Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:49

“Ата Мекен” менен “Бир бол” тизмесин аныктады


"Ата Мекен" партиясынын курултайы. 16-август, 2015-жыл
"Ата Мекен" партиясынын курултайы. 16-август, 2015-жыл

16-августта Бишкекте “Ата Мекен” жана “Бир бол” партиясынын шайлоо алдындагы курултайы өтүп, талапкерлердин тизмелери жарыяланды.

“Ата Мекен” курултайга 600дөн ашык делегат чакырса, “Бир бол” 250гө жакын партия өкүлүн топтоду. Бул жыйындарда эки партия тең 4-октябрдагы шайлоого аттанчу талапкерлердин тизмесин жарыялашты.

Мырзакматов, Салянова жана лидер издеген Текебаев...

“Ата Мекенден” Өмүрбек Текебаев баштаган тизмени режиссер Садык Шер-Нияз, Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов, экс-баш прокурор Аида Салянова улантат. Кийинки орундарда мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев, азыркы депутаттар Жоомарт Сапарбаев, Наталья Никитенко, Бахадыр Сулайманов, Сайдулла Нышанов жана мурдагы юстиция министри Алманбет Шыкмаматов бар. Ошол эле учурда "атамекенчи" депутаттар Турат Мадылбеков менен Райкан Төлөгөнов тизмеге 80-орундан кийин илинишкен.

"Ата Мекендин" шайлоо алдындагы кадамдарын, буга чейин башкаруучу коалицияда турган партиянын жоопкерчилик маселесине карата мамилесин Бишкек Гуманитардык университетинин социология кафедрасынын башчысы, Кыргызстан социологдор ассоциациясынын вице-президенти Бакытбек Малтабаров талдайт. Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:07:08 0:00
Түз линк

Партия лидери Текебаев өткөн беш жылда “Ата Мекендин” колуна эч бийлик тийбеди деп ырастап, келерки шайлоодо бийликти да, жоопкерчиликти да колго алуу дымагын билдирди.

- Биз өкмөттү да, президенттикти да колго алышыбыз керек. Ошондо гана кетирилген кемчиликтерге, болбой калган иштерге бүгүнкүдөй актануу айта албайбыз. Бизде бийлик болгон жок, бийликтин четин да көргөн жокпуз. Биз бийликтин өгөй баласы болдук. Ошол үчүн айрым максаттарыбыз ишке ашпай калды. Анда биз бийликти толук колго алып, жоопкерчиликти да алышыбыз керек. Убаданы аткарышыбыз керек, эгер аткара албасак эл алдында, партия алдында жооп беришибиз керек.

Өмүрбек Текебаев курултайда сүйлөгөн сөзүндө 2020-жылкы шайлоодо “Ата Мекенди” жаңы лидер башкарарын айтып, азыр ордуна киши издеп жатканын кошумчалады.

Мурдагы өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев кызматта турганда парламент тараптан саясий колдоо болбой, реформалар ишке ашпай калганына арман кылды. Убагында Аида Салянова да кызматтан кетүүсүн саясий колдоонун жоктугу менен байланыштырган.

Мындан мурдараак эле “Кыргызстан” партиясы менен шайлоого барары белгилүү болгон Каныбек Иманалиевдин “Ата Мекендин” катарына кошулушу көпчүлүктү таң калтырды. Социалисттердин сабында “Дасмиянын” кожоюну Турусбек Мамашевдин кызы Айсулуу Мамашева жана жарандарды биометрикалык каттоого алуу мыйзамсыз деп айтканы үчүн иштен алынган судья Клара Сооронкулова да бар.

Бишкек гуманитардык университетинин саясат таануу факультетинин ага окутуучусу Элмира Саякбаева саясатчыларды партиялык идеология эмес, тар кызыкчылыктар бириктирип калганын айтууда.

- Кыргызча айтканда, бийликке таарынгандын баары бир партияга биригип жатат. Ошол эле учурда бири-бирине таарынып, партиядан чыккандар бар. Бир сөз менен айтканда, азыркы саясатчылар шайлоодон эптеп өтүп алуу үчүн гана биригип жатышат. Эч кандай идеологиялык кызыкчылык жок. Партиянын программасы деген түшүнүктүн өзү жок болуп калды. Электорат менен эсептешүүнүн ордуна, бири-бири менен соодалашып жатышат.

“Бир болго” бириккендер кимдер?

Ал эми “Бир бол” партиясын "атажуртчу" Мыктыбек Абдылдаев жетектейт. Кийинки орундарга Алтынбек Сулайманов, Игорь Чудинов, Чолпон Жакупова, Акылбек Жапаров, Аскарбек Шадиев, Жаныбек Бакчиев, Исхак Пирматов, Кубанычбек Жумалиев жана теле алып баруучу Лунара Мамытова кирди.

"Бир бол" партиясын, анын тизмесин жана парламентке келсе партиянын жоопкерчилик алуу жөндөмүн Кыргыз улуттук университетинин саясат таануу кафедрасынын доценти, саясий илимдердин кандидаты Чолпонбек Сыдыкбаев талдайт. Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:

Түз линк

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев “Бир болго” эски "акжолчулар" бирикти деген менен ар бири өзүнчө карт бөрү экенин эске салды.

- “Бир болго” саясий карт бөрүлөр чогулду. Булардын ар биринде жок дегенде 10 миңден шайлоочу бар. Башка партияларга мурда саясий кызмат ээлеген же коомго таанымал адамдар бириксе, “Бир болго” электораты барлар чогулду. Жириновскийди канчалык жаман көрсөк деле жети пайыз тегерегинде добуш алат. Анын сыңарындай эски "акжолчу" деп жаман көрсөк да, алардын артында колдогон эли бар.

Буга чейин “Ар-намыс”, “Республика Ата-Журт” партиялары курултай өткөрүп, БШКга талапкерлер тизмесин тапшырышкан. 25-августка чейин калган партиялар курултай өткөрүүнү мерчемдеп жатышат. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт, ага 34 партия катышуу ниетин билдирген.

XS
SM
MD
LG