dubai
19.07.2010 23:12
Urmattu tuugandar Владимир Нифадьевdi koldoboi ele koyolu4u,al murunku biylikte ishtegen.
Biyliktegi,chon kizmattagi adamdardin baaryn taza kanduu kyrgyzdan koygongo araket kilali4i.Kyrgyzstandi bir gana Kyrgyz adamdary onukturot.a4uudan a4uu 4indik e4 ka4an bala biroonun enesin ozunun enesindey jakshy koro albayt.bashka uluttagilar kyrgyzstan u4un 4in dilinen ishtep bererine kozum jetpeyt.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)