Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 23:43

Саясат

Апта: Жаңы президент, коалиция, акча...

Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришти. Кыргызстан эң коррупциялашкан өлкөлөрдүн катарында кала берүүдө.

Текст көлөмү - +
1-декабрда Алмазбек Атамбаев президенттик кызматка киришти. Конституцияга ылайык, ал алты жылга шайланды.

Алмазбек Атамбаевге президенттик кызматты өткөрүп берип жатып, Роза Отунбаева өз ишине канааттануу бар экенин билдирип, негизги жетишкендиги катары өлкөнүн бүтүндүгүнүн сакталып калышын, бийликти тынчтык жол менен өткөрүп берүү салтын калыптандырып жатышын атады.

Эки жылга жакын президенттик кызматты аркалаган Роза Отунбаева билим берүү, маданият жана эл аралык байланыш багытында фонд түзөөрүн билдирди.

​​Алмазбек Атамбаев президент катары Роза Отунбаевага караганда кыйла таасирдүү болоорун болжоп жатышат. Анткени анын парламентте таянаар өз фракциясы жана бир катар фракцияларда ага ылым санаган депутаттар тобу бар. Мына ошол күчтөргө таянган Алмазбек Атамбаев өз көзөмөлүндөгү өкмөт башчысын жана парламент төрагасын шайлап алууну көздөп жатканы да байкалып турат.

Бирок парламентте өз алдынча саясат жүргүзүүнү көздөгөн лидерлер да жок эмес. Аларды бир командага алып келип, жетелеп алуу кыйын. Кыязы Атамбаевдин президенттик кызматка киришүүдөгү эскертүү сөзү мына ошол лидерлерге, топторго багытталды:

- Президент катары менин негизги милдетим - бардык бийлик бутактарынын ишин элдин үмүтүн актоого багыттоо. Бийликтин ар бир бутагы өлкө алдындагы жоопкерчилигин так, даана аңдап түшүнүүсү зарыл. Эгер бардык бийлик бутактары белгиленген шартты аткара албаса, мен президент катары элге түз кайрылуу укугумду пайдаланууга аргасыз болом.
Биздин өлкө башчылар Орусиянын да, Грузиянын да президенттери чакыруу жолдогон. Ким келет, келбейт, бул алардын иши. 

Жаңы Конституцияда президенттин ыйгарым укуктары бир топ кыскартылганы менен, анын мүмкүнчүлүктөрү дале олуттуу. Биринчиден, ал кризистик шартта өкмөткө таасири күчтүү. Экинчиден, президент Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук кызматы, Коргоо министрлиги, Эсеп палатасы, сот органдарына зор таасири бар. Мына ушул органдар аркылуу президент коррупция жана кылмыштуулукка чечүүчү сокку ура алат.

Роза Отунбаева коррупцияга каршы натыйжалуу күрөш жүргүзө алган жок. Кыязы убакыт аз болду. Андан сырткары апрель, июндагы калаймандар ага мүмкүнчүлүк берген жок.

Коррупция демекчи, ал Кыргызстанда өөрчүп жатканын "Транспэренси интернешнл" уюмунун кезектеги отчету тастыктады. Уюмдун маалыматы боюнча, Кыргызстан дүйнөдө коррупция боюнча 164-орунда турат. Кыргызстанга караганда Тажикстанда коррупциянын деңгээли төмөнүрөөк болуп чыкты.

Регионалдык, глобалдык алкактагы маселелер

​​Жаңы президенттин алдында кошуна мамлекеттер менен жакшы мамилени калыптандыруу милдети турат. Бул жагынан алганда проблемалар арбын. Ал элдин күнүмдүк турмушунан да байкалып, терс таасирин тийгизип турат.

​​Маселен, Казакстан менен газ боюнча жетишилген келишим туруктуу болбой жатат. Кошуна өлкө каалаган мезгилде газ басымын азайтып, ыңгайсыздыктарды жаратууда. Түштүк региондо болсо газ бир күн бар, бир күн жок. Кыш мезгилинде бул калкты абдан түйшүккө салууда. 

Кыргызстандын жаңы президентинин алдында Өзбекстан жана Тажикстан менен чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү алдыга жылдыруу милдети турат. Акыркы жылдары бул маселеде дээрлик жылыш болбой калды.

