Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:53

Дүйнө

15 жаштагы ооган келиндин азабы

Мусулман калктуу Ооганстанда өлкө түгүл, сырткы дүйнөнү кейитип, боор ооруткан окуя болду.

14 жашар Сахар Гүл күйөөсүнүн үйүндөгү жертөлөдөн бошотулгандан кийин. 28-декабрь, 2011.
Текст көлөмү - +
15 жаштагы Сахар Гүл күйөөгө чыккандан жарым жылдан кийин кайынэнеси менен кайынэжеси уюштурган тозоктон, тагыраак айтканда үйдүн жертөлөсүндөгү зындандан куткарылды.

Денеси уруп-сабоодон жана кыйноодон көк-ала болуп, эски жарааттары өтүшүп кеткен Сахар Гүл азыр ооруканада дарыланууда. Жаш келиндин кайынэнеси жана кайынэжеси камакка алынып, кайнагасы менен кайнатасына полиция издөө салган.
- Чачыңды ким жулду?
- Кайынэнем.
- Тырмагыңды ким жулду?
- Кайынэнем.

 
Жаш келин жаңы жыл алдында күйөөсүнүн үйүндөгү тирүү тозокулардын чеңгелинен бошотулгандан кийин   Ооганстандын түндүгүндөгү Пули Кумри провинциясынын ооруканасында дарыланды. Сахар Гүл оорукана ичинде арабага салынып, түртүлүп жүрдү. Ал денесиндеги жаракаттарына чыдабай кыйкырып жиберип жатты. Жаш келиндин ур-токмоктон көгөргөн сол көзү араң эле ачылат. Сол колу дакиге (марли) оролгон.

Сахар Гүл абактан чыккандан кийин ооруканада. 28-декабрь 2011
​​Сынган манжаларынын кээ биринде тырмагы жок. Шордуу кыз жергиликтүү бийликтин өкүлү Рахима Зарифи айымдын суроолоруна өзүн күчтөп жооп берип жатты. "Мени кайынатам, кайынэжем, кайынагам уруп-сабашты,-дейт Сахар Гүл. Зарифи айымдын: "Сени урганда эмне пайдаланышчу?” деген суроосуна: " Мочунек(искек)”,-дейт.
"Чачыңды ким жулду?" Сахар Гүл: "Кайынэнем",-дейт. "Тырмагыңды ким жулду?" Сахар Гүл: "Кайынэнем",-дейт.

Жаш келин Сахар Гүлдүн атын атабоону өтүнгөн коңшуларынын “Азаттык” радиосуна айтышынча, жаш келинди уруп-сабоо ал Бадахшан провинциясынан көчүрүп келингенден көп узабай башталган.

Коңшулардын сөзүнө караганда, Сахар Гүл атасынан тырнактайында эле ажырап калып, апасы башка күйөөгө чыгат. Ата-энеси жергиликтүү салтка ылайык бойго жеткен кызды 5 миң доллар калыңга отуз жаштагы жигитке сатышат.
   
Cахар Гүл ооруканада. Кабыл, 31-декабрь 2011
​​Күйөө баланын кээ бир айылдаштары Сахар Гүлдү сойкулук кылдыруу үчүн  кыйнашкан деп боолгошот.
Ооганстандын Аялдар иштери боюнча министрлигинин Багламдагы бөлүмүнүн директору Зарифи айым 15 жашар Сахар Гүл кыйноодон аябай чүнчүп да, коркуп да калганын айтат:

- Ал кыз алты-жети ай мурда күйөөгө чыккандан тарта ар үч же төрт күн сайын уруп-сабалып турган. Анын абалы аябай оор. Кимдир бирөө бечаранын сол колун өйдө көтөрсө, ал үнүн баса албай кыйкырат. Балким анын колу сынган болсо керек. Териси инфекциядан бузулуп барат. Дарыгерлер инфекция болгон деп ойлошот. Ал кыз психологиялык жактан да аябай чүнчүп калыптыр. Менин оюмча, анын жалпы ахывалы өтө начар.

