Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Сейил бактын жерин саткандарга жаза жокпу?


Премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Кара-Жыгач” сейил багынын абалы менен таанышты.
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев “Кара-Жыгач” сейил багынын абалы менен таанышты.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев жана Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов баштаган бийлик өкүлдөрү борбордогу Кара-Жыгач сейил багынын абалы жана аталган жайдагы мыйзамсыз курулуштар менен жакындан таанышты.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев парктын абалын көргөн соң калаа башчысы Кулматовго эки айдын ичинде сейил бакты тартипке келтирип, мыйзамсыз курулуштарга каршы чечкиндүү чара көрүү тапшырмасын берди. Ал эң ириде буга чейин белгисиз болуп келген Кара-Жыгач сейил багынын аймагын так аныктоо керектигин белгиледи:

- Биз Кара-Жыгач сейил багынын чек араларын сөзсүз аныкташыбыз керек. Азыр тилекке каршы 215 гектардын 130у эле калды. Биз жок дегенде азыркы аймагын мыйзам менен бекитишибиз керек. Парк аймагында эч кандай чарбалык иш болбойт. Бул жерге инвесторлорду тартып, элдин эс алуусу үчүн жакшы шарттарды түзөлү деп жатабыз.

322 жер тилкеси мыйзамсыз...

Кара-Жыгач сейил багы 1883-жылы алгач түптөлгөндө аянты 215 гектар деп белгиленген. 90-жылдардан кийин парк четинен кертилип отуруп 85 гектарга кыскарган. Аталган жер тилкелеринин 12 гектары Улуттук илимдер академиясына, калгандары жеке колдорго кафе-ресторан, турак жай куруу үчүн жең ичинен берилип кеткен. Парк карамагына кирген Свердлов районунун акими Алтынай Өмүрбекова 2007-2008-жылдары жалпысынан 322 жер тилкеси мыйзамсыз берилгенин айтууда:

- Ошол жылдары Свердлов райондук администрациясы 322 жер тилкесин берүү боюнча токтом чыгарган. Негизи парк аймагынан турак жай курууга жер берилбеши керек болчу. Учурда 37 жер тилкеси боюнча иш сотто жүрүп жатат. Жер ээлери жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрылышкан, эми ишти Шаардык сот карайт.
Кара-Жыгач иретке келтирилеби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:01 0:00


Өмүрбекова кошумчалагандай буга чейинки соттук териштирүүлөрдөн кийин 40 жер тилкеси мэрияга кайтарылган.

Деген менен аталган сейил бактан кызылдай акчага жер алып там сала албай жаткандар өкмөт жана калаа башчысынан үйлөрүн мыйзамдаштырууну суранышты. Алардын бири Зууракан Ногоева 2007-жылы 4 сотых жерди 16 миң долларга сатып алган экен. Ал жердин мыйзамдуулугун тастыктаган бардык документтер бар экенин айтты:

- Мен бул жерден жер кепе сатып алгам. Чоң там салалы десек, архитектура уруксат бербей жатат. Ошол боюнча бул жактагы бир канча үй токтоп турабыз. Жердин кызыл китеби бар, Мамлекеттик каттоо кызматынан кагазыбыз бар. Эми ушул үйгө уруксат берсе жакшы болот эле. Барбаган жерибиз, какпаган эшигибиз калган жок.

Жазалагысы келгени да, жазадан оңой кутулганы да “чоңдор”

Бийлик өкүлдөрү жер тилкелерин мыйзамсыз бергендер жазага тартылат дегени менен Свердлов районунун прокурору Гүлнара Алимбаева бир токтом менен 37 жер тилкесин мыйзамсыз берген райондун тиешелүү жетекчилерине кылмыш иши козголсо да, алар мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазадан оңой-олтоң кутулуп кеткенин тастыктады:

- 2012-жылы шалаакылык жана мыйзамсыз жер берүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шаардык прокуратура тарабынан тергелип, акимдин мурдагы орунбасары Нурманбетовго, райондун мурунку архитектору Касмалиевге айыбы угузулган. Бирок аталган кылмыш иштери мөөнөтү өтүп кеткендиктен сот тарабынан өндүрүштөн кыскарган.

Алимбаева кошумчалагандай убагында Кара-Жыгач паркынын директору Сагынбай Боронбаевге да кылмыш иши козголгон, бирок анын да жаза мөөнөтү эскирип, учурда кызмат ордунда отурат.

Буга чейин бул маселени жергиликтүү эл менен бирге көтөрүп келген “Эркин эл” саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбеков тиешелүү адамдардын жазага тартылбай жатышына коррупциянын салымы чоң деген пикирде:

- Бишкек мэриясы, прокуратура аталган парктагы жерлер мыйзамсыз экенин көрүп туруп эч кандай чара колдонбой келишет. Анткени алар ар бир жер тилкесинен 5 миң долларга чейин акча алышат.

Кара-Жыгач сейил багы жең ичинен бөлүштүрүлгөн жалгыз жай эмес. Буга чейин Жеңиш паркынын чек арасын мыйзамсыз өзгөрткөн мурдагы калаа башчысы Иса Өмүркуловго кылмыш иши козголгону белгилүү. Мындан тышкары “Ата-Түрк” паркына курулган бир нече хансарай боюнча талашка эмдигиче чекит коюлбай келет.
XS
SM
MD
LG