Тышкы саясат боюнча Алмазбек Атамбаевдын алдында регионалдык эле эмес, глобалдык алкактагы маселелер да бар. Регионалдык алкакта Бажы биримдигине, андан ары Евразия экономикалык биримдигине кирүү, кошуналар менен тил табышуу милдети турса, глобалдык масштабда Орусия менен АКШнын тирешүү белгилери ачык байкалып бараткан мамилесинде Кыргызстандын алгылыктуу ордун аныктоо турат.

Алмазбек Атамбаев өлкөнүн тышкы саясаты кандай болоорун инаугурация учурунда мындайча аныктады:

- Кыргызстан бардык өлкөлөр, эл аралык уюмдар менен өз кызматташуусун өнүктүрүүгө даяр. Албетте биздин негизги стратегиялык өнөктөшүбүз - Орусия. Бажы биримдигине мүчө болсок деп ниеттенип жатабыз. Бул кадам биздин өнөр жайыбызды жандандырат. Өлкөбүздүн коопсуздугун бекемдейт. Коңшу өлкөлөр ортосундагы чек араларды ачат. Орусия жана коңшу өлкөлөр менен биздин тарыхыбыз да, келечегибиз да бир.

Бирок Орусия менен баары “май менен сүттөй” деш да кыйын болуп калды. Кичинекей алешемдик же өзүм билемдик Кремль тарабынан дароо жазаланууда. Бул Тажикстандагы учкучтардын окуясынан даана көрүндү. Ал эмес, 1-декабрдагы инаугурациядагы көрүнүш да Орусиянын кырс мүнөзүнөн кабар берип койду.

​Ишенимдүү булактардын маалыматы боюнча, Роза Отунбаева Алмазбек Атамбаевдин инаугурациясына катышууга орус президенти Дмитрий Медведевди чакырган. Ал колу бош эместигин айтып,  администрация башчысы Сергей Нарышкин башында турган делегацияны жиберерин билдирген. Бирок ал да келген жок. Нарышкиндин ордуна Бишкекке Орусиянын бийлик сересинде үчүнчү катарда турган чиновник келди. Москванын мындай кадамы грузин президенти Михаил Саакашвилинин Бишкекке келиши менен байланыштуу экени айтылууда.

Саясат таануучу Марат Казакпаев Нарышкиндин келбей калышында Кыргызстандын эч кандай күнөөсү жок дейт:

​​- Орусия президентинин администрация башчысы Нарышкин Кыргызстанга эмне үчүн келбей койду? Бул биздин маселе эмес. Орусия менен Грузиянын ортосундагы маселелер бар да. Бул алардын өзүнүн иши. Кыргызстанга тиешеси жок. Биздин өлкө башчылар Орусиянын да, Грузиянын да президенттерине чакыруу жолдогон. Ким келет, келбейт, бул алардын иши. Ошон үчүн мунун кыргыз-орус мамилесине эч тиешеси жок.

Кыргыз-орус мамилесиндеги кыйчалыш учур Евразия антикризистик фондунан бөлүнө турган 106 млн. доллар насыяга байланыштуу да байкалууда. Насыя бөлүүнүн кечиктирилишине Алмазбек Атамбаев таарынычын жашырбай да калды. Фонддун өкүлдөрү насыя маселеси келерки жылы чечилерин айтууда.

Кыргызстан Орусиянын инвестициясы менен ГЭСтерди курууга кызыкдар. Бирок азыркы кезде Москва бул долбоорлорду ишке ашырууга даяр эместей. Анткени аларда да шайлоо мезгили жүрүп жатат. 4-декабрда Мамлекеттик Думага, эрте жазда президенттик шайлоо болот.

​​Орусияны Кыргызстанга карата шектенткен жагдай дагы эле "Манастагы" Транзиттик борборго байланыштуу болушу ыктымал. Белгилүү болгондой, Алмазбек Атамбаев 30-октябрдагы шайлоодон кийин эле Транзиттик борбор 2014-жылы жабылууга тийиштигин билдирген. Бирок Роза Отунбаева бул маселеде шашпай, Ооганстандагы кырдаалга жараша чечим кабыл алуу зарылдыгын эскертти.

Экономист Азамат Акелеев 106 млн. доллар насыянын кечиктирилип жатышын Транзиттик борборго байланыштуу маселенин бир жактуу чечилбей жатышы менен байланыштырды.

Кыргыз-орус мамилесиндеги көп маселелер 19-декабрда Москвада боло турган Евразия экономикалык шериктештигинин саммитинде талкууланышы мүмкүн. Ал саммитке Алмазбек Атамбаев президент катары алгачкы ирет катышмакчы.

АКШ болсо Кыргызстанга кызыгуусун басаңдата элек. Анын үстүнө АКШнын чабуулунан Пакистандын 24 жоокеринин каза табышы, буга байланыштуу Исламабаддын кескин талаптары Вашингтондун абалын татаалдантып, Кыргызстан, жалпы эле түндүк багыттагы жолдордун маанисин көтөрүп койду.

Команда түптөлө баштады, коалиция чачырады

Президент ишке киришип, командасын түптөй баштады. 2-декабрда Президенттин аппарат башчылыгына акыркы мезгилде Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекцияны жетектеп келген Жантөрө Сатыбалдиев дайындалды.

Бул дайындоого удаа эле Социал-демократиялык фракция башкаруучу коалициядан чыкканын жарыялады. Муну менен коалиция тарады. Эми президент кайсы бир фракцияга коалиция түзүүнү тапшырат. Жаңы коалиция төрт фракциядан тураары айтылууда. Анын алдында өкмөт башчылык жана төрагалык кызмат үчүн айыгышкан күрөш жүрүүдө. Анын бир көрүнүшү катары 30-ноябрда “Ата Мекен” фракциясынын төрага Акматбек Келдибеков менен кайым айтышын атоого болот.

“Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Азамат Арапбаев “Ата Мекендин” чабуулун төрагалык үчүн күрөш катары баалады:

- Чабуулдар аябай эле көп болуп жатат. Мына ошондой чабуулдардын бири деп кабыл алып жатабыз. Бирок алардын эч кандай негизи жок. Анын максаты биздин лидерди, төраганы каралоо болуп жатат. Аны “Ата Мекендин” лидери ишке ашырып жатат. Мунун артында төрагалык орунду алуу максаты турат. Мен муну ачык эле айтайын.

​​“Ата Мекен” фракциясы Акматбек Келдибековду "криминалдык төбөлдөр менен жакын болгон", "KG номерлерди ар кимге берген", "кеңешчилерин ыксыз көбөйткөн", "бай-манаптык жорук-жосундарга барган", "шектүү учактар менен бир нече өлкөлөргө чыккан" деп айыптап, мына ошолордун негизинде ишеним көрсөтпөй турганын жарыялады.

“Ата Мекен” фракциясы бул маселени палатанын кароосуна алып чыгууга камданып жатканын фракция мүчөсү Туратбек Мадылбеков тастыктады:

- Эми жакында парламентке чыгат. Маселе парламентте каралат.

Белгилей кете турган нерсе, Өмүрбек Текебаев Акматбек Келдибековдун ордуна барбай турганын билдирди. “Ата Мекендин” лидеринин көздөгөнү башкаруучу коалициянын лидери болуп жатканы айтылууда.

Бюджеттеги кошумча-алымчалар

Мына ушундай күрөштүн жүрүп жатканына карабай президент жана парламенттин алдында аракетке жөндөмдүү өкмөт түзүү милдети турат. Муну өлкөдөгү финансы-экономикалык кырдаал талап кылып жатканын эксперттер эскертип жатышат. Анткени бюджеттин тартыштыгы чечиле элек.

Өкмөт быйылкы жылдын он айында бюджеттин киреше бөлүгүнө 50 млрд. 274 млн. сом түшүп, ал 100.7% аткарылганын, тартыштык болгону  7 млрд. 136 млн. сомду түзүп калганын билдирип чыкты. Ал эми октябрь айында бюджетке өзгөртүү жана кошумча киргизилгенде тартыштык 20 млрд. 800 млн. сом деп белгиленген эле.

​​Өкмөт тартыштыкты 13 млрд. сомдон ашуунга эмненин эсебинен азайтканы белгисиз. Ал эми айрым депутаттар, өкмөт айлык акылар үчүн каражат таап, ал эми капиталдык салымдарды каржылоону токтотуп койду деген пикирди айтып келет.

Бюджет тартыштыгынын айланасындагы сандардын жеңил-желпи өзгөрүүсү бюджеттин начар түзүлүүсүнөн кабар берерин адистер белгилешүүдө.

Экономист Азамат Акелеев бюджеттин айланасындагы өзгөрүүлөргө мындай ой-пикирин билдирди:

​​- Бул жерде чоң маселе жатат. Ал бюджеттик жараяндын ачык болбошуна барып такалат. Бюджет кантип түзүлгөнү эч кимге белгисиз. Ошондуктан ушундай маселелер чыгып жатат. Башында бир долбоорду беришет. Анан аягында башкача болуп калды. Мына 13 млрд. сомго айырмасы чыгып жатат. Андан да көп суммага айырма болууда. Анткени тартыштыкты жаап, ал эмес 2 млрд. сом  профицит болот деп жатышат. Мындай ресурстар каяктан табылып жатканы мага белгисиз. Эмнеден үнөмдөлүп жатканы маалым эмес. Ошондуктан суроолор көп жана бул бюджеттин жараяндын ачык-айкын болбой жатканынын белгиси.

Өлкөдөгү оор финансы-экономикалык абалга карабай өкмөт башчылык үчүн умтулгандар арбын. Алардын эң алдыңкы сабында “Республиканын” лидери Өмүрбек Бабанов келатат.

“Ата Мекен” фракциясы бул кызматка Жоомарт Оторбаевдин талапкерлигин сунуштаарын ачык айта баштады. Башка фракциялар, топтор да өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтүп, өкмөт башчы жумшак рейтинг менен аныкталчудай.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Жамал каяктан: Ош базар
07.12.2011 10:18
Жүдөгөр кыргыз туура айтасын Кыргыздын чыган марзаларынын күнү Талиева К да калган болсо, анда эртеңки келечектен үмүт кылбай эле койгон оң. Мен сыйлаган Кулов бир катынга тен келе албаса анда жөүдөп эшик артында калп канулаганда эмне. АША кудай буйруп , кыргыздын Ханы болуп отурат, Кыргыз кылым карыткан уулу эл, ошону менен бирге жалганды кечирбейт, туура эмес саясат жүргүсө анда өзүнүн шору буга тарых күбө. Чу дегенде эле кадрларды элге жакпагандарынан баштады, Атахановду алып келип ага жемкорлука каршы күрөш деп айтышы, ансыз деле күч органдар ар мекемеге кирип экономикага көзөмол деп план түзүп алышкан, алар көзөмөл кылышпайт, чон суммадагы акча талап кылат же болбосо дела ачып кураган бир кызматкерди камап тынат. Бүгункү күндүн орчунду орусу ушул болуп калган. Бул көрүнүшкө Атаханов кошулса анда дагы бир орган жемкорлука кошулганы.
Урматтуу депутаттар ! Силер эмне эле болуп жатасынар Элден уялсанар боло. Ар бир сүйлөгөндө абайлап айтсанар 5 мил эл силерди карап, угуп турушат, баа беришет, кеде силер суйлоп жатканда мен уялып кетемин Кыргыздын каймактары.

кимден: Жудогон кыргыз каяктан: базар
06.12.2011 12:28
Армандуу дуйно! Ар Намысты Ар Намыс катары туптогон ким эле? Бугун Алмазбек Шаршенович лидер катары Камила Талиева менен коалицияны талкуулаптыр, Феликс мырза, мынча эмне кайратыныздан кайттыныз? Чогологуло мырзалар, бийликке, байлыкка кул болгонунар качан, чогологуло! Элдин тагдыры ОБОНдон чыккан Камиланын колунда болсо кедерибиз кеткениби?

кимден: Кеша каяктан: Ош
05.12.2011 14:59
Ушунттип олтурса экономиканы алдыга алып чыкмак беле, Бакиев учурунда дагы ""Ак жолун" парламенттке олтургузган мунусунда деле ошо корунуш, иштегенине жараша мактоого татыйт да, эгер иштей албаса аны жумуштан алыш оной пикетке чыгып эле элибиз деле тушунуп калбадыбы.

кимден: Мекендеш каяктан: Бишкек
05.12.2011 13:53
Дон, сенин эмне козун ачыкпы, Атамбаевдин ишинин бутуп калганын сен талдай албайсын, сендей билимсиз адамдардын тилегдери оорундалбай, ал мыкты президент болуп чыксын. Жакшы команданы чогултуп, таш менен урган душмандарына аш менен жооп берип, озунун улукман адам экенин далил кылсын. Биздин эл бул саясий оюндардан алыс, бизге тынчтык, онуккон олко болсо экен деп эле отурабыз. Атамбаевге убакыт керек, биздин азыркы учурда олкобуз эн оор абалда турат, бул оордубуздан жылыш учун кем дегенде 2-3 жыл керек болот, бул бир ай же болбосо бир жылдын ичинде чечиле турган кырдаал эмес. Элибизге акыл берип, келген президентибизди колдоп, боло турган премьерибиз, парламент башчыбызды Атамбаевдин иштерин колдогон, алдыга жылдыра турган мекени учун кызмат кыла турган адамдар келсе экен деп ниеттенбиз.

кимден: Доор Аян каяктан: Тоолор
05.12.2011 13:09
Алакан жайып Алладан тилеп жакшылык
Ак кадам шилте, замана турат шаштырып
Үлпүлдөп турган үмүтүн элдин өчүрбөй
Үлгү бол өзүн, жаныңды үрөп, карч уруп!

кимден: мусапыр каяктан: россия
05.12.2011 11:48
ее биздин чондор бизди еч качан ойлобойт окшойт кайра еле бийлик талашмайлар башталган турбайбы. жаш кырчындай балдарыбызды россияда олтуруп койушуп жатат ошолорду корсок да башыбызды сайип койуп иштеп журобуз озубуздо ушундай

кимден: Осмонакун каяктан: Алайку
05.12.2011 00:54
Макал бар эмеспи -"Кайгысы жок кара сууга семирет, катыны жок кыздуу үйгө теминет". Эмнегедир "А" дегенде эле ушул эсиме келди. Аскар Акаев жаңыдан Президент болгондо жупуну шым-костюм, өңү кечеги курсагы чала тойгон аспирант, басканы машинеси жок квартирада эптеп оокат кылып жаткан советтик кыргыз интелигенциясы. Аялы Майрам эскирип калган жакалуу пальтоосу менен уул-кыздарын окшош кийнидирип алып оокаттын кыйынчылыгынан мойун сунуп айласыздан калп күлүп сылык болумуш бологонго аракет кылар эле. Аны апчеси Нанаева, Жоомарттын энеси, элге кошууга аракеткылып аткан. Бир-аз кол кабыш кылып аспиранты Кубанычбек килем-силемдерин тазалап турчу, сыпайы жигит эмеспи. Курманбек Бакиев бийлик-оппозицияны кайра-кайра алмаштырып, жаңы Президенттикке издетип атып манты жеп жаткан жеринен араң таптыргызып келди эле. Үсөн Сыдыков акасынын ошондо жининин келгенин - "тапкыла, анын курсагы качан тойот" деп ачуланганы. Курсагы Акаев менен Бакиевтики бат эле тойду, жылтылдап өңдөрүн май басты, экөө тең кыргыдын балдары эмеспи, "жылкы эт" экен. Аялдары турса дагы бири Качиева-сачиеваларга, экинчиси эптеп жыртык болсо. Макулуктар, булардын президентикке чейинки көргөн күндөрү чындап эле боор ооругудай болсо керек.
Роза Отунбаева кеткичекти өңү-кейпин оңдоп алды - жарашабы, же жарашпайбы кийимдерин алмаштырганга үлгүрдү, өңү мурдагы экөөнү бат эле кууп жетти. Кыргызстанга, элине бул үчөөнүн бир эле арманы бар - эмнеге элүү жыл Президент болбодум, балама мурас кылып калтырып кетпедим деген.
Азимбек туура кылдымбы деп сурайт орден албай койгондо - туура, Азике! Милийса болсоң да кееде туура иш кыласың - андан көрө доллар менен беришсе боло. Баса, орденди тарыхта Напален ойлоп тапкан - "ушул жылтырак темирлер менен чинониктерди каалагандай башкарам" деп. Азике дурус кылды, ойлонтуп баарыбызды - "молдонун айтканын кылбай, жасаганын кыл". Эмкиде дагы бир "революция" чыгып кетсе сөссүз Азимбектин жанында болуш керек!
Алмаз Атамбаев айырмаланып адегенде эле модный, кымбат костюм менен көрүнүп койду. Дагы бир өзгөчүлүгү - тамакты ашыкча жегенди билдирчүүдөй эмес, оңой менен эт албайт окшойт. Кыз-келиндер темасын Келдибеков-Текебаев-Бабановко өз тарабынан, Мадумаровко оппозицияда тарабынан белек кылып бергенсийт. Туура боду, баарын эле БАКСтай менчиктей бербеш керек, калганы деле жетишет.
Атамбаев алгачкы кадамы кадр саясаты эмес, анын Америка согуш базасын кетирем дегени. Бирок, бул ишке ашпайт - Туркияга, мисалы, АКШ согуш базасы болгону алты айга келген - мына жакында туура жарым кылым болот! Россия бул ойунун бизден баштады, максаты бирөө эле - эптеп АКШ менен соодалашуу: силерге Манас базасы, бизге Европадагы ПРОнун жоктугу. Муну Путин мене Обама жакында чечет, а биздин Президент жаңыча кеп кылат "бюджетке түшчү акчаны көбөйттүк" ж.б. жомоктор. Алмаз Атамбаев жазуучулар союзунун мүчөсү бир топ жылдан бери, кеңешчиси Фарид эмеспи. Баардыгы татар жазуучуларындыкындай болчудай окшойт.
Өзбек мамлекети менен мамиле оңдош Баткендеги жолдордун тагдырын карап прогноз түзө берелик - жол жеңилдесе эле мамиле оңоло баштады дей бер. Казак мамлекети кыргыздарды азырынча кемсинтип тура берет - жакынкы 15-30 жылда нефть абдан кенен болот, ал түгөнгөндө кыргыздын,жакын тууганы болуп чыгып келетб 2030 жылдары, туура 100 жылдан кийин тарыхый "чоң ачарчылык" болуп жүз миңдеген казактар кыргызга качып келип жан сактап калган. Казактар ошондо да тынч жүрбөй Кеминдин кызына үйлөнө калышып бизге биринчи Президентти белек кылып койбоду, сак болуш керек экен.
Пикирге жооп

кимден: Балбан каяктан: Азия
05.12.2011 15:16
Осмонакун Алайку! сизден суранабыз-дайыма кабарда болунуз.Сиз азыр ото керексиз,-кыргыз учун,чындык учун.Рахмат. Токтобонуз.
Пикирге жооп

кимден: Жудогон кыргыз каяктан: базар
05.12.2011 13:18
Беш жашка чейинки уй-булодон алалбаган билимди гимназия, академия да толтура албайт дечу, эгер бир кезде Майрам айымды жандап жургон ошол Осмонакун сен болсон, анда:"Ишенген коюм сен болсон, кепшеген оозунду урайын!"...
Пикирге жооп

кимден: МММекенил Кыргыз каяктан: Кыргызия
05.12.2011 11:37
Бул Осмонакун Акичтин Суфлеру -тоту кушу кадимки филологдун стилиндеги ойу мелжеген жерге тийген созу куйкум болгону учун кее бир ойлоруна кошулалы!1-ач курсакка нан турбайт(Корбогондун коргону курусун дегендей КУРГАК САЯСАТЧЫ СОРОЙ топчубек тУРГУНАЛИ И ЖБ.АЙТКАНДАЙ,Кул тукумундагы и башк улуттун кыргыздашып келгин болгон и2-президенти жалан уурдап менчиктештирип оз комочуно кул тартышты,уурдашт ыатышты кыргыздын уул кызыдарын,бут дуйного тентитишти тентиретип,Айрыкча Россия, казакка)Ал эми Атамбайуп Алмаз татардашуу дегендейби 2-качкан президенттин арыгын чаап колуна сууукуйуп жугуруп жургон Сатыбалдуйупту Аппарат жетекчисине дайындашы туштукту колго алам деген кыска ойу болгону менен Алинтригадан колу бошобой Усен чаол акасинан кем калбай оз комочунокул ?додолойп -топтойт, ал жарытпайт элди ,Атамбайип адашты ээрге кыйшык олтуруп ана башы мурунку кочту улантууда Эл -журт аман болсуун Шордуу кыргызым же парламент тескей алабы эми же жокпу

кимден: бакыт каяктан: россия
04.12.2011 22:03
айнанайын кыргыз калкым атамбаев мадумаров ташиеев жана ошондой эле кучтуу партиянын жетекчилери так талашпай соодалашпай биздин кыргызстандын талашпайсынарбы баткен жактан Озбекстан дагы чек арасын 3 кмга кыргызстан тарапка киргизип алышты жылдан жылга кирип эле келатышат биринчи чек ара жонундо чечим чыгарбаса... ойлонгула жогорудагы чондорубуз так качып кетпейт

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.12.2011 19:39
Атамбаев биринчи кунунон баштап ойлонуп иш алып бар антпесе элдин каары жаман .Акаевдин жана Бакиевдин артынан сени дагы жибериши мумкун.Козунду чооооон ач урматтуу падыша.

кимден: куш
04.12.2011 14:03
Бизге эми америка көп керек болуп калат американын саясаты кыргызга таза болуп орусияныкы көп кумон санолорго кеде ачык деле коз каранды кылып алууга умтулуп жатат Кыргызстан американын базасын коркпой эле 2025 жылга узарту керек буджедке акча келип турат тераризим жагынан да коркунуч жок жашайбыз
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине