Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:40

Электр азырынча кымбаттабайт


Токтогул ГЭСинин адистери
Токтогул ГЭСинин адистери

Өкмөт электр энергиясына бааны көтөрүү чечиминен кайтып, күзгө чейин өзгөрүү болбой турганын билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өкмөттүн тарифти жогорулатуу демилгеси элдин нааразылыгын жаратып жатканын айтышкан. Эл өкүлдөрү электр энергиясын сырттан сатып алуу токтогондуктан тескерисинче тарифти арзандатууну сунуштап жатышат.

Отун-энергетикалык комплекси боюнча агенттиктин башчысы Таалайбек Нурбашев апрель айынан тарта баа жогорулайт деген маалымат чындыкка жатпай турганын белгиледи. Анын айтуусунда, күзгө чейин тариф боюнча өзгөрүү болбойт.

- Депутаттар тарифти өзгөртпөйсүңөрбү, түшүрбөйсүңөрбү деп сунуштап жатышат. Биз карап көрөбүз дегенбиз. Бул бекитилген тариф, ал оюнчук эмес да. Бул өзүнчө математика, өзүнүн эсеби бар. Эгер тарифти өзгөртсөк, аны талкууга алып чыгышыбыз керек, сайтка коюшубуз керек, эл талкуулайт. Андай болбой туруп кантип 1-апрелден өзгөртөбүз. Жөн эле дүрбөлөң кыла бербейличи.

Импорт токтогондо тарифти кайра эсептеш керек, импорттун баасын чыгарыш керек.
Нурбек Элебаев

Буга чейин айрым маалымат каражаттары өкмөт алдындагы Отун-энергетикалык комплекси боюнча агенттиктин статс-катчысынын милдетин аткарып жаткан Миргүл Айдарованын айткандарына таянып, 1-апрелден тарта электр энергиясына жаңы тарифтер кирерин жазып чыгышкан.

Өкмөттүн электр энергиясына бааны жогорулатуу демилгеси элдин нааразылыгын жаратып жатканы парламент комитетинде, андан соң жалпы жыйында көтөрүлдү. Айрым депутаттар Казакстандан электр энергиясын импорттоо токтогондуктан бааны түшүрүүнү сунуштап жатышат. Профилдик комитеттин төрагасы, депутат Кожобек Рыспаев агенттиктин иши көзөмөлдө экенин эскертип өттү.

Кожобек Рыспаев
Кожобек Рыспаев

- Тариф маселесин агенттикке сурангандыктан бергенбиз, бирок көзөмөлдү чыгара элекпиз. Бул маселени биз парламентке чыгарабыз. Себеби импорттун эсебинен тариф көтөрүлгөн, азыр ал токтогон. Казакстандан алып атканда 5 сом 53 тыйын болсо андан кийин 1 сом 55 тыйын, андан 1 сом 5 тыйынга чейин түшкөн жерлери бар. Муну агенттиктен сурайбыз. Алар караган да эмес. Бир кезде импорттун көлөмү азайганда 1 сом 82 тыйынга түшүргөнбүз. Элди тонобой, толук маалымат бериш керек. Депутаттар бул маселени туура көтөрүп жатат.

Анткен менен тариф саясатын жүргүзгөн агенттиктин мурдагы жетекчиси Нурбек Элебаев импорт токтогондо жаңы тариф кайрадан эсептелиши керек болчу дейт.

- Албетте, импорт жок болгондо тарифти кайра эсептеш керек, импорттун баасын чыгарыш керек. Кыш чыгып, жаздын сезонунда жаңы тарифти эсептеп ошону киргизиш керек эле.

Соңку жолу Кыргызстанда электр энергиясы былтыр августта кымбаттаган. Учурда жарандар 1 кВт саатына 77 тыйын, 700 кВт сааттан, тоолуу аймактарда 1000 кВт сааттан ашкандар 2 сом 16 тыйындан төлөшөт. Буга чейинки элдин нааразылыгы дал ушул электр энергиясына тарифти көтөрүүдөн тутанган. Учурда жумушсуздук күчөп, кризис болуп турганда өкмөт бул талылуу маселени козгоодон тартынып турат. Бейшемби күндөгү парламент жыйынында Отун-энергетикалык комплекси боюнча агенттикттин иши сындалып, тариф боюнча кенен маалымат угууну сунушташты.

Ал ортодо премьер-министр Темир Сариев 18-февралда чукул жыйын өткөрүп, өкмөттүн тарифти көтөрүү планы жок экенин билдирди. Өкмөт башчы жарандарга туура маалымат жеткирүү үчүн тиешелүү органдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү керектигин айтты.

XS
SM
MD
LG