Сахар Гүлдүн ата-энеси куда тарап кызы менен не кездешүүгө, не уюлдук телефон аркылуу сүйлөшкөнгө мүмкүндүк бербей коюшкандан кийин полицияга кайрылышкан. Шордуу кызды полиция күйөөсүнүн ата-энесинин үйүндөгү зындандан бошоткон соң 28-декабрда Кабыл госпиталына жеткирилген. Мына ошондон кийин 15 жашар кыздын тагдыры бүт дүйнөгө маалым болду.

Ооган аялдар БУУнун Качкындар агенттиги берчү азык түлүктү aлганы кезекте турушат. Кабыл, 27-декбарь 2011
​​​​Ооган өкмөтү Сахар Гүлдү Индияга дарыланууга жөнөтмөк болууда. 2-январда президент Карзай жаш келинди кыйнаган адамдарды жоопко тартууга чакырды. Баглан райондук полициясы Гүлдүн кайынэнеси, кайынэжеси камакка алынганын, ал эми кайнагасы менен кайнатасына издөө салынганын билдирди. Ооган бийликтери Коргоо министрлигине кыздын Гүлдүн Гелман провинциясында кызмат өтөп жүргөн күйөөсүн камакка алганды буйруду.

Ооганстандын Адам укуктары боюнча күнкорсуз комиссиясы 15 жашар Сахар Гүл кыйноонун эң жаман түрүн баштан кечирди деп жарыялады. Комиссиянын Кабылдагы кеңсесинин башчысы Шамсулла Ахмадзай Ооган өкмөтүнө кайрылып, Сахар Гүлдү кыйнаган тозокулардын соттолушун талап кылды: “Биз тартип сактоо жана сот органдарынан бул окуяны саалгытпай иликтөөсүн талап кылабыз. Көңүл иренжиткен жамандыкты жасаган кылмышкерлер Ооганстандын заң-закондоруна ылайык соттолууга тийиш”,-деди Шамсулла Ахмадзай.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
15.01.2012 00:34
Ооганстан артта калган, жашоо деңгээли өтө төмөн, эли сабатсыз мамлекет экенин баарыбыз билебиз. Советтик аскерлер басып киргенден бери отуз жылдан ашык мезгил өттүү, ошондон бери согуш болуп келе жатат, демек, жаштар, орто муун жалаң гана кыйноону, өлүмдү көрүп келатса, аларда кайдагы мээримдүүлүк жана боорукерлик болсун, алар үчүн кадыресе эле нерсе болуп жатпайбы. Сахар Гүл миңдин бири гана десек болот. Биз да кайсы бир акчалуунун таламын талашып өз ара арыздашуудан алыс болбосок, Ооганстандын тагдыры, аны менен Сахар Гүлдүн тагдыры келет.
Сахар Гүл жакшы болуп кетсин деп тилейли.

кимден: Гульзана каяктан: Бишкек
11.01.2012 17:10
Мен ушу дайым сиздердин сайтка кирип кёз салып турам, бирок мына ушундай окуяны мен биринчи жолу корушум кишинин зээнин келтирет экен.

кимден: Гулира каяктан: Бишкек
09.01.2012 14:20
Исламда аял киши эмес. Аялды сыйлайт, тиги бу дегендин баары алдоо, а чындыгында иш жузундо торттон аял алып, кор турмуш откоруп жургондорду корбой жатабызбы. Озбек ажы деген айтпадыбы аялды камчы менен сабап турам деп.Орто кылымдын , андагы чала сабат согушчан эркектердин мыйзамдары да. Биз да ушуга кайра бара жатабыз. Карангун заманды алып келе жатат исламист сакалчандар.Гул Сахардын тагдырын биздин кыздарыбыз келечекте тартышы мумкун

кимден: АБАЗ каяктан: Бишкек
07.01.2012 09:31
15 жаш, болгону 15 гана жашта. Али бала эле боюнча. биздин 15 жаштагы балдарыбыз али ат эненини койнунан чыгыша элек. Акырындык менн дененин тагы кетет, а бирок журоктун тагы кала берет. Эми психологдор жакшы иштеп, мамлекет конул болуп. окутса бул кыздан келечекте улуу АДАМ чыгат.
Аб Аз

кимден: Bolot каяктан: Bishkek
06.01.2012 16:16
Aй юу макаланын автору кыйноо эле кыйноо дей бербей,эмне болгон кыз,кайда туулуп кантип оскон,куйоого чыкканда кантип тийип кандай кунго туш болгон дегенди ыгы менен жазбайбы.Мен жакшы тушунгон жокмун.Журналисттер сенсациянын эле кулу болуп кетпей жакшыраак баяндап берсенер дейт элем.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
06.01.2012 13:40
Бул адамзаттын айбанга айлануусу. Айбандагы жакындарына мындай кордук корсотпойт. Эн кейиштуусу кыздын абалы ото оор.Ар дайым жаш оспурумдорго жасалган мындай иштер эмне максатта жасалганын тушунбой келем. Алардын куноосу эмнеде?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
05.01.2012 18:15
статьяны жакшылап окугула туугандар, исламды куноологондон мурун. Гулдун куйоосу Гельман провинциясында Карзайдын армиясында кызмат кылат экен. Демек карзайдын адамдарынан барын кутсо болот. анын бул зомбулук иши исламга мусулманчылыкка тиешеси жок. биринчиден карзайдын аскери бул кызды сатып алган "калын"га. кыргызда да бар "калын"га сатып алыш. бирок мусулманчылыкта "калын" деген адат жок, кызды сатып алуу харам. Пайгамбарыбыз АС айткан "силердин ичинерден эн жакшысы - аялдарына эн жакшы мамиле кылгандар" деп. кимде-ким ислам закондорун аткарбаса, ал мусулман эмес, миллион жолу жана ааламды жаныртып кыйкырганда дагы "мен мусулманмын" деп. мусулманчылык - бул соз эмес, мусулманчылык - иш аракеттер ислам боюнча кылынганда.
Зомбулуктар, зокурлуктор авганистанда азырынча "онуккон" батыштын денгээлине жете электигин баса белгилеп кетсек.

кимден: кыргыз каяктан: КГ
03.01.2012 22:00
Эми бул жерде мусулманчылыктын же Исламдын кандай тиешеси бар? Эмнеге кабарга мусулман деген соз менен баштайсынар? Балким ал уй було мусулман эместир.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.01.2012 23:29
urmattuu kyrgyz tuura aytypsiz. alar musulman bolushu da mumkun birok islam dini bashka musulman bashka nerse. bul makalani musulman emes biroo jazgan kabarchilar kotorgon da. oshonu kotorup jatip biraz kozdu achish kerek ele. jaaniz jebesi emneni kozdop turganin seze biluu zaril.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.01.2012 11:17
Эмне Оганда башка дин жашайбы мусулманча ат менен.Негизи башынан мусулмандар аялды адам ордуна тенеп келген эмес экени калпы. Кайсыл жерде кайсыл өлкөдө мусулмандар келгенде бийлике жыргады.Мусулмандыка ишенели куран окуйлу бирок бийлике жеткирбейли. Алар келсе жаман гана болот эл отто кыйналат.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
05.01.2012 17:59
эмнеге эле исламды жек коруп жатасын. кабарды жакшылап окусан, ким куноолуу экенин. бул аялдын куйоосу гелман провинциясында кызмат отогон киши экен. демек карзайдын армиясынан. а карзай болсо мусулман эмес эле, демократ, анын армиясы дагы демократ. аны бийликке америка алып келген. авганистанда бир гана мусулмандар эмес, ал жерде биринсерин мусулмандар, буддисттер, христиандар, отко сыйынарлар, анан копчулугун динден кабары жок, акча учун оз элин сатканы даяр кишилер тузот.

кимден: nur каяктан: biwkek
03.01.2012 20:47
15 jawtagy kyzdy kyiogo bergen ata enesinin kunoosu. kyioogo bergenden kiyin kyzynyn aly akvalyn bilip tyryw kerek ele da, al mamlekettin salt sanaasy da ywyga alyp kelip jatat, myndai korduktan bizdin kyrgyz kyzdarybyzdy kudai saktasyn. rahmat!

кимден: алымбек каяктан: маскөө
03.01.2012 17:00
Адам болуп туруп айбан кылбаган нерсени кылып,Адамдар эмне болуп баратабыз?зоокур-зомбу,пейил бузулуп,мансапкорлук ж.б. касиеттери м\н уланып турса адам баласынын журушу копко уланбайт болуш керек.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине