Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Жолдогу кандуу кырсыктар азайган жок


Иллюстрация
Иллюстрация

2-августта Кыргызстан аймагында катталган жол кырсыктарынан беш адам мерт болуп, көптөгөн жүргүнчүлөр жаракат алышты. Жол кайгуул кызматтары жол кырсыктары жайкысын айрыкча көбөйүп жатканын белгилеп, муну унаалардын көптүгү, айдоочулук тажрыйбанын аздыгы жана жаш айдоочулар тарабынан адам өмүрүнө маани бербестик өңдүү себептерге байлоодо.

Кыргызстандагы Ислам университетинде үч жылдан бери окутуучу болуп иштеп жүргөн Египет жараны эки айлык ымыркайы менен чогуу жекшемби күнү жол кырсыгынан мерт болду.

47 жаштагы Мухаммед “Тойота Харриер” менчик унаасында “Ала-Арча” багына жакын жерде унаасы менен сууга кулап кеткен. Жанында аялы, төрт кызы жана эки айлык ымыркайы болгон. Аялы менен кыздары оор абалда ооруканага жеткирилген. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Болот Иргебаев буларды айтты:

- Азырынча мен кырсыктын себеби боюнча так айта албайм. Экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот. Бирок чындыгын айтканда бул жерде каталык айдоочунун өзүнөн эле кеткендей. Ал ичкен эмес. Кудайга ишенген, намаз окуган жаран экен. Ала-Арчага үй-бүлөсү менен эс алганга чыккан. Унаада төрт кызы, эки айлык уулу жана жубайы болгон.

Жол кырсыгынын себептери көп
Жол кырсыгынын себептери көп

Чет элдик жарандын айдоочулук күбөлүгү жана билими тууралуу маалымдалган жок. Республикалык Жол кайгуул кызматынын маалымат катчысы Тилек Оторовдун айтымында, чет элдик жарандар үчүн айдоочулук күбөлүгүн жергиликтүүгө алмаштыруу же кайра окуу мүмкүнчүлүгү бар:

- Мамлекеттик каттоо кызматында атайын каттоо бөлүмү бар. Эгер чет элдик жарандар бул жакта жашап, иштеп жатканы тууралуу аныктама алса, каттоо бөлүмүнө барып, өзүнүн айдоочулук күбөлүгүн Кыргызстандыкына которуп алганга мүмкүнчүлүгү бар.

Ушул эле күнү Кара-Балта - Бишкек жолунда дагы бир ири кырсык катталды. “Тойота Эстима” үлгүсүндөгү машиненин дөңгөлөгү жарылып, аласалып кетип, анда эки киши мерт кетип, сегиз жүргүнчү жаракат алды. Кемин-Бишкек жолунда да машинени башкара албай калып, бир айдоочу бейажал өлүмгө кабылды.

Жол кырсыгы жайында көбөйөт

Адистер жол кырсыктарынын көп болуп жатышынын башкы себебин унаалардын көптүгүнөн, ага жараша тажрыйбасы жок айдоочулардын арбын болуп, машине менен жолдо жүрүү маданиятын сактабай жатышынан көрүшүүдө.

Республикалык Жол кайгуул кызматынын маалымат катчысы Тилек Оторов кырсыктар айрыкча жайкы эс алуу учурунда күчөй турганын айтты:

- Ошондой эле статистиканы карап көрө турган болсок, жол кырсыгына кабылган айдоочуларыбыз бир жылдан беш жылга чейинки стажы бар айдоочулар: 18 жаштан 25-26 жашка чейинкилер. Бул жаш айдоочуларыбыздын тажрыйбасынын жоктугу. Ошондой эле жаш айдоочуларыбыздын унааны бир жерден экинчи жерге жетип ала турган каражат катары эмес, рахат алуучу оюнчук катары сезип, катуу ылдамдыкта жүргөнү да себеп болууда.

Жол кырсыктарын алдын алуу максатында өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, 2014-жылдын 4-августунан баштап жол эрежесин бузгандарга жаза катаалдап, айып пулдун өлчөмү көтөрүлгөн.

Жол кыймылын уюштуруу боюнча илимдин кандидаты Сергей Кариев мындай мыйзамдар чоң шаарларга гана ылайыкташкан деп эсептеп, жол кыймылы заманбап башкарылмайынча кырсыктарды азайтуу кыйын экенин айтты:

- Айып пулду көбөйткөнү - болгону тартипти катуулатуу. Ал жол кырсыгын алдын алуу эмес. Айып пулду көбөйтүүгө видео байкоону да кошуш керек. Туура, тартипти катуулаткандан улам эл көп жашаган аймактарда, мисалы, Бишкекте айдоочулар жол эрежесин сактап калды дейли. Демек ал мыйзам шаар жерлеринде гана иштейт. Бирок адам өмүрүн алган чоң кырсыктар шаардын сыртында, трассада же айылдарда болуп атпайбы.

Жол кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстанда 3011 жол кырсыгы катталып, беш жүзгө чукул адам каза болган, беш миңге жакын адам ар кандай деңгээлде жаракат алган.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG