Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Этти кантип тандоо керек?


Эт базар
Эт базар

Кыргызстанда эшек этине байланышкан чуу көпчүлүк элди тамак-ашка, өзгөчө эт азыктарына астейдил мамиле кылууга мажбур кылды. Адамдын ден соолугуна зыян келтирбегендей этти кантип тандоо керек?

Кыргызстанга Украина, Бразилия сыяктуу өлкөлөрдөн тоок эти, Орусия, Кытай жана Казакстандан тоңдурулган балык келет. Узакка тоңдурулган эт азыктары пайдалуу, баалуу витаминдерин, табигый сапатын жоготот дешет адистер. Ошондой эле мындай азыктарга адамдын саламаттыгына зыян алып келчү ар түрдүү гормондор сайыларын айтышат.

Ар түрдүү кошумча заттар менен семиртилген малдын адам саламаттыгына кандай зыяны бар? Таза эт менен гормон сайылып семиртилген эт азыктарын кантип айырмаласа болот?

Бишкек шаарынын тургуну Бактыгүл Белекова эшек этине байланышкан чуу чыккандан бери этти муздаткычы жок базарлардан сатып алуудан баш тартты. Учурда балык, тоок этине артычылык бергени менен баары бир уйдун этин да сатып алууга аргасыз. Уй этин ишенимдүү деп баш калаадагы “Мадина” базарынан алат экен:

- “Аламүдүн” базарынан эт сатып албайм. Себеби ал жакта муздаткычтары жок, ачык эле жерде сатышат. “Мадина” базарындагы уйгур улутундагы касапчылардан алганга аракет кылам. Анткени ал жакта уйдун этин биздин көз алдыбызда бөлүп, жиликтеп беришет. Муздаткычтары да жакшы.

Кочкордогу мал базар
Кочкордогу мал базар

Азыр Кыргызстанда ар бир үй-бүлө эмненин этин жеп, эттин курамында кандай заттар бар экенине кызыгып сурап, эт маселеси кызуу талкууланууда. Сатыктагы канаттуулардын, айрыкча Украина, Бразилия сыяктуу өлкөлөрдөн алынып келинген тооктун сан этине гормон көп сайылгандан улам жумшак жана майлуу келерин айтышат адистер.

"Андыктан катуу жана майсыз, эти аз болсо дагы Кыргызстанда союлуп, ветеринардык көзөмөлдөн өттү деген көк мөөр басылган тооктун эти алда канча коопсуз", - дейт Бишкек шаардык Ветеринария жана фитосанитардык көзөмөл борборунун жетекчиси Шамен Марасулов:

- Антибиотиктерди, анан дагы буга кошумча ар түрдүү гормондорду тоок же башка канаттуулардын санына сайышат. Ошондуктан төш эттерин же канатын сатып алганга аракет кылыш керек. Бирок эң жакшысы - биздин базарлардагы эле жергиликтүү, колго союлган тооктун этин сатып алуу. Ал кичине өңү саргыч келип, эти катуураак болгону менен сапаты жакшы. Анан жанагы катуу тоңдурулган эттин бардыгы эле Кыргызстанга чет өлкөдөн келет.

Ай сайын өлкөгө Кытай, Бразилия, Орусия, Украина жана Казакстандан ондогон тонна тоңдурулган балык жана тоок эти келет. Жергиликтүү базардагы балыктын 80 проценти тоңдурулган чет элдик товар. Алар канча убакыттан бери муздаткычта турганы белгисиз. Фитосанитарлар суусу кургатылбай туруп, катуу тоңдурулган эттин курамындагы темир, белок сыяктуу пайдалуу заттар эриткен кезде суу менен кошо чыгып кетерин белгилешүүдө.

Балык базар
Балык базар

Бирок тоңдурулган эт азыктарын тандоодо да ветеринардык көзөмөлдөн өттү деген сертификатты талап кылуу зарыл, эгер андай тастыктоочу кагазы жок болсо, же мөөнөтүнөн өтүп кетсе кооптуу болот. Кыргызстандагы Малдын ден соолугун көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Мурат Абдраев:

- Малдын этин базарга сатыкка койордун алдында биздин ветеринардык кызматтын адистери сөзсүз текшерүүдөн өткөрүшү керек. Атайын таза экенин тастыктаган уруксат кагаздары берилип, этке мөөр басылат. Эгерде бузулган эт болсо, анда биздин кызматтын адистери аны жок кылат. Бирок биздин мекендештерге айтып кетет элем: сөзсүз түрдө эт сатып алып жатканда уруксат кагазын, ал кагаздын мөөнөтүн сатуучудан сурап, талап кылышса жакшы болор эле.

Акыркы жылдары ишкерлер тез арада малды семиртүү үчүн гормон саюуну колдонуп жүрүшөт. Адистер бул адамдын саламаттыгы үчүн өтө опурталдуу экенин белгилешүүдө. Мурат Абдраевдин айтымында, азыркы тапта өлкөдө сатылып жаткан эттин курамындагы гормон жана гендик модификацияланган заттарды текшере турган лаборатория иштей элек. Эл аралык стандартка жооп бериш үчүн аталган лаборатория учурда каттоодон өтүүдө. Бирок бул жай качан иштеп баштары белгисиз. Андыктан эттин сапатын тандап, эмненин эти экенин аныктоону ар бир атуул өзү гана аткарышы керек.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG