Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:27

Баткен: чек арадагы айылдар жеңилдик күтөт


Бүргөндү массиви, Баткен. 2013-жыл
Бүргөндү массиви, Баткен. 2013-жыл

Баткен облусундагы Бүргөндү массивинин жашоочулары жана жергиликтүү жетекчилер чек араны бойлой жайгашкан айылдарга атайын статус берүү маселесин көтөрүүдө.

Алар “Чек арадагы айыл” статусун расмий алуу менен айылдарга инвестиция тартуу кыйла жеңил болуп, мамлекеттин каржылоосу көбөйөт деп үмүт артышууда. Анткен менен облустагы “чек арадагы айыл” атайын статусуна ээ 49 айылда дале абал өзгөрө элек.

Бүргөндү өрөөнүндө орун алган Ак-Турпак айыл аймагынын жашоочусу Бүайша Жолдошева үй-бүлөсү менен Тажикстандан көчүп келген. Ал учурда ижарага алып иштеткен жеринен тапкан пайдасы чыгашасын актабай, карызга батканын айтты:

- Эки балам бар. Аларга жөлөк пул берилбейт. Негизги эле өтүнүчүбүз бизге үлүш жер берилсе. Азыр ижарага иштеткен жерден түшкөн пайда чыгашадан ашпай жатат.

Ак-Турпак айылынын дагы бир тургуну Абдыманап Турсуматов чек ара статусунан да жергиликтүү бийликтегилердин коррупциялык иш- аракетин тыюу зарыл деген пикирин ортого салды:

- Кошуна Өзбекстандын Риштан жана Сох райондорунун жашоочулары ачык эле айыл өкмөттөргө акча берип коюп там салып, биздин жерди иштетип пайда көрүүдө. Бара-бара Өзбекстанга ушул жерлер өтүп кетиши мүмкүн да. Каалагандай жашап жатат. Биз канча жолу айыл өкмөткө, акимчиликке, прокуратурага кайрылганбыз. Эч кандай жооп жок. Атайын статус бергенге жараша байкаларлык иштер жүрүшү керек. Учурда турак жай үчүн жер участкалары, жалаң айыл өкмөт Төралиевдин туугандарына, кошматчыларга жана акчалууларга берилип жатат.

Ак-Турпак айыл аймагынын башчысы Алчынбай Төралиев болсо, жер кайрылмандарга жана башка айылдан көчүп келгендерге гана берилип жатканын айтып, аймактагы алты айылга атайын чек ара статусун ыйгаруу өтүнүчү өкмөткө жөнөтүлгөнүн билдирди:

- Буга чейин 14 айылдын төртөө гана атайын статус алган. Учурда дагы алты айылга статус берүү өтүнүчү өкмөткө жөнөтүлгөн. Бирок буга чейин атайын статус берилген айылдарга да али инфраструктураны оңдоо үчүн жардам келе элек. Албетте чек арадагы айыл деп расмий аталган соң, чет элдик уюмдардын да көңүлү көбүрөөк бурулабы деген үмүт бар.

Ушул күндөрү Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Бакыт Рыспаев Баткенде, чек арадагы айылдардын тургундары менен жолугушууларды өткөрүп жүрөт. Ал айылдарга жеңилдиктер сезилерлик болбой жатканын айтып, «Өзгөчө чек ара аймак» статусун берген мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин белгиледи:

- Баткенде бир топ айылдар статус алыптыр. Бирок ала элек да айылдар бар экен. Алган айылдарга деле жардамдар, жеңилдиктер сезилерлик болбой жатат. Эми тез арада айрым мыйзамдарга, өкмөттүн токтомдоруна өзгөртүү киргизүү зарыл. Анан айылдардагы жагдай өзгөрүү үчүн айыл өкмөттүн бюджетине жардам болушу керек.

Учурда Баткен облусунда жалпы 49 айылга «Өзгөчө чек ара аймак» статусу ыйгарылган. Ага ылайык айыл тургундарына электр энергия акысын, жер салыктарын төлөөдө жеңилдиктер каралган.

Мындан сырткары чек аралаш аймактарда жеке менчик мүлктү чет элдиктерге сатууга тыюу салынган. Анткен менен бул токтомду аткарууга чыгымдар кайсы булактан жабылары ушул күнгө чейин так көрсөтүлгөн эмес.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG