Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Күрөөканадан күйгөндөр үнү өкмөткө жетти


Өкмөт Кыргызстандагы ломбард ишмердигин жөнгө салган мыйзам долбоорун сунуштады. Расмий жүзгө жакын гана күрөөкана катталса, иш жүзүндө алардын саны миңден ашат.

Өлкөдө ломбард же күрөөкана ишмердигин тескеген бир да мыйзам жок.

Күрөөканаларды лицензиялоо 2009-жылы жокко чыгарылган. Бул жети жылдан бери каалаган адам 15 миң сомго патент алып, ломбард ачып, иштеп келе жатат дегенди билдирет.

Мындан улам өлкөдө коюлган күрөөнү 2-3 эсе арзан баалап, берилген насыянын үстөк пайызын 300гө чейин көтөрүп алгандар четтен чыгат.

Күрөөкана курмандыктары...

- Көзөмөлдүн жоктугунан булар жылдык үстөк пайызды орточо 100, керек болсо 380 пайызга чейин коюп алышты. Биздин компанияга эле онго жакын жаран кайрылып, арыз-муңдарын айтышты.
Таттуубүбү Эргешбаева

Соңку кездери кыймылсыз же кыймылдуу мүлктөрүн ломбардга алдырып, сызга отургандар көбөйдү. Алардын бири Бишкек шаарынын тургуну Руслан Мамбетов былтыр насыясын төлөй албай калганда 7 миң долларлык машинесин ломбардга коюп, акча алат. Эми болсо же автоунаасын ала албай, же насыясын төлөй албай, айласы куруп турган убагы.

- Үстөк пайызы аз ломбард дегенинен барсам 7 миң долларлык машинемди 2,5 эсе аз суммага баалады. Шашылыш насыя төлөш керек болгондуктан 3200 долларга күрөөгө койдум. Башында бир айда эле автоунаамды кайрып алам деп ойлогом. Каражаттан кыйналып убакыт өтө берди. Ай сайын 10 пайыздан 320 доллардан төлөп турдум. Ошентип тогуз айда 2900 доллар бердим. Мен төлөгөн үстөк пайыз эле негизги суммага жетип жатпайбы. Эми машинем да жок, насыядан да кутула элекмин.

Руслан Мамбетов күрөөкананы сотко берүү үчүн мыйзамдык жолду таба албай юристтерден жардам сураган. Юрист Таттуубүбү Эргешбаева Кыргызстанда Русландын кейпин кийгендер жүздөп саналарын айтат. Анын баамында, ломбард ишмердигин көзөмөлдөгөн мамлекеттик мекеменин жоктугу күрөө менен шугулданган ишкерлердин өзүм билемдигине жол ачып жатат.

Кыргызстанда күрөөгө көбүнчө машина коюлат
Кыргызстанда күрөөгө көбүнчө машина коюлат

- Көзөмөлдүн жоктугунан булар жылдык үстөк пайызды орточо 100, керек болсо 380 пайызга чейин коюп алышты. Биздин компанияга эле онго жакын жаран кайрылып, арыз-муңдарын айтышты. Мисалы, ломбарддан жүз миң сом алса, кайра ошончо кошуп беришет. Мүлктүн реалдуу баасы 10 миң сом болсо, булар 2-3 миңге араң баалашат. Негизи мыйзам боюнча үй ломбардга коюлбашы керек болчу. Бизде келишим түзүп, күрөө катары алат да, төлөй албай калганда тартып алышат. Жети жыл ичинде көптөгөн адамдар ломбарддан жабыркады. Аларды калыбына келтире албасак да, мыйзам аркылуу калган жарандардын укугун коргошубуз керек.

Мыйзам долбоорунун маңызы

Ал ортодо кыргыз өкмөтү ломбард ишмердигин жөнгө салган мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламентке жөнөттү. Жакында ал Жогорку Кеңештин жалпы талкуусуна чыгарылат. Парламент депутаты Дастан Бекешов аталган мыйзамда күрөөканаларга бир топ чектөөлөр киргизилгенин айтууда.

- Бул мыйзам күчүнө кирсе ломбарддарды лицензиялоо көзөмөлгө алынат. Каржы базарын көзөмөлдөгөн мекемелер алардын ишин тескей алат. Ошентип алардын саны да азаят. Мыйзамда бир катар эрежелер иштелип, айрым чектөөлөр каралган. Мисалы, мал жандыктарын күрөөгө коюуга тыюу салынат. Ошондуктан бул мыйзам абдан зарыл.

Деген менен күрөө ишмердигин жүргүзгөн Бишкектеги “Рос Ломбарддын” кызматкери Николай Головишкин мыйзамдын кабыл алынышына каршы. Анын пикиринде, бул тармакты ансыз деле салык кызматы текшерип, тескөөгө алып турат.

- Биз тескерисинче көп кишинин керегине жарап жатабыз. Элдер кысталышта, насыясын төгөөрдө бизден акча алышат. Азыр эч ким карызга көп суммадагы акча бербейт да. Тескерисинче, кардарлардын 60 пайызы бизге ыраазы. Ал эми бизде пайыздар анча деле жогору эмес, ашып кетсе айына 15 пайыз. Ломбард деле ишкериктин бир түрү да. Салык төлөп жатабыз. Биз күрөөканаларды тыкыр көзөмөлгө алууга каршыбыз. Депутаттар бизди да ойлошу керек.

Кыргызстанда расмий жүзгө жакын гана ломбард катталса, иш жүзүндө алардын саны миңден ашат. Байкоочулардын пикиринде, мындай ишмердикти негизинен капчыктуу адамдар жана колунда бийлиги барлар жүргүзөт. Алар мыйзамдын жокко чыгып, кабыл алынбашына кызыкдар. Анткен менен күрөөкана ээлери эч кимдин мүлкүн зордоп албаганын, жарандар өз эрки менен насыя алып жатканын айтып келишет.

Казакстанда күрөөканалар кантип иштейт?

Казакстанда кредит алып, төлөй албай калгандар соңку жылдары көбөйүп, насыя шарттарына каршы нааразылык акциялары тез-тез уюштурула баштады. Анын дээрлик баары банктардагы насыя системасына байланыштуу. Ал эми микрокредит багыты кандай? Ломбарддар кандай мыйзамдын негизинде иштейт?

Ушул жана башка суроолорго казакстандык эксперт Марат Каирленов жооп берди.

Казак күрөөканалары кандай иштейт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:29 